INSPINIA | Clients

Коомдогу динге байланыштуу каада-салттардын элдин социалдык-экономикалык жашоосуна тийгизген таасири (Түштүк Кыргызстан аймагы)

Долбоор жетекчиси тууралуу маалымат

Жетекчи:

А. Жусубалиев

Долбоорду алып чыккан факультет,институт:

Теология факультети

Телефон номер :

0771271219

Долбоор жонундо жалпы маалымат

Тема:

Коомдогу динге байланыштуу каада-салттардын элдин социалдык-экономикалык жашоосуна тийгизген таасири (Түштүк Кыргызстан аймагы)

Тема англис тилинде:

Аннотация:

Исламдын кыргыздардын арасында жайылуусунан баштап, белгилүү деңгээлде каада-салттарына тийгизген таасири бар. Бирок ага карабастан кыргыз эли байыркы каада-салттарын ислам дининдеги ритуалдар менен кошо жуурулуштуруп жашатып келүүдө. Мунун ачык мисалын кыргыздардын маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүнөн көрүүгө болот. Изилдөөбүздө ислам динине туура келген жана ислам дини тарабынан сунушталбаган каада-салттарды аныктап-тактап коомчулукка жеткирүү негизги максатыбыз эсептелет.

Аннотация англис тилинде:

Ачкыч сөздөр:

Ачкыч сөздөр англис тилинде:

Буюртмачы:

ОшМУ

Каржылоо булагы:

ОшМУ

Каржы-н башка булактары (эгер бар болсо):

Сметалык баасы:

111500

Долбоордун башталышы:

01-09-2024

Долбоордун аякташы:

31-12-2024

Долбоорду сунуштоо

Акыркы 5 жыл ичинде аткарган долбоорлор боюнча маалымат :

Изилдөөнүн максаты : Кыргыздардын маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүндө ислам дини менен кошо эски каада-салттардын да биргеликте уланып келе жаткандыгы анык. Бирок эл ичинде кайсыл жөрөлгөлөр исламга туура келет, кайсыл жөрөлгөлөр исламга туура келбестигин аныктоо үчүн жүргүзүлгөн изилдөөлөр жокко эсе. Мындан сырткары элдин жашоо-турмушун жакшыртууда каада-салттардын иретке келтирилүүсү үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүп коомчулукка сунуштоо учурубуздун зарыл талабы болуп эсептелет.

Изилдөө методу : Түштүк Кыргызстандын 3 облусунда ысырапкерчиликти иретке келтирүү багытында изилдөө жүргүзүү, респонденттерден социалдык сурамжылоо, тиешелүү адабияттар менен салыштыруу, тарыхый-хронологиялык тартипте маалыматтарды жайгаштыруу

Долбоордун башка өзгөчөлүктөрү : КРнын 2022-жылдын 24-февралы ПЖ № 54 жарлыгынын негизинде ысырапчылыкты иретке келтирүү багытында изилдөө жүргүзүү

Долбоордун темасы боюнча илимий иштердин байланышы : Долбоор сунуштаганга чейин "Кыргыздардын мусулмандашуу тарыхы", "Орто Азияда ислам дининин жайылуу тарыхы" деген китептерди жарыкка чыгардым. 20нын тегерегинде илимий статьяларды жазып, ар түрдүү эл аралык симпозиум, конференцияларга катыштым жана макалаларды жарыкка чыгардым. Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө КРнын президентинин № 54-жарлыгына ылайыктуу токтом долбоорун иштеп чыгып, токтом кабыл алганбыз. Бул боюнча айыл өкмөттүн карамагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Күтүлүүчү натыйжалар : Изилдөөнү аяктаган соң илимий макала түрүндө даярдап, ринц же Скопус базасындагы журналдарга сунуштайм. ТВ, радио программаларында коомчулукка түшүндүрүү иштери алып барылат.

Файлдын аталышы Көрүү
ИЗИЛДОО проект Жусубалиев.docx
ИЗИЛДОО проект Жусубалиев.docx