Ош мамлекеттик университетинин долбоорлор боюнча отчёту
| № | Аткарылып жаткан долбоордун темасы | Кален-к планга ылайык этаптары | Календардык план | |||
|---|---|---|---|---|---|---|
| Аткарылган жумуштун туру | Аткарылган күнү | Аткарылган орду | Алынган жыйынтык | |||
| 1 | Азык-түлүк коопсуздугу | Ош облусунун райондоруна экспедициялык жүрүш | Тиешелүү маалымат булактарын пайдалануу менен маалыматтардын негизинде кунарсыз жерлердин алкактуулук этаптарын жана жайгашуу картасын түзүү | 2025-09-15 2025-09-25 |
Ош облусунун 7 районунун администрациясында жолугушуу | Ош облусунун администрациясы менен биргеликте, райондук агрардык ѳнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилери, суу чарба жетекчилери, айыл-аймак башчылары, жер адистери, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын адистери менен аймактардагы кунарсыз жерлердин абалына мүнѳздѳмѳ берип, долбоордун максаттары жана күтүлүүчү натыйжаларын тааныштырып, адистердин сунуштарын эске алуу менен биргеликте иштѳѳгѳ мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ош облусунун администрациясынын жетекчилиги менен жолугушуу ѳткѳрүлүп, онлайн форматта райондун жетекчилерине түз байланышка чыгып, алар менен иштѳѳ графиги бекитилди. 18.12.2025-ж. Кара-Кулжа районунун администрациясында жогорудагы жетекчилер жана адистер менен биргеликте долбоордун негизинде талкуу ѳткѳрүлүп, бир катар тѳмѳнкүдѳй сунуштар берилди: 1. Райондун жерлерин географиялык факторлорду эске алуу менен экономикалык жактан райондоштуруу маселесин кароо; 2. Жер жѳнүндѳгү кээ бир мыйзам жана токтомдордун бири-бирине айкалышпагандыгын кароо; 3. Түздүктүү жана тоолуу аймактардагы жерлердин категориясын бийиктик алкактуулук боюнча климаттын ѳзгѳчѳлүгүн эске алуу менен вегетациялык мезгилдин узактыгын так аныктап берүү, ж.б.; 19.12.2025-ж. Ѳзгѳн районунда болгон жолугушууда негизги талкуу азык-түлүк коопсуздугунун райондук стратегиясын иштеп чыгуу; категориясы, топурактын составы, бийиктик алкактуулугу, вегетациялык мезгилдин узактыгы, суу ресурстарынын жетишсиздиги, климаттык ѳзгѳчѳлүгү (микроклимат) ж.б. Алай (22.12.25-ж), Чоң-Алай (23.12.25-ж), Араван (25.12.25-ж), Ноокат (25.12.25-ж), Кара-Суу (26.12.25-ж) райондоруна график боюнча барылып, жер-жерлердеги адистердин сунуштарын эске алуу менен биргеликте иштѳѳгѳ мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Андан сырткары кадр маселеси агроном жана суу чарбасында иштеген адистердин жетишсиз болушу негизги кѳйгѳй болуп саналат. Жүзүм жана ферула (чайыр) эгүү боюнча бүгүнкү күндѳ келип жаткан инвесторлорго жыйынтык чыгарып берүү, долбоор ѳз максаты менен иштеп жатканына негиз боло алат. |
| 2 | Долбоор алкагында адабияттарды чогултуу | Адабияттага сереп | 2025-11-10 2025-12-15 |
ОшМУ | 1. Э.А.Обдунов Продовольственная безопасность: реалии и перспективы в КР, Бишкек 2009 2. Э.А.Обдунов Продовольственная безопасность: проблемы использования земельных и водных ресурсов Ошской области Кыргызской Республики Бишкек 2010 3. Э.А.Обдунов ОЦЕНКА, использование и охрана водоземельных ресурсов Ошской области Ош-2011 | |
| 3 | Cеминар | "Азык-түлүк коопсуздугу" темасында өндүрүштүк-практикалык семинар | 2026-01-28 2026-01-29 |
ОшМУ, Борбордук Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо | Семинарга Ош башкы суу чарба башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаал министрлигине караштуу токой чарбаларынын, Кыргыз мамлекеттик жер долбоор институтунун, Ош облусундагы райондордун жетекчилери, донорлор жана ишкерлер катышты. Семинардын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынып, ишкерлер менен кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол коюлду. Бул долбоор аймактардагы айыл чарба потенциалын натыйжалуу пайдаланууга жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган. | |
| 4 | Баткен облусунун райондоруна экспедициялык жүрүш | Аймактагы кунарсыз жерлер жөнүндө маалымат берилип, ал жерлерге көчөттүн түрлөрүн өстүрүү жагы түшүндүрүлүп берилди | 2026-02-12 2026-02-14 |
Баткен облусунун 3 районунун администрациясында жолугушуу | АЙМАКТАР ӨНҮКСӨ ӨЛКӨ ӨНҮГӨТ, ИЛИМ МЕНЕН ПРАКТИКА АЙКАЛЫШКАН ЖЕРДЕ АРБЫН ЖЫЛЫШТАР БОЛОТ! Бул үчүн ЖОЖдор да, мамлекеттик бийлик да кызыкдар болушу шарт. Мындай аракеттер элге да түшүнүктүү жана жеткиликтүү болсун үчүн ОшМУнун ички гранттарынын эсебинен каржыланып жаткан “Азык түлүк коопсуздугу” долбоорунун аткаруучулары коллобарациялык изилдөөлөрдү жүргүзүү алкагында Баткен облусунун Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунун мамлекеттик админстрацияларынын Агрардык өнүктүрүү Башкармалыктары, суу чарба кызматкерлери, айыл өкмөттөрдүн жер адистери жана жергиликтүү коомчулуктардын өкүлдөрү менен жыйындарды өткөрүп келдик. “Азык түлүк коопсуздугу” долбоорунун аткруучулары заманбап агроландшафттарды түзүүнүн зарылдыгы жана аймактын экспортко багытталган таза экопродукцияларды өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн мааниси жөнүндө айтып беришти. Жолугушууларда 4.0 өзгөчө макамга ээ болгон б.а., ИЛИМ-ѲНДҮРҮШ-КОММЕРЦИЯЛАШТЫРУУну өнүктүрүүгө багыт алган Ош мамлекеттик университетинде аткарылып жаткан ар тараптуу башка долбоордук илимий-парктикалык изилдөөлөр жана иштер, аларга жыл сайын бөлүнгөн каражаттар жөнүндө да кыскача маалыматтар берилип, мындай долбоорлорду географиялык орду, климаттык жана топурак шарттары өзгөчөлөнгөн Баткен обулусунун ар бир районунда да жергиликтүү потенциалдарды жана артыкчылыктарды эске алуу менен биргелешип ишке ашыруу боюнча кызыктуу талкуулар болду. ОшМУнун аймактар менен өз ара кызматташуусу жана илимий долбоорубуздун географиясы мындан ары да ушинтип кеңейе берет деген ишеничтебиз, буюрса... | |
Файлдын аталышы
Тариф.список — 2025.docx