Дарак өсүмдүктөрүнүн санитардык –гигиеналык касиеттеринин негизинде жашылдандыруу деңгээлин баалоо шкаласын иштеп чыгуу (Ош шаарынын мисалында)

Долбоор жетекчиси тууралуу маалымат

Жетекчи:

Эркебаев Тажимамат Кудайбердиевич

Долбоорду алып чыккан факультет,институт:

ОшМУ Табигый ресурстар борбору

Кызматы:

Директор

Илимий даражасы:

биология илимдеринин кандидаты

Илимий наамы:

доцент

Акыркы 5 жылда аткарган долбоорлору:

Бул багыттагы изилдөө биринчи жолу аткарылууда. ОшМУнун окуу-өндүрүштүк корпусун гибриддик энергия менен камсыз кылуучу кубаттуулугу 60 кВт күн фотоэлектр станциясын түзүү » ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумунун алкагында ишке ашырылды. Ош мамлекеттик университети жана Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу энергиянын кайра жаралуучу булактары улуттук илимий-изилдөө институту. Долбоордун башталышы 2024-жылдын апрель айы. Долбоор 2024-жылдын сентябрында аяктаган. Долбоор ОшМУнун бюджеттен тышкаркы каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган .

Акыркы 5 жылдагы публикациялардын саны:

SCOPUS: 0

WOS: 0

РИНЦ: 5

SCOPUS ID:

0

ORCID:

347414385

Электрондук почта:

erkebaev@oshsu.kg

Долбоор жонундо жалпы маалымат

Тема:

Дарак өсүмдүктөрүнүн санитардык –гигиеналык касиеттеринин негизинде жашылдандыруу деңгээлин баалоо шкаласын иштеп чыгуу (Ош шаарынын мисалында)

Тема англис тилинде:

Development of a scale for assessing the level of greening based on the sanitary and hygienic properties of trees (on the example of Osh city )

Аннотация:

Адам баласы жашаган айлана - чөйрөнү туура жашылдандыруу - экологиялык туруктуулукту камсыз кылууда жана калк үчүн ыңгайлуу (комфорт) шарттарды түзүүдө негизги роль ойнойт. Урбанизациянын тездик менен өсүшү, өнөр жай ишканаларынын жана транспорттун көбөйүшү бардык эле шаарларда, ошонун ичинде Ош шаарында атмосферанын түрдүү заттар миенен булганышына, абадагы чаңдын көбөйүшүнө жана абанын тазалыгынын төмөндөшүнө алып келүүдө. Бул факторлор айлана – чөйрөгө гана терс таасирин тийгизбестен, адамдын ден – соолугуна да коркунуч алып кеүүдө. Айрыкча дем алуу органдарынын оорулары менен жабыркаган адамдарга, балдарга жана улгайган жарандарга терс таасирин тийгизүүдө. Бардык эле калктуу пунктарда анын ичинде Ош шаарында шаардык жашылдандыруунун сапатын баалоо жана санитардык-гигиеналык касиеттери жогору дарак өсүмдүктөрүн тандоо боюнча атайын илимий иш иштелип чыга элек. Жашылдандыруу иштеринде өсүмдүктөрдү тандоо алардын кооздугуна (декоративдик касиетине) гана карап ишке ашырылат. Тилекке каршы жашылдандырууда эске алына турган өсүмдүктөрдөн эң негизги касиети болгон (акыркы жылдары белгилүү болгон) өсүмдүктөрдүн санитардык – гигиеналык касиеттерине карап тандоо ишке ашпай келүүдө. Өсүмдүктөрдүн мындай касиеттерине; фотосинтездин интенсивдүүлүгү, фитонциддик активдүүлүгү, чаң кармоо жөндөмдүүлүгү, декоративдик сапаты, ызы-чуу үндү сиңирип алуу касиети, чөйрөнү булгоо өзгөчөлүктөрү кирет. Бул сапаттар ар түрдүү өсүмдүктөрдө ар түрдүүчө болот. Бул долбоор Ош шаарынын шартында өскөн дарак өсүмдүктөрүнүн санитардык-гигиеналык касиеттерин изилдеп, анын негизинде жашылдандыруу деңгээлин баалоо үчүн колдонулуучу шкаланы иштеп чыгууну көздөйт. Бул шкала берилген обьктилердин территориясынын жашылдандыруу деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берет. Анын негизинде жашылдандыруунун сапатын жогорулатуу боюнча сунуштар иштелип чыгылат. Жашылдандыруунун сапатын жакшырышы менен Ош шаарындагы обьектилердин территориясынын экологиялык абалы жакшырып, калктын ден-соолугуна оң таасирин тийгизүүчү ыңгайлуу шарт жаралат .

Аннотация англис тилинде:

Proper landscaping of the living environment of humans plays a key role in ensuring ecological stability and creating comfortable conditions for the population. The rapid growth of urbanization, the increase in industrial enterprises and transport in all

Ачкыч сөздөр:

Декоративдик өсүмдүктөр, фотосинтез, фитанциддик активдүүлүк, фитоорганикалык заттар, чаң кармоо, декоративдүүлүк, дарактардын чөйрөнү булгоо касиети, баалоо шкаласы, санитардык-гигиеналык кеасиет, жашылдандыруу деңгээли жашылдандыруу ассортименти.

Ачкыч сөздөр англис тилинде:

Ornamental plants, photosynthesis, phytoncide activity, phytoorganic substances, dust retention, decorativeness, environmental pollution properties of trees, assessment scale, sanitary and hygienic quality, level of greening, greening assortment.

Буюртмачы:

ОшМУ

Каржылоо булагы:

ОшМУ

Каржы-н башка булактары (бар болсо):

ОшМУнун ботаника, ЖБД жана БОУ кафедрасына караштуу Өсүмдүктөрдүн физиологиясы лабораториясы колдонулат.

Сметалык баасы:

677568

Долбоордун башталышы:

2025-09-01

Долбоордун аякташы:

2026-12-31

Долбоорду сунуштоо

Актуалдуулугу: Белгилүү бир аймакты жашылдандыруунун негизги талаптарынын бири - дарак өсүмдүктөрүнүн пайдалуу түрлөрүн туура тандоо. Жашылдандыруунун максатка ылайыктуулугу колдонулган түрлөрдүн санитардык-гигиеналык касиеттерине жараша болот. Ушул себептен айлана чөйрөнү жашылдандырууда колдонулуучу өсүмдүктөрдүн санитардык-гигеналык жана декоративдик касиеттерине көңүл буруу зарыл. Тилекке каршы, азыркы учурда ал толук изилдене элек жана жашылдандыруунун деңгээлине сандык жана сапаттык баа берүү боюнча адабияттык маалыматтар жетишсиз. Айрыкча конкреттүү дарак породасынын жана жалпысынан белгилүү бир аймакка отургузулган дарак өсүмдүктөрүнүн бардык түрлөрүнүн санитардык-гигиеналык көрсөткүчтөрүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү комплекстүү талдоо ыкмалары иштелип чыга элек. Ошондуктан, сунушталып жаткан долбоордо дарак өсүмдүктөрүнүн санитардык-гигиеналык касиеттеринин салыштырма маанилерин аныктоо жана алардын негизинде берилген територияны жашылдандыруу деңгээлин баалоо үчүн шкала иштеп чыгуу үчүн бир катар теориялык жана прикладдык изилдөөлөр каралган. Жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн максаты ар бир дарак породасынын санитардык -гигиеналык көрсөткүчтөрүн комплекстүү изилдөө жана алардын негизинде аймактын жашылдандыруу деңгээлин баалоо үчүн шкала иштеп чыгуу болуп саналат. Максатка төмөнкү милдеттерди чечүү аркылуу жетишилет: • Ош шаарын жашылдандырууда колдонулуучу дарак өсүмдүктөрүнүн түрлөрүнүн аныктоо ; • Ал өсүмдүктөрдүн санитардык-гигиеналык көрсөткүчтөрүн аныктоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү; • Ал өсүмдүктөрдүн төмөнкү касиеттеринин салыштырма маанилеринин аныктоо: 1) Фотосинтездин интенсивдүүлүгү; 2) чаңды кармоо жөндөмдүүлүгү; 3) Фитанциддик активдүүлүгү; 4) Декоративдик сапаты; 5) дарак өсүмдүктөрдүн чөйрөнү булгоо касиети. • Ушулардын негизинде берилген аймакты жашылдандыруунун деңгээлин баалоо шкаласын иштеп чыгуу ; • Тандалган аймакты жашылдандыруу үчүн дарак өсүмдүктөрүнүн ар бир түрү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; • Корутунду отчетту, ойлоп табууга табыштаманы жана илимий макаланы жарыялоого даярдоо. Дарактардын санитардык-гигиеналык касиеттерин түшүнүү үчүн ар бир көрсөткүч боюнча кыскача түшүндүрмө. Фотосинтездик активдүүлүк: Күн нурунун таасири астында клеткалардагы хлорофиллде органикалык эмес заттардан органикалык заттарды синтездөө жана кычкылтекти бөлүп чыгаруу процесси . Фотосинтез учурунда өсүмдүк көмүр кычкыл газын жана сууну өзүнө сиңирип, органикалык заттарды синтездеп, фотосинтездин кошумча продуктусу катары кычкылтекти бөлүп чыгарат, ошону менен атмосфераны кычкылтек менен байытат. Чаң кармоо касиети - дарактын абаны чаң бөлүкчөлөрүнөн тазалоо жөндөмү. Шаардын шартында имараттын айланасында, көчөдө, жолдордо жана башка аймактарда дарак өсүмдүктөрү жалбырактарында абадагы чаңдын 40-70%ын кармап калаары аныкталган . Фитонциддик активдүүлүк – өсүмдүктөрдүн бактериялардын, микроскопиялык козу карындардын, жөнөкөйлөрдүн өсүшүн жана өнүгүшүн токтотуучу же басаңдатуучу жана өсүмдүктөрдүн иммунитетинде жана аллелопатиясында чоң роль ойногон биологиялык активдүү заттарды бөлүп чыгаруусу. Бардык өсүмдүктөрдүн фитонциддик касиетке ээ, бирок алардын активдүүлүгү кээ бирлеринде төмөн же кээ бирлеринде жогору болот . Бөлүнүп чыккан фитоорганикалык заттар адамга терс таасирин тийгизип, ууланууга жана аллергияга алып келиши мүмкүн . Өсүмдүктөр бөлүп чыгарган фитонциддер абаны дезинфекциялап тазалайт жана уникалдуу микроклиматты түзөт. Декоративдүүлүк касиети: Өсүмдүктөрдүн кооздук сапаты тышкы мүнөздөмөлөрдүн жыйындысы менен аныкталат: кронасынын өлчөмү жана формасы, жалбырактардын түзүлүшү жана түсү, гүлдөрдүн жана мөмөлөрдүн өлчөмү жана түсү ж.б. Айлана-чөйрүнү булгоо касиети: Жазында жана күзүндө өсүмдүктөр көбүнчө жалбырактары, мөмөлөрү, уруктары жана гүлдөрү менен жерге түшүп, айлана-чөйрөнү булгайт. Алардын көп болушу дарактардын булгоо касиетин аныктайт. Аймакты туура жашылдандыруу үчүн өсүмдүктөрдү эсептөө жана идентификациялоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын санитардык-гигиеналык касиеттеринин жыйынтыгы боюнча жашылдандыруунун рейтингдик шкаласы иштелип чыгат. Изилдөөнүн теориялык бөлүгүндө белгилүү бир аймактагы ар бир өсүмдүктүн өз алдынча жана чогуусу менен бардык өсүмдүктөрдүн негизги параметрлерин эсептөөгө мүмкүндүк берүүчү математикалык модель түзүлөт. Дарак өсүмдүктөрүнүн санитардык-гигиеналык касиеттеринин баалуулуктарын аныктоо үчүн колдонмо программаларынын пакети иштелип чыгат.

Изилдөөнүн учурдагы абалы: Бул багыттагы маалыматтар чачкын жана изилдөөлөрдүн максаттары башка болгон. Алсак; фотосинтездин интенсивдүүлүгү, фитонциддик активдүүлүк, өсүмдүктөрдүн чаң кармоо жана булгоочу касиети, декаративдүүлүгү боюнча маалыматтар бар, бирок, жашылдандыруу деңгээлди аныктоо үчүн колдонулган эмес. Бул долбоор биринчи жолу илимий маалыматтарды бириктирип жана толуктап жашылдандыруу максатына багытталган долбоор болот.

Изилдөөнүн максаты: Долбоордун максаты ар бир дарак өсүмдүктүрүн санитардык -гигиеналык көрсөткүчтөрүн комплекстүү изилдөө жана алардын негизинде берилген обьктинин территориясын жашылдандыруу деңгээлин баалоо үчүн шкала иштеп чыгуу болуп саналат.

Күтүлүүчү натыйжалар: Долбоордун натыйжасында патент алуу пландаштырылган. Патенттин негизинде шаардагы обьектилердин айланасын туура жашылдандыруу боюнча кызмат көрсөтүүчү коммерциялык келелишимдер түзүлөт

Изилдөө методу: Долбоордун идеясын ишке ашыруу үчүн кадрдык мүмкүнчүлүктөр бар. Ош МУнун ботаника, ЖБД жана БОУ кафедрасына караштуу Өсүмдүктөрдүн физиологиясы лабораториясы колдонулат. Изилдөө үчүн кеңири колдонулуп жүргөн методдор пайдаланылат пайдаланылат (Ассимиляциялык колба методу, хромотографиялык метод, Гусевдин жалбырактарды жуу методу, маршруттук метод, микроскоптук-визуалдык методор колдонулат.). Бул методдор илимий чөйрөдө кеңири колдонгон, апобациядан өткон методдор болуп эсептелет.

Иш планы (тапшырмалар): 1.Илимий адабияттар менен иштөө, маалыматтарды топтоо 2.Ош шаарын жашылдандырууда кеңири колдонулган дарак өсүмдүктөрүнүн түрдүк курамын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү 3.Фотосинтездин интенсивдүүлүгү, фитонциддик активдүүлүк, өсүмдүктөрдүн чаң кармоо касиети, булгоочу касиети, декаративдүүлүгү боюнча аныктоолорду жүргүзүү 4. Жыйналган материалдар, эксперименттин жыйынтыктары менен иштөө, жашылдандыруу деңгээлин аныктоо үчүн колдонулуучу программа иштеп чыгуу жана шкаланы түзүү. (сентябрь- декабрь) 5. Отчет,илимий макала даярдоо, патентке заявка берүү (декабрь) Маалыматтык (аралык) отчет (ИИБке тапшырылат)

Файлдын аталышы Көрүү
ПРОЕКТ Жашылдандыруу. ОшМУга оңдоого (1).docx
Отчетту көрүү