Ош мамлекеттик университетинин долбоорлор боюнча отчёту

Аткарылып жаткан долбоордун темасы Кален-к планга ылайык этаптары Календардык план
Аткарылган жумуштун туру Аткарылган күнү Аткарылган орду Алынган жыйынтык
1 Бисингулярдык козголгон маселелер жана алардын колдонулуштары (01.01.2024-31.12.2024) 1) Рейсстин теңдемесинин чыгарылышынын асимптотикасын тургузуу; 2) Илимий жыйынтыктардын негизинде Лобачевский математикалык журналына жана Евразиялык математикалык журналына макалалар жөнөтүлдүмакала даярдалып жөнөтүлдү.Макала даярдалып 2024-03-01
ОшМУ ЭАББПЖМ Биринчи тартиптеги бисингулярдык маселенин толук асимптотикалык ажыралмасы тургузулду. Коши маселесинин өзгөчөлүгү туундунун алдында кичи параметр бар, Ал эми каралып жаткан аймакта туруктуулук шарты бузулат. Чек ара функциясынын ыкмасын модификациялоо менен Кошинин маселесинин чечиминин асимптотикасы тургузулду. Ажыралманын калдык мүчөсү Л.С.Понтрягиндин комплекстик тегиздикке чыгуу идеясын колдонуу менен бааланды.
2 2) Аралык катмарлардын жашашынын жетиштүү шарттарын табуу. 1) Эл аралык Кыргыз-Өзбек университетинин Ала-Букадагы коллежинин 25 жылдыгынын мааракесине арналган илимий практикалык конференцияда доклад жасалды (07.06.24). 2) Скопус базасындагы журналга макала даярдалууда. 2024-06-30
ОшМУ ЭАББПЖМ Биринчи тартиптеги СККДТ үчүн аралык катмарлардын жашашынын жетиштүү шарттары табылды.
3 3) А.Х. Найфенин көп зоналуу маселесинин чыгарылышынын асимптотикасын тургузуу 1) Илимий жыйынтыктардын негизинде Лобачевский математикалык журналына жана MMS журналдарына макалалар жөнөтүлдү. 2) Математикалык логика жана Maple окуу колдонмосу КР ББИМ министрлигинин грифи менен басмадан чыкты. 2024-10-30
ОшМУ ЭАББПЖМ 1) Бисингулярдык козголгон маселелерде үчүнчү зонанын пайда болушунун зарыл жана жетиштүү шарттары табылды. 2) Чыгарылыштын асимптотикасын тургузуу. 3) Scopus базасында эки макала жарыкка чыкты: (1. Bifurcation Structure of the Periodically Forced Relay System; 2. Asymptotics of the Solution of the Cauchy Problem with an Unstable Spectrum and Prolonging Loss of Stability)
4 4) Бисингулярдык маселелердин чыгарылыштарынын тургузуунун жаңы алгоритмдерин иштеп чыгуу 1) 2024-жылдын 5- октябрында Коканд мамлекеттик педагогикалык институтунда конок лектор катарында 2024-11-30
ОшМУ ЭАББПЖМ Китеп 1.КР Билим берүү жана илим министрлигинин грифи меyен окуу колдонмо: Математикалык логика жана Maple (авторлор: Кожобеков К.Г., Турсунов Д.А., Мамытов А.О.); ISBN 978-9967-18-934-8 2.Монография: Жогорку тартиптеги жекече туундулуу дифференциалдык жана интегро-дифференциалдык теңдемелердин бир классы үчүн тескери маселелер (авторлор: Кожобеков К.Г., Турсунов Д.А., Мамытов А.О.); ISBN 978-9967-18-936-2 3) Окуу колдонмо: Дифференциалдык теңдемелер (авторлор: Турсунов Д.А., Садиева А.С.) ISBN 978-9967-18-950-8 SCOPUS макалалар: 1) Tursunov, D.A., Kozhobekov, K.G., Mamytov, A.O., Matieva, B.E. Solvability of One Class of Inverse Problem for Partial Differential Equations // Lobachevskii Journal of Mathematics, 2024, 45(7), 3453–3462; https://link.springer.com/article/10.1134/S199508022460410 2) Tursunov, D.A., Sadieva, A.S., Kozhobekov, K.G., Tursunov, E.A. Asymptotics of the Solution of the Cauchy Problem with an Unstable Spectrum and Prolonging Loss of Stability // Lobachevskii Journal of Mathematics, 2024, 45(3), 1309–1317; https://link.springer.com/article/10.1134/S199508022460084 3) Zhusubaliyev, Z.T., Sopuev, U.A., Tursunov, D.A., Bushuev, D.A. Bifurcation Structure of the Periodically Forced Relay System // Mechanisms and Machine Science, 2024, 167 MMS, 116–124; https://link.springer.com/chapter/10.1007/978-3-031-67569-0_1 РИНЦ макалалар 1) Турсунов Д.А., Садиева А.С. Асимптотика решения одной задачи Валле-Пуссена с нестабильным спектром // Вестник Южно-Уральского государственного университета. Серия: Математика. Механика. Физика. 2024. Т. 16. № 2. С. 72-77. https://cyberleninka.ru/article/n/asimptotika-resheniya-odnoy-zadachi-valle-pussena-s-nestabilnym 2) Турсунов Д.А., Бекмурза уулу Ы. Асимптотика решения двухточечной краевой задачи с особыми точками // Бюллетень науки и практики. 2024. Т. 10. № 8. С. 20-26. https://journal.oshsu.kg/index.php/vestnik/article/view/115 3) Кудуев А.Ж., Турсунов Д.А., Аркабаев Н.К., Оморов А.О. Эрмиттин жаңы типтеги сплайн-вейвлеттери // Федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку билим беруу мекемеси
5 Бисингулярдык козголгон маселелер жана алардын колдонулуштары (01.01.2025-31.12.2025) 1) Экинчи тартиптеги кадимки дифференциалдык теңдеме үчүн үч зоналуу бисингулярдык козголгон маселенин аисмптотикасын тургузуу Илимий жыйынтыктардын негизинде математика багытындагы илимий журналдарына макалалар жөнөтүлдү 2025-01-01
2025-03-31
ОшМУ ЭАББПЖМ Экинчи тартиптеги кадимки дифференциалдык теңдеме үчүн үч зоналуу бисингулярдык козголгон маселе изилденди. Чыгарылыштын асимптотикасы тургузулду
6 2) Эллиптикалык типтеги бисингулдярдык козголгон маселенин тышкы чыгарылышын тургузуу 1) Академик Ш.А. Алимовдун 80 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференцияга барып катышып, доклад окуп, алынган натыйжаларды талкуулап, даярдалган макаланы тапшырып келдик 2025-04-01
2025-06-30
ОшМУ ЭАББПЖМ Эллиптикалык типтеги бисингулдярдык козголгон маселенин тышкы чыгарылышын тургузуулду. Эл аралык илимий конференцияга катышып доклад окулду.
7 3) Эллиптикалык типтеги бисингулдярдык козголгон маселенин асимптотикасын тургузуу 1) Бухарада боло турган эл аралык илимий конференцияга даярдык. 2) Алынган илимий натыйжаларды жыйынтыктап макала даярдоо. 2025-07-01
2025-09-30
ОшМУ ЭАББПЖМ 1) Илимий конференцияга 3 тезис даярдалды. 2) 1 макала скопус базасындагы журналда жарыкка чыкты, юазага тушту.
8 4) Maple системасына сингулярдык козголгон маселелердин асимптотикасын тургузуу үчүн программалык код жазуу 1) 10-11 октябрь кундору Бухара мамлекеттик университетинде уюштурулган эл аралык конференцияга катышып доклад окуп келдик, тезистер жарыкка чыкты. 2) Наманган мамлекеттик университетинде 20-октябрь куну болуп откон "Жаш математиктердин жаны теоремалары" аттуу эл аралык конференцияга катышып, аспирант Сулайманов З.М. жана Мамасадиков Э. оздорунун жаны теоремаларын баяндап беришти. 3) 17-ноябрь куну Наманган Бизнес жана илим университетинде болуп откон илимий конференцияга доцент М.Орозов жана аспирант З. Сулаймановтор катышып доклад окуп келишти 2025-10-01
2025-12-31
ОшМУ ЭАББПЖМ 1) Maple системасына сингулярдык козголгон маселелердин асимптотикасын тургузуу үчүн программалык код жазылды 2) 3 илимий конф катышып докладдар окулду 3) эки илимий макала скопус базасындагы журналдарга жиберилди 4) докторант М.Орозом мн биргеликте монография даярдалды
9 Өзгөчө чекитти кармаган сингулярдык козголгон б.а. бисингулярдык козголгон маселелердин чыгарылыштарынын бир калыптагы асимптотикалык ажыралмаларын тургузуу жана жаңы алгоритмдерди, методдорду иштеп чыгуу. Cингулярдык жана бисингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелердин чечимдеринин асимптотикалык касиеттерин изилдөө маселелери каралды. Изилдөөнүн негизги максаты катары кадимки жана эллиптикалык типтеги бисингулярдык козголгон маселелер үчүн асимптотикалык чечимдерди тургузуу жана алардын структурасын аныктоо коюлду. Биринчи кезекте экинчи тартиптеги кадимки дифференциалдык теңдеме үчүн үч зоналуу бисингулярдык козголгон чектик маселе изилденди. Маселенин өзгөчөлүгү чечимдин ар кандай масштабдарда жүрүшү менен мүнөздөлүп, негизги зонада жана эки чектик катмарда өз алдынча асимптотикалык чыгарылыштар тургузулду. Алынган натыйжалар чечимдин үч зоналуу структурасын ачык көрсөтүп, чакан параметрлердин өз ара таасиринен улам пайда болгон татаал асимптотикалык жүрүм-турумду толук сүрөттөп берди. 2024-01-08
2026-01-08
ОшМУ ЭАББПЖМ Долбоордун жыйынтыгында эллиптикалык типтеги бисингулярдык козголгон чектик маселе үчүн толук асимптотикалык чечим тургузулду. Бул үчүн тышкы чыгарылыш чектик катмарлардагы ички асимптотикалар менен макулдаштырылып, жалпыланган чектик функциялар методу колдонулду. Натыйжада алынган асимптотикалык чечим чечимдин бардык аймактарында бирдей жарактуу болуп, кичи параметрге карата Пюизё катарлары түрүндө алынды. Иштин практикалык маанилүү бөлүгү катары Maple компьютердик алгебра системасында сингулярдык жана бисингулярдык козголгон маселелердин асимптотикасын автоматтык түрдө тургузууга мүмкүндүк берген программалык код иштелип чыкты. Бул код асимптотикалык эсептөөлөрдү тездетүүгө, аралык эсептөөлөрдөгү катачылыктарды азайтууга жана алынган аналитикалык жыйынтыктарды текшерүүгө шарт түзөт. Жыйынтыктап айтканда, жүргүзүлгөн изилдөөлөр бисингулярдык козголгон кадимки жана эллиптикалык типтеги дифференциалдык теңдемелердин чечимдеринин асимптотикалык теориясын мындан ары өнүктүрүүгө салым кошот. Алынган натыйжалар колдонмо математикада, математикалык физикада жана көп масштабдуу процесстерди моделдештирүүдө колдонууга ылайыктуу болуп саналат. Илимий натыйжалар козголуулар теориясында, гидродинамикада, аэродинамикада жана илимдин башка тармактарында колдонулушу мүмкүн.  
Файлдын аталышы

    20251220064816_Турсунов Д.А. ыраазычылык баракча.pdf

    20251220060524_TDA SAS Фергана, 2025.pdf

    20251220055153_Tursunov DA.pdf

    20251220055059_Сертификат член ред кол Бухара 2025_compressed.pdf

    20251220054917_Сертификат 2025 Мастер класс Бухара.pdf

    20251220054849_Турсунов ДА +.pdf

    20251220054810_Садиева А1.pdf

    20251220054730_TursunovDA1.pdf

    20251220054730_KuduevA1.pdf

    20251220054700_ЕНУ 2025.pdf

    20251220054620_Tursunov DA Ташкент 2025.pdf

    20251220053540_LOJM535.pdf

    20251220053505_TDA SAS OGA 2025 (11).pdf

    20251220052304_TOM_II.pdf

    Турсунов ДА.pdf