“1941-1945-жылдары Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка мобилизацияланып дайынсыз жоголгондордун изи менен”.
Долбоор жетекчиси тууралуу маалымат
Жетекчи:
Чыгыш таануу институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, чыгыш таануу кафедрасынын доценти Бөтөнөев Ж.С.
Долбоорду алып чыккан факультет,институт:
Чыгыш таануу институту
Телефон номер:
+996 551025302
Долбоор жонундо жалпы маалымат
Тема:
“1941-1945-жылдары Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка мобилизацияланып дайынсыз жоголгондордун изи менен”.
Аннотация:
Бүгүнкү күндө 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка мобилизацияланып, бирок, дайынсыз жоголгон он миңдеген мекендештерибиз жөнүндө илимий изилдөө жүрүп, атайын эмгектер жарык көрө элек. Дайынсыз жоголгондордун урпактары аталарынын элесин (сүрөтүн), алардын качан, кайсы жерде, кантип курман болгондору ж.б. тууралуу маалымат алгылары келишет. Мына ошондуктан бул теманы изилдөөгө алып, кыргыз тарыхынын актай барактарын толтуруу учурдагы актуалдуу маселе.
Ачкыч сөздөр:
Буюртмачы:
ОшМУ
Каржылоо булагы:
ОшМУ
Каржы-н башка булактары (бар болсо):
Сметалык баасы:
919000
Долбоордун башталышы:
Долбоордун аякташы:
Долбоорду сунуштоо
Акыркы 5 жыл ичинде аткарган долбоорлор боюнча маалымат :
Изилдөөнүн максаты : 1941-1945-жылдары Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка мобилизацияланып дайынсыз жоголгондорду комплекстүү изилдөөгө алуу. 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка кетип, бирок дайынсыз жоголгондор тууралуу жаңы архивдик маалыматтарды табуу; Табылган жаңы архивдик маалыматтарды китеп кылып чыгаруу; Согушта дайынсыз жоголгондордун жаркын элестерине арнап илимий конференция өткөрүү; Согушта дайынсыз жоголгон аталарыбыздын согушта көрсөткөн эрдиктеринин тарбиялык маанисин учурдагы жаш муундарга жеткирүү.
Изилдөө методу : Неоколониалисттик методу; Деколонизация меоду; Модернизация методу; Архивдерде иштөө методу; Интервью методу; Талаа материалдарын топтоо методу.
Долбоордун башка өзгөчөлүктөрү : Бул долбоордун биринчи өзгөчөлүгү буга чейин Кыргызстанда бул темада бир да жолу атайын илимий изилдөө иштери жүргөн эмес. Экинчи өзгөчөлүгү, эгерде долбоор колдоого ээ боло турган болсо алгачкы жолу Россия Федерациясынын, Белорусиянын коргоо министрликтеринин жана Кыргызстандын бардык аймактарындагы аскер комиссариаттарынын архивдеринде илимий изилдөө иштери ишке ашат.
Долбоордун темасы боюнча илимий иштердин байланышы : Бул, мен сунуштап жаткан долбоорумдун темасы менин илимий изилдөө ишиме хронологиялык жактан дагы, тарыхый окуялардын өнүгүү жагынан дагы байланышат. Менин илимий изилдөө багытым XX кылымдын 20-50-жылдар аралыгындагы Совет Өкмөтүнүн Кыргызстандагы басмачылык кыймылдар, кулакка тартуу саясаты, саясий репрессиялар жана Улуу Ата Мекендик согуш мезгилин камтыйт.
Күтүлүүчү натыйжалар : 1941-1945-жылдары Ата Мекендик согушка кетип дайынсыз жоголгондор тууралуу жаңы архивдик табылгалардын негизинде китеп жарык көрөт. Улуу Ата Мекендик согушка кетип дайынсыз жоголгондордун урпактары табылып, аталары тууралуу жаңы маалыматтарга ээ болушат.