Фундаменталдык жана прикладдык изилдөө иштерин натыйжалуу жүргүзүү менен илимий изилдөөлөргө тартуу максатында илим жана инновация бөлүмү 2025-жыл үчүн ОшМУнун стимулдаштыруучу гранттары аркылуу долбоорлорду тандоо жана каржылоонун негизинде сынакка катышуу үчүн арыздарды онлайн форматында кабыл ала башталгандыгын жарыялайт. Конкурска университеттин профессордук-окутуучулук курамы катыша алышат. Долбоорлордун конкурсуна төмөндөгүдөй артыкчылыктуу багыттар боюнча кабыл алуу каралат:
Конкурска катышуу үчүн ОшМУнун сайтындагы https://grant.oshsu.kg/ шилтемеси аркылуу долбоорлордун сунуштамаларын онлайн толтуруу керек. Сайт менен иштөө боюнча атайын көрсөтмө факультеттердин
жана институттардын жетекчилиги аркылуу таратылат.
Сынак комиссиясы сунушталган долбоорлордун арасынан конкурстук негизде ар бир багыт боюнча мыкты долбоорлорду тандап, аларга гранттарды берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Долбоордук конкурска арыз толтуруу 2025-жылдын 6-мартынан 5-апрелге чейин (ушул күн да эсептелет) кабыл алынат.
Отдел науки и инновации ОшГУ с целью развития фундаментальных и прикладных исследований за счет стимулирующих грантов университета объявляет о начале приема онлайн заявок на участие в конкурсе. В конкурсе могут принять участие профессорско-преподавательский состав университета и рассматриваются следующие приоритетные направления грантов:
Для участие в конкурсе необходимо заполнить онлайн заявку на сайте ОшГУ по ссылке https://grant.oshsu.kg/. Инструкция по заполнению онлайн заявки будет передана через руководство факультетов и институтов университета.
Проектные (программы) заявки и конкурсные материалы соискателей грантов по каждому из направлений будет рассмотрено Конкурсной комиссией, который примет решение о финансирования лучших проектов.
Заявки принимаются с 6 марта 2025 года по 5 апреля 2025 года (включительно).
Вы можете написать разработчикам на почту akmatbekkyzyv@gmail.com
Ош мамлекеттик университети
Долбоорлорду онлайн көзөмөлдөө