Ош мамлекеттик университетинин долбоорлор боюнча отчёту

Аткарылып жаткан долбоордун темасы Кален-к планга ылайык этаптары Календардык план Scopus`тагы макаланын аталышы
Аткарылган жумуштун туру Аткарылган күнү Аткарылган орду Алынган жыйынтык
1 Инноавциялык питомник 1. Питомник түзүлүүчү жердин иш-кагаздарын тариздөө. Меморандумдун жана келишимдин алкагында иш-аракеттердин алгачкы этабына старт берүү. Жерди иштетүү ж.б. муктаждыктар үчүн транспорт, техникалык шаймандар менен камсыз кылуу. 1. Питомник түзүлүчү жердин иш-кагаздарын тариздөө, анын ситуациялык планы иштеп чыгуу. Жердин аянтын тосуу, сугат менен камсыз кылууну жакшыртуу, техниканы иштетүү, күзүндөсү бак отургузуу үчүн көчөттөрдү сатып алуу, аларды жайгаштыргандан кийинки асыроо, кароолдоо иштери жана электр менен камсыз кылуу. 2. Мындагы скважинанын айланасын бекемдеп тосмолоо жана дарбазасын орнотуу үчүн материалдар сатып алуу. 3. Питомниктин айланасын бекемдеп тосмолоо жана сугат системасын кеңейтүү үчүн зарыл болгон материалдарды сатып алуу. Тосмолоо иштерин жүргүзүү. 2025-09-01
2025-10-10
Мады а. ОшМУнун Инновациялык питомниги. 1. Питомник түзүлүчү жердин иш-кагаздары таризделип, анын ситуациялык планы иштелип чыкты. Жердин аянтын тосуу, сугат менен камсыз кылууну жакшыртуу, техниканы иштетүү, күзүндөсү бак отургузуу үчүн көчөттөрдү сатып алуу, аларды жайгаштыргандан кийинки асыроо, кароолдоо иштери жана электр менен камсыз кылуу боюнча иштер мерчемделип, жооптуу кызматкерлерге тапшырылды.
2. Мындагы скважинанын айланасын бекемдеп тосмолоо жана дарбазасын орнотуу үчүн материалдар сатып алынып жеткирилди жана бул иштер толук жыйынтыкталды.
3. Питомниктин айланасын бекемдеп тосмолоо жана сугат системасын кеңейтүү үчүн зарыл болгон материалдар сатып алынып, питомникке жеткирилди. Тосмолоо иштери азыр да уланууда.
2 2. Питомник түптөө үчүн жерлерди даярдоо, дарактар менен бадалдардын ж.б. өсүмдүктөрдүн көчөттөрүнүн, алардын уруктарынын зарыл болгон ассортиментин аныктоо, аларды сатып алуу жана жайгаштыруу. Сезондук жумуштарды аткарууга кызматкерлерди тартуу маселесин чечүү. 1. Бак жана көчөт отургузуу боюнча күзгү иштерди жүргүзүү. Жерди сүрүп тегиздөө, айдоо жана көчөттөрдү отургузууга чуңкурларды даярдоо, өз учурунда агротехникалык жана сугаруу иштерин алып баруу. 2. Келишимдин талаптарына ылайык “Инновациялык питомник” түзүү боюнча иштердин 1-этабында зарыл болгон 425 000 (төрт жүз жыйырма беш мин) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлдурүү, бул каражаттарды сметада көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу. 2025-10-10
2025-11-30
Мады а. ОшМУнун Инновациялык питомниги. 1. Бак жана көчөт отургузуу боюнча күзгү иштер быйылкы жылдагы кургакчылыкка байланыштуу жер катмарында нымдуулуктун талаптагыдай жоктугу эске алынып, бул багыттагы иш-чаралар чектелүү көлөмдө жүргүзүлдү. Тактап айтканда, жерди сүрүп тегиздөө, айдоо жана көчөттөрдү отургузууга чуңкурларды даярдоо, өз учурунда агротехникалык жана сугаруу иштери ж.б. иштер аткарылды.
2. Келишимдин талаптарына ылайык “Инновациялык питомник” түзүү боюнча иштердин 1-этабында зарыл болгон 425 000 (төрт жүз жыйырма беш мин) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилип, бул каражаттар сметада көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланылды.
3 Илимий-изилдөөчүлүк, практикалык жана коммерциялык ишмердикте туруктуу илимий мониторинг жана практикалык тажрыйбаларды жүргүзүү, аралык илимий отчеттер менен макалаларды даярдап чыгаруу. Долбоорду аткаруунун 1-этабында илимий изилдөө иштерин жүргүзүү алкагында эл аралык илимий-практикалык конференцияларга катышып, докладдарды жасоо жана илимий макалаларды жарыкка чыгаруу. 2025-10-15
2025-11-30
ОшМУ ЖАМУ Долбоорду аткаруунун 1-этабында илимий изилдөө иштерин жүргүзүү алкагында эл аралык илимий-практикалык конференцияларга катышып, докладдар жасалды жана 2 илимий макала жарык көрдү:
1. Инновационные питомники в новых условиях выращивания посадочных материалов. Статья. Материалы международной научно-практической конференции “Инновации и партнерство в устойчивом развитии: Зеленая экономика и экология”, посвященной к 65-летию д.б.н., профессора Б.К.Кулназарова. ОшГУ, 2025.
2. Ош шаарынын жогорку окуу жайларынын кампустарынын (аймагынын) жашылдандыруу системасын изилдөө жана жакшыртуу. Статья. Материалы международной научно-практической конференции “Актуальные проблемы взаимодействия экосистем, альтернативных источников энергии в условиях изменения климата”. КР нын УИА нын Кабарлары. Атайын чыгарылыш. Манас, 2025.
4 ОшМУда өткөн ГРАНТТЫК ДОЛБООРЛОРДУН ИЛИМИЙ КӨРГӨЗМӨСҮ – 2025 ОшМУда өткөн ГРАНТТЫК ДОЛБООРЛОРДУН ИЛИМИЙ КӨРГӨЗМӨСҮ – 2025 "Инновациялык питомник" долбоорлор менен катыштык. Азыркы учурдагы климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында тоолуу өлкөбүздөгү геологиялык коркунучтардын бири болгон жер көчкүлөрдүн алдын алуу жана алардын кесепеттери менен күрөшүү, о.э. шаарларды жана турак-жай конуштарын жашылдандырууда, тоо аймактарын токойлотууда инновациялык технологиялар аркылуу өндүрүлгөн көчөттөр менен камсыз кылуу багытындагы агро-токоймелиоративдик иш-аракеттерибиздин жыйынтыктары боюнча аткарылып жаткан иштердин жыйынтыктарын көрсөттүк. 2025-11-30
2025-11-30
ОшМУ Долбоордун жасап жаткан иш-аракетин көргөзмө аркылуу тааныштыруу
5 ОшМУнун ички гранттарынын эсебинен Баткен облусуна иш-сапар ОшМУнун ички гранттарынын эсебинен каржыланып жаткан “Инновациялык питомник” долбоорунун аткаруучулары коллобарациялык изилдөөлөрдү жүргүзүү алкагында Баткен облусунун Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунун мамлекеттик админстрацияларынын Агрардык өнүктүрүү Башкармалыктары, суу чарба кызматкерлери, айыл өкмөттөрдүн жер адистери жана жергиликтүү коомчулуктардын өкүлдөрү менен жыйындарды өткөрүп келдик. 2026-02-16
2026-02-18
Баткен облусунун Кадамжай, Лейлей, Баткен райондору “Инновациялык питомник” долбоорубуздун өлкөнүн түштүк аймактарында учурдагыдай климаттын өзгөрүү шарттарында тоо экосистемаларындагы өзгөрүүлөрдү изилдөөгө, бийиктик зоналдык өзгөчөлүктөргө ылайыкташкан тоо питомниктерин көбөйтүүгө, бул үчүн мүмкүнчүлүктөрдү туура өздөштүрүп пайдалануу, инновациялык агротехнологияларды колдонуу аркылуу жерди натыйжалуу иштетүү боюнча практикалык тажрыйба алмашуу, өлкөнүн аймактарындагы алдыңкы тажрыйбаларды кеңири жайылтууга багытталгандыгына токтолдук
6 Өзбекстан мамлекетине иш-сапар ОшМУнун ички илимий долбоорлорду каржылоо программаларынын алкагында "Инновациялык питомник" долбоорлордун календардык планга ылайык кезектеги илимий иш сапарыбызга Оштон жөнөп, коңшу Өзбекстандын Анжыян, Ташкент жана Каракалпакстан автоном республикасынын Нукус , айтылуу Арал деңизинин жээгиндеги бир кездердеги гүлдөп өскөн өнөр жайлуу, бүгүнкү күндө экологиялык трагедиянын, ар тараптуу соода-экономикалык кризистин кучагында калган Мойнок шаарларында болуп келдик. 2026-02-24
2026-02-28
Андижан, Ташкент, Каракалпакстан, Нукус, Арал деңизи Долбоор аркылуу көчөт өндүрүү жана токойлоштуруу бонюча тажрыйба алмашуу
7 Көчөт отургузуу акциясы уюштурулдуу ЖАЗДЫН ЖАРКЫРАГАН БҮГҮНКҮ КҮНҮНДӨ НИЕТИБИЗГЕ ЖАРАША ЖАКШЫ АДАМДАР ТОПТОЛДУК, ЖАКШЫ СӨЗДӨР КӨП БОЛДУ, ЖАКШЫ ИШТЕР ДА АТКАРЫЛДЫ! ОшМУнун Инновациялык питомнигинде бак отургузуу акциясына Президенттин Ош облусундагы ыйрагым укуктууу өкүлү, Кара-Суу райондук администрация жетекчилиги, Баш-Булак айыл-аймагы, долбоор өнөктөштөрү Ош токой чарбасы, ОшМУнун айыл-чарба колледжи, ТДТАТИнуну жамааты ж.б. катышышты. Бардык тараптарга ыраазычылык билдиребиз! 2026-03-17
2026-03-17
Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булай айыл-аймагынын Мады участогу 400 түп гиларс, 200 түп түрдүү мөмө-жемиш жана 200 түп жүзүм отургузулду. Ысык-Көлдөн алынып келинген карагат 500 түп ж.б. отургузулду
8 Кыргызстандын Токойчулар Форуму ТОКОЙ ДЕГЕНДЕ ТОКТОБОЙ ЭКИ КҮН СҮЙЛӨДҮК...БИЗ ТОКОЙДОРДУ САКТАСАК, АЛАР БИЗДИ САКТАЙТ! ОшМУнун Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар Консалтинг Борбору аткарып жаткан "Инновациялык питомник" долбоору боюнча анын жетекчиси доцент Аккулов А.У. кеңири маалымат берди. Орусиялык ишкерлердин мыкты презентациясынан соң алардын тажрыйбаларын биздин шарттарда колдонуу жана өлкөбүздүн ар кайсыл аймактарынан келген токой кызматкерлери, токой дарактарын өстүрүү боюнча питомник уюштурган жеке ишкерлер ортосунда жакшы диалог болду. 2026-03-27
2026-03-28
Кыргызстандагы токойлорду өнүктүрүү, токой питомниктерин жайылтуу багытындагы ишмердиги менен коомчулукта өз ордун тапкан "Ак-Терек Гарден" (Agrogeroi) ЖЧК жана Орусиянын АгроЛес компаниясы тарабынан уюштурулган "Кыргызстандын Токойчулар Форуму" Ысык-Көлдүн Каракол шаарында болуп өттү. Өлкөнүн түндүк аймактарында ийне жалбырактуу токой породаларынын көчөттөрүн өстүрүү технологияларына байланышкан кызыктуу талкуулар болуп, токойду көбөйтүүдөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары, о.э., тийиштүү тараптар менен бизнес-келишимдерди түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.
9 Инновациялык питомникте ишембилик КЕЧЭЭ КҮНҮ ӨТКӨРҮЛГӨН ИШЕМБИЛИКТЕР ЖЕРГЕ ПАЙДА, АЙЛАНА ЧӨЙРӨ ТАЗА, ЖАШЫЛ БОЛСО ЭЛГЕ ПАЙДА!... Бизде болсо ишмердигибизге байланыштуу аптанын дээрлик ар бир күнүндө эле ИЛИК болуп аткан учур (Дүйшөмбүлүк, Шейшембилик, Шаршембилик, Бейшембилик, Жумалык, Ишембилик, Жекшембилик) ОшМУнун Инновациялык питомнигиндеги кезектеги өткөрүлгөн ИЛИКтен көрүнүштөр... 2026-04-19
2026-04-19
Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булай айыл-аймагынын Мады участогу Жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жандандыруу
10 “Эл аралык толеранттуулук үчүн (FTI)” фонду менен кызматташтык жүргүзүү “Эл аралык толеранттуулук үчүн (FTI)” фонду тарабынан “CLIMPSE – климат, тынчтык жана коопсуздук” долбоорунун алкагында “Климаттык өзгөрүү жана жергиликтүү коомчулуктун ролу” аттуу тегерек стол 2026-05-19
Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагына барып катышышты ОшМУнун ботаникалык багынын директору, доцент В.Б.Эрматова жана физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК кафедрасынын доценттери А.У.Аккулов, Э.А.Обдунов, окутуучу Р.Р.Шаимкулова катышты. Иш-чарага окумуштуу-эксперттер, экологдор, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, суу ресурстары, жайыт жана токой чарбасы тармактарынын адистери, ӨКМ өкүлдөрү, депутаттар, райондук билим берүү бөлүмү, климат, тынчтык жана коопсуздук маселелери боюнча адистер катышышты.
🎯 Иш-чаранын максаты:
• Климаттык өзгөрүүлөрдүн жергиликтүү коомчулукка тийгизген таасирин талкуулоо;
• Мамлекеттик, муниципалдык органдар менен эксперттер жана жергиликтүү лидерлер ортосунда диалог аянтчасын түзүү;
• Суу ресурстары, жайыт, токой чарбасы жана өзгөчө кырдаалдар боюнча көйгөйлөрдү аныктап, климаттык тобокелдиктерди азайтууга багытталган биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу.
Бул тегерек стол климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөштө илим, жергиликтүү бийлик жана коомчулуктун биргелешкен аракетинин маанилүүлүгүн көрсөттү. Климат, тынчтык жана коопсуздук: жергиликтүү деңгээлдеги маанилүү диалог…
11 “FTI” фонду тарабынан “CLIMPSE – климат, тынчтык жана коопсуздук” долбоору менен кызматташтык жүргүзүү 🌿 ОшМУнун ички гранттарынын долбоор жетекчиси, доцент А.У.Аккулов, “FTI” фонду тарабынан “CLIMPSE – климат, тынчтык жана коопсуздук” долбоорунун алкагында “Климаттык өзгөрүү жана жергиликтүү коомчулуктун ролу” аттуу тегерек столдо доклад жасады 2026-06-27
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу С.Атабеков айыл аймагында Иш-чарада айыл аймак башчысы, жетектөөчү адиси, жайыт жана токой чарбасы тармагынын адиси, аялдар кеңеши, мектеп мугалимдери, окуучулар жана аталган долбоордун адистери жолугушту. Климаттык өзгөрүүлөрдүн жергиликтүү коомчулукка тийгизген таасирин, суу ресурстары, жайыт, токой чарбасы, өзгөчө кырдаалдагы тобокелдиктерди азайтууга багытталган маселелер жана азык-түлүк коопсуздугу (элди натуралдык, ГМОсуз мөмө, жер жемиштер менен камсыз кылуу иш-аракеттерин жайылтуу) да талкууланды. Жашыл келечек үчүн климатты сактоодо жергиликтүү коомдун ролунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
12 Эң агрардуу район – Араванда экологиялык агартуу иш-чарасы өттү ОшМУнун ТооЭкоКонсалтинг борборунун директору, доцент А.У.Аккулов баштаган окумуштуу-адистер жана эксперт, доценттер Э.А.Обдунов, З.Э.Шербаева, В.Б.Эрматова жана Р.Р.Шаимкулова Араван районунун Достук айылдык-аймагында райондук деңгээлде Эл аралык толеранттуулук үчүн фонду (FTI) тарабынан «Климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу коомду түзүүдө аялдардын ролу: жергиликтүү демилгелер жана биргелешкен аракеттер» аттуу тегерек столго катышышты. 2026-07-17
Араван районунун Достук айылдык-аймагында Тегерек столго экологдор, климат боюнча эксперттер, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, суу ресурстары, жайыт жана токой чарбасынын адистери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл чарба департаменти, фермерлер, ишкер аялдар, жаштар жана «Айтирек» аялдар топторунун өкүлдөрү келип, климаттык өзгөрүүлөрдүн себептери, анын айлана-чөйрөгө, суу ресурстарына, айыл чарбасына жана жергиликтүү калктын жашоо-турмушуна тийгизген таасири, айыл-аймактарда таштандыны тазалоо иштерин жакшыртуу, климаттык тобокелдиктерди азайтуу жана алдын-алуу боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулап, практикалык сунуштарын бөлүштү.
💦 Өзгөчө көңүл сууну үнөмдөө, азык-түлүк коопсуздугу, жашылдандыруу, климатка ылайыкташкан айыл чарбасы жана аялдардын климаттык демилгелерин колдоого бурулду. «Чечимдер дарагы» интерактивдүү көнүгүүсүнүн жүрүшүндө катышуучулар өз аймактарындагы негизги көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгышты.
🎯 Талкуунун жыйынтыгында суу ресурстарын үнөмдөө боюнча жергиликтүү иш-чаралар планын иштеп чыгуу, тамчылатып сугаруу технологияларын жайылтуу, жашылдандыруу иштерин күчөтүү, экологиялык билим берүүнү өнүктүрүү жана аялдардын жашыл демилгелерин колдоо боюнча биргелешкен сунуштар кабыл алынды.
✍️ Климаттын өзгөрүшү – ар бирибизге тиешелүү маселе. Аны жеңүү үчүн мамлекеттик органдардын, эксперттердин, жергиликтүү бийликтин жана коомчулуктун, айрыкча аялдардын биримдиги жана демилгеси эң чоң күч болуп саналат.
13 ОшМУнун ички гранттык долбоорлорунун иш-аракеттери Ысык-Көл областында... Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында "Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун жана тоо экосистемаларын климаттык өзгөрүүлөр шартында сактоонун көйгөйлөрү" аталышындагы илимий-өндүрүштүк семинар болду. 2029-08-13
2026-08-15
Ысык-Көл облусундагы 5 район ОшМУнун ички гранттарды колдоо программасынын негизинде “Азык-түлүк коопсуздугу” (жетекчиси, доцент Э.А.Обдунов, аткаруучулар, доценттер З.Э.Шербаева, А.С Куйчиев, окутуучулар Ж.Токтосунов, Р.Р.Шаимкулова) “Инновациялык питомник” (жетекчиси, доцент А.У.Аккулов, аткаруучу, Ош токой чарбасынын директору Т.Н.Боркошов) жана “ОшМУнун Ботаникалык багына павловниянын сортторун интродукциялоо, анын биологиялык, экологиялык-экономикалык өзгөчөлүкөрүн изилдөө” (жетекчиси, доцент В.Б.Эрматова), мындан сырткары, КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин колдоосу менен “Жер көчкүлөрдөн деградацияланган кыртышты калыбына келтирүү: Климаттын өзгөрүү шарттарында тоо экосистемаларын сактоо үчүн токой мелиорациялык иш-аракеттерди жүргүзүү жана биорекультивациялоо” (жетекчиси, доцент А.У.Аккулов, аткаруучулар, профессор Б.Н.Шамшиев, доцент З.Э.Шербаева, окутуучу Р.Р.Шаимкулова, Ош токой чарбасынын директору Т.Н.Боркошов) аткарылып жаткан илимий-изилдөө иштеринин алкагында илимий-өндүрүштүк семинар өткөрүлдү.
Семинарга ОшМУнун Илим жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы, доцент Н.Н.Курбанбаева, КРнын Президентинин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Э.Т.Атабаев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Ж.Т.Ормонов, райондордун айыл аймактарынын башчылары, жооптуу кызматкерлери менен тиешелүү адистери, ЖОЖдордун өкүлдөрү жана өлкөбүздүн түрдүү аймактарынан келген жеке ишкерлер катышты.
14 Ош токой чарбасынын Беш-Конуш көчөтканасында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан каржыланып, ОшМУнун ТооЭкоКонсалтинг Борбору тарабынан аткарылып жаткан "Жер көчкүлөрдөн деградацияланган жерлерди калыбына келтирүү: Климаттык өзгөрүүлөр шарттарында тоо экосистемаларын сактоо үчүн токой-мелиоративдик иш-аракеттерди жүргүзүү жана биорекультивациялоо" илимий долбоорунун алкагында илим изилдөөчүлөр профессор Бакытбек Шамшиев, доценттер Элмурат Обдунов, Венера Эрматова, Абдижапар Аккулов жана Ош токой чарбасынын директору Талант Боркошов менен биргеликте токой чарбанын учурдагы жалпы иштери, айрыкча токой жайгаштыруу боюнча жаңы методдорду пайдалануу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, алдыга мерчемделген пландары, бул тармакта илим менен практиканы айкалыштырчу өнөктөштүк жөнүндө маселелерди талкууладык. 2026-09-05
Кара-Суу району Токой чарбасынын Беш-Конуш көчөтканасында жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышып, көчөтканалардын санын жана аянттарын арбытуу, токойлорду көбөйтүү үчүн өстүрүлүп жаткан көчөттөрдүн породалык курамын байытуу, ошондой эле, тоо экосистемаларын сактоодо мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде чарба жүргүзүүнүн альтернативалык (жаңы) формаларын, анын ичинде экотуризмди кеңири жайылтуунун мүмкүнчүлүктөрүнүн жана артыкчылыктарынын келечектүүлүгүн баса белгиледик.