Ош мамлекеттик университетинин долбоорлор боюнча отчёту

Аткарылып жаткан долбоордун темасы Кален-к планга ылайык этаптары Календардык план
Аткарылган жумуштун туру Аткарылган күнү Аткарылган орду Алынган жыйынтык
1 Кыргызстанда түйүлдүктүн аномалиясына таасир этүүчү факторлорду аныктоо Адабияттарга сереп Адабияттарга сереп 2024-05-01
ОшМУ Изилдөөнүн биринчи этабы жыйынтыкталды, жыйынтыгында
2 Учурда изилдөөнүн 3-этабы жүргүзүлүдү жана анализ жасалды. Илимий иш сапар 2024-09-01
ОшМУ Илимий материалдар топтолуп, анализ жургузулду
3 Түйүлдүктүн аномалияларына таасир эткен факторлорду талдоо: Биохимиялык жана ультраүндүк скринингдердин негизинде түйүлдүктүн аномалияларына таасир эткен факторлор толук анализденди. Түйүлдүктүн аномалияларына таасир этүүчү факторлор биохимиялык жана ультраүндүк скринингдердин негизинде терең анализденди. 2024-10-31
ОшМУ Кол жазманын аяктала элек версиясы даярдалды.
4 Алынган материалдардын негизинде макала даярдоо жана тапшыруу 2013–2022-жылдар аралыгындагы репродуктивдик ден соолук жана түйүлдүк аномалияларына таасир эткен факторлор боюнча маалыматтар чогултулуп, талданып, сунуштар иштелип чыкты. 2024-12-10
ОшМУ Trends In Reproductive Health and Pregnancy Outcomes In Osh Oblast: A Decade Of Data Scopus базасында Heylion журналына жөнөтүлдү
5 Учурда изилдөөнүн 4-этабы жүргүзүлүүдө жана топтолгон материалдардын деталдуу анализи жасалып жатат. лабораториялар менен иштоо 2025-02-01
2025-05-06
ОшМУ Анаализ үчүн керектүү материалдар чогулду
6 Жылдык отчет берилди Жылдык отчет берилди 2025-01-23
2025-01-23
ОшМУ Илимий изилдөөгө пайдалуу баалуу кеңештер алынды.
7 Алынган материалдар негизинде макала жазуу жана редактирлоо Кол жазма даярдоо 2025-03-01
ОшМУ Epidemiology of Birth Defects and Related Mortality in Central Asia: A Focus on Kyrgyzstan) Scopus базасында Репродуктивное здоровье. Восточная Европа эл аралык илимий-практикалык журналына жарыяланууга кабыл алынды
8 Алынган материалдар негизинде макала жазуу жана редактирлоо Алынган материалда анализденди 2025-05-01
ОшМУ Чогулган материал
9 Алынган материалдар материалдарды анализдоо Иммунологиялык факторлордун аялдардын тукумсуздугу жана кайталанган бойдон түшүүдөгү ролун изилдөө 2025-02-27
2025-05-07
ОшМУ Журнал: Trends in Immunotherapy; Жылы, саны, беттери: 2025, Т. 9, №2; https://www.scopus.com/pages/publications/105005725267?origin=resultslist
10 Алынган материалдар негизинде макала жазуу жана редактирлоо. PRISCA скрининг тестин колдонуу менен Trisomy 21 коркунучун баалоо боюнча изилдөө жүргүзүү PRISCA скрининг тестин колдонуу менен кош бойлуулуктун I триместрде (11–14 жума) 50 кош бойлуу аялда Trisomy 21 коркунучун баалоо боюнча изилдөө жүргүзүлдү; изилдөө 2024-жылдын февраль–апрель айларында Ош шаарындагы аялдар консультациясы жана клиникалык лабораторияларда өткөрүлдү; PAPP-A жана free β-hCG көрсөткүчтөрү, УЗИ маалыматтары жана PRISCA алгоритми колдонулуп, статистикалык талдоо жүргүзүлдү; жыйынтыгында Trisomy 21 коркунучунун жогорку, орточо жана төмөн деңгээлдери аныкталып, алынган маалыматтар I триместр скринингинин эффективдүүлүгүн тастыктады. 2025-05-10
2025-09-01
ОшМУ Изилдөөнүн жыйынтыктары учурда Plos One эл аралык илимий журналы тарабынан кароодо.
11 Кыргыз Республикасында түйүлдүктүн тубаса өнүгүү кемчиликтери менен байланышкан медициналык көрсөтмөлөр боюнча жасалган бойдон алдырууларды ретроспективдүү изилдөө иштери жүргүзүлдү (70 клиникалык байкоонун негизинде) Түйүлдүктүн тубаса өнүгүү кемчиликтери менен байланышкан медициналык көрсөтмөлөр боюнча бойдон алдырууларды ретроспективдүү талдоо жана илимий макала даярдоо. 2025-09-05
2025-12-25
ОшМУ «Advanced Retrospective Assessment of Medically Indicated Abortions Related to Fetal Congenital Malformations in Kyrgyzstan: Analytical Insights from 70 Clinical Observations» аттуу илимий макала даярдалып, учурда редакциялоо этабында турат. Макала Turkish Journal of Obstetrics and Gynecology эл аралык журналы тарабынан кароодо.
12 Изилдөөнүн негизги маселеси – Кыргызстан шартында түйүлдүктүн тубаса аномалияларынын таралышын жана алардын репродуктивдик саламаттык, инфекциялык оорулар, кош бойлуулукту кеч каттоо жана медициналык көзөмөлдүн жетишсиздиги менен болгон байланышын аныктоо болуп саналат. Изилдөө иштери бекитилген планга ылайык этап-этабы менен жүргүзүлдү. Баштапкы этапта эл аралык жана улуттук илимий булактарга сереп жүргүзүлүп, тубаса түйүлдүк аномалиялары боюнча учурдагы эпидемиологиялык абал талданды. Бул этапта Global Burden of Disease (GBD 2021) маалымат базасынын негизинде Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча узак мөөнөттүү тенденциялар аныкталды. Кийинки этапта клиникалык-аналитикалык изилдөө жүргүзүлүп, 2024-жылы тубаса түйүлдүк аномалияларына байланыштуу медициналык көрсөткүчтөр боюнча кош бойлуулук токтотулган 70 клиникалык учурдун медициналык документтери Кыргыз Республикасынын Эне жана баланы коргоо борборунун архивдик материалдарынын негизинде жыйналып, системалаштырылды. Бул этапта энелердин жаш курагы, паритети, гестациялык мөөнөтү, регионалдык өзгөчөлүктөрү жана түйүлдүктүн аномалияларынын түзүлүшү боюнча маалыматтар топтолду. 2024-01-08
2025-01-08
ОшМУ Жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда түйүлдүктүн тубаса аномалиялары саламаттык сактоо системасы үчүн олуттуу көйгөй бойдон калып жаткандыгы аныкталды. Global Burden of Disease (GBD 2021) маалыматтарынын негизинде 1990–2021-жылдар аралыгында тубаса кемтиктерге байланышкан оорчулуктун айрым көрсөткүчтөрү төмөндөгөнү менен, өлкөдө бул көрсөткүчтөр регионалдык орточо деңгээлден жогору бойдон калганы белгилүү болду. Бул жагдай антенаталдык жардамдын жетишсиздиги, кош бойлуулукту кеч каттоо жана аймактар арасындагы диагностикалык мүмкүнчүлүктөрдүн теңсиздиги менен байланыштуу экени тастыкталды. Клиникалык-аналитикалык изилдөөнүн жыйынтыгында 2024-жылы тубаса түйүлдүк аномалияларына байланыштуу медициналык көрсөткүчтөр боюнча кош бойлуулук токтотулган 70 клиникалык учур катталып, алардын басымдуу бөлүгүн борбордук нерв системасынын оор жана жашоого туура келбеген кемтиктери түзгөнү аныкталды. Көпчүлүк учурларда түйүлдүктөгү аномалиялар кош бойлуулуктун экинчи триместрине туура келген мөөнөттө аныкталып, бул эрте скринингдин жетишсиздигин жана адистештирилген диагностикалык кызматтарга өз убагында жетүүнүн чектелгендигин көрсөттү.
13 Долбоор жүрүшүндө эл аралык маалымат базалары менен улуттук клиникалык маалыматтарды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандагы абалды Борбор Азия өлкөлөрү менен салыштыруу жана алынган жыйынтыктарды илимий макалалар түрүндө жарыялоо маселеси коюлган. Алынган клиникалык маалыматтар талданып, PRISCA биринчи триместрдик скринингинин лабораториялык (PAPP-A, free β-hCG) жана ультраүндүк көрсөткүчтөрү менен салыштырылды. Бардык маалыматтар статистикалык иштетүүдөн өткөрүлүп, жыйынтыктары таблицалар жана графиктер түрүндө жалпыланды. Акыркы этапта изилдөөнүн жыйынтыктары интерпретацияланып, долбоордун алкагында даярдалган илимий макалаларга интеграцияланды жана эл аралык рецензияланган журналдарга жарыялоо үчүн жөнөтүлдү. Изилдөө иштеринин бардык этаптарында этикалык талаптар жана конфиденциалдуулук принциптери толук сакталды. 2025-01-08
2026-01-08
ОшМУ Изилдөөнүн жүрүшүндө алынган жыйынтыктар PRISCA биринчи триместрдик скринингинин түйүлдүктүн хромосомалык жана структуралык аномалияларын эрте аныктоодо маанилүү роль ойной турганын тастыктап, аны практикада кеңири колдонуу зарылдыгын көрсөттү. Алынган маалыматтардын негизинде тубаса кемтиктерди алдын алуу, антенаталдык жардамды жакшыртуу жана репродуктивдик саламаттыкты сактоо системасын өркүндөтүү боюнча илимий негизделген сунуштар иштелип чыкты. Изилдөөнүн жыйынтыктары долбоордун алкагында даярдалган жана эл аралык рецензияланган журналдарга жөнөтүлгөн илимий макалаларда толук чагылдырылып, долбоордун максаттары жана милдеттери толук аткарылганы тастыкталды.
Файлдын аталышы

    Project Proposal _ Abdirasulova Zh. A. - IMF, OshSU.docx

    Абдирасулова Жайнагуль.docx

    Отчет за 4 квартал 2024 года по исследованию.docx

    Отчет за 3 квартал по исследованию.docx