INSPINIA | Clients

Инновациялык питомник

Долбоор жетекчиси тууралуу маалымат

Жетекчи:

Аккулов Абдижапар Ураимович

Долбоорду алып чыккан факультет,институт:

ОшМУнун Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар Консалтинг Борбору

Кызматы:

Директор

Илимий даражасы:

География илимдеринин кандидаты

Илимий наамы:

Доцент

Акыркы 5 жылда аткарган долбоорлору:

Өзгөн районундагы "Курбу-Таш токой" долбоору - 2021-ж. (ОшМУ каржылаган) Өзгөн районундагы "Курбу-Таш токой - сугат жана тосмолоо" долбоору - 2023-ж. (Ага Хан фонду каржылаган) Өзгөн районундагы "Курбу-Таш токой - жаңы бак" долбоору - 2024-ж. (Ага Хан фонду каржылаган) Ош, Жалал-Абат, Баткен областтарында токойлорду көбөйтүү жана микротокойлорду тузүү долбоорунун консультанты - 2024-ж. (Ага Хан фонду каржылаган) "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун коопсуздук боюнча адиси - экологу - 2024-ж. (АБР каржылаган)

Акыркы 5 жылдагы публикациялардын саны:

SCOPUS: 1

WOS: 0

РИНЦ: 4

SCOPUS ID:

0

ORCID:

Электрондук почта :

akkulov.tue@mail.ru

Телефон номер :

+996 550 106 066

Долбоор жонундо жалпы маалымат

Тема:

Инновациялык питомник

Тема англис тилинде:

Innovative nursery

Аннотация:

БУУнун генералдык катчысы А.Гуттериш белгилегендей, азыркы учурда адамзаттын алдында эң олуттуу жана кооптуу 3 көйгөйдүн (3-дүйнөлүк согуштун ыктымалдуулугу, глобалдык климаттык өзгөрүү жана жасалма интеллект) бири болгон глобалдык климаттык өзгөрүү айрыкча тоолуу өлкөлөр жана андагы экосистемалар үчүн таасири оор болушу күтүлүүдө. Андыктан дүйнөдөгү эң алдыңкы 3 өлкөнүн бири болгон Кыргызстандын шартында мындай өзгөрүүлөргө туруктуулукту камсыз кылуу учүн илим менен өндүрүштүн айкалышын камсыздаган изилдөөлөрдүн мааниси артууда. Биздеги тоо мөңгүлөрүн сактап калуу жана аларды коргоо үчүн тоолуу токойлордун аянттарын кеңейтүү, шаарлар менен айыл-кыштактарда жашыл массивдерди көбөйтүү, бул үчүн жаңы заманбап жана комплекстүү инновациялык питомниктерди түптөө учурдун талабы болууда.

Аннотация англис тилинде:

UN Secretary-General A. Guterres noted that global climate change, one of the three most serious and dangerous challenges facing humanity today (the possibility of World War III, global climate change, and artificial intelligence), is expected to have a particularly severe impact on mountainous countries and their ecosystems. Therefore, in the conditions of Kyrgyzstan, one of the top 3 countries in the world, research that combines science and industry is becoming increasingly important to ensure stability in the face of such changes. To preserve and protect our mountain glaciers, it is necessary to expand the areas of mountain forests, increase green areas in cities and villages, and establish new modern and comprehensive innovative nurseries for this purpose.

Ачкыч сөздөр:

Климаттык өзгөрүүлөр, инновациялык питомник, көчөт өндүрүү, интродукция, декоративдик өсүмдүктөр

Ачкыч сөздөр англис тилинде:

Climate change, innovative nursery, seedling production, introduction, ornamental plants

Буюртмачы:

Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар Консалтинг Борборунун директору, гик, доцент Аккулов Абдижапар Ураимович

Каржылоо булагы:

ОшМУнин ички гранты

Каржы-н башка булактары (эгер бар болсо):

Жеке каражаттар, эл аралык уюмдар (Ага Хан фонду)

Сметалык баасы:

1197300

Долбоордун башталышы:

01-09-2025

Долбоордун аякташы:

01-09-2026

Долбоорду сунуштоо

Актуалдуулугу: Дүйнөлүк масштабдагы климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялануу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан өлкөбүздө “Жашыл мурас”, Тоолуу экосистемаларды коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” программаларынын жарыялангандыгынын, “2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле, БУУ нун Тоо аймактарын туруктуу өнүктүрүүнүн беш жылдык программасы жөнүндөгү резолюциясынын бекитилгендигинин алкагында жана 2027-ж. Кыргызстанда Бишкек+25 Глобалдык саммит өтүлүшүнө карата, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы №735-т тескемесин ишке ашыруу жөнүндө” 29.12.2023-ж.№52-182-буйругуна ылайык аймактарда бул багыттагы саясатты ишке ашыруу бүгункү күндүн эн олуттуу жана актуалдуу көйгөйү болуп турууда. Андыктан бул талаптарды аткарууда ОшМУда илим-өндүрүш-коммерциялизация алкагында экологиядык багыттагы жаңы инновациялык демилгелерди ишке ашыруу учурга шайкеш келүүдө.

Изилдөөнүн учурдагы абалы: Буга чейин Өзгөн районунда 2017-жылдын жаз айларынде жер көчкү баскан айылдын ордунда аткарылып жаткан ОшМУнун "Курбу-Таш токой" долбоорунун алкагында тажрыйбалар топтолгон. Ал жердеги аналогиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында өлкөнүн түштүк аймактарында көп аянттарда жүргөн жер көчкүлөрдүн кесепеттери менен күрөшүү жана алдын алуу боюнча илимий сунуштар иштеп чыгарылып, учурда бир катар долбоорлорду аткарууда эске алынып, ишке ашырылууда (Курбу-Таш айылында тоо питомниги, Ага Хан фонду менен биргеликте 2024-ж. 12 долбоор микротокой түзүү боюнча аткарылды). Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча Меморандум кабыл алган тараптар ортосунда өзара шарттарды ар тараптуу изилдөө иштери жүргүзүлүп, азыр эми комплекстүү заманбап “Инновациялык питомник” түзүү боюнча максаттуу келишим кабыл алынган деңгээлге жеткирилди жана бул максаттагы иш-аракеттердин алгачкы этабы башталды (жер аянтын тосмолоо, сугат жана электр энергиясы менен камсыздоо, жерлерди айдоо жана бак отургузуу ж.б.).

Изилдөөнүн максаты: Долбоор Ош мамлекеттик университети, Ош токой чарбасы жана жеке ишкер Кожомкулов Рамазан Бурканович (мындан ары Тараптар) биргеликте “Инновациялык питомник” түзүү боюнча долбоорун аткаруу максатында үч тараптуу кызматташуу үчүн кабыл алынген МЕМОРАНДУМДУН алкагында тараптар ортосунда, тактап айтканда, жеке ишкер Кожомкулов Рамазан Бурканович (мындан ары «Ижарага берүүчү» деп аталат) 1-тарап, Ош мамлекеттик университети (мындан ары “Ижарачы” деп аталат) 2-тарап жана Ош токой чарбасы 3-тарап (мындан ары “Ижарачы” деп аталат, ал эми эки субъект биргеликте “Ижарачылар” деп аталат) болуп, түзүлгөн Ижара келишимин (мындан ары “Келишим” деп аталат) аткаруу жана ишке ашыруу максатында Баш-Булак айыл өкмөтүндөгү Ачы айылында жайгашкан өзүнүн 1-тараптын жеке менчигинде турган 3,5 га жер аянтын 2- жана 3-тарап болгон “Ижарачыларга” бул жерде токой жана багбанчылык, ошондой эле, шаар чөйрөсүндөгү жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери үчүн декоративдик көчөттөрдү, ландшафттык жасалгалоо үчүн гүлдөрдү өстүрүү жана өндүрүү багытындагы ишмердиги илимий изилдөөлөр жана практикалык тажрыйбалар менен коштолгон комплекстүү заманбап “Инновациялык питомник” түзүүнү көздөйт.

Күтүлүүчү натыйжалар: Илимий-изилдөөчүлүк, практикалык жана коммерциялык жаатында: - Аймактын жалпы экологиялык (аба, жер кыртышы, суу, флора, фауна, микроорганизмдер) абалын изилдөө жүргүзүлөт; - Аймактык экологияны сактоо жана жакшыртуу менен байланышкан социалдык-экономикалык (жумушсуздук, жергиликтүү коомчулуктардын потенциалы, жашыл өндүрүштү уюштуруу) маселелерин изилдөө жүргүзүлөт; - Агро-токойчулук иш-аракеттер аркылуу жаңы инновациялык типтеги питомник түптөлөт жана бул жерде токой жана декоративдик дарактардын, бадалдардын, гүлдөрдүн көчөттөрү менен уруктарын өстүрүү жана өндүрүлөт, алар менен коомдук керектөөлөрдү камсыз кылынат; - Көчөт өндүрүү ишмердигинде инновациялык технологиялар (интродукциялык методдор, көчөттөрдүн ассортименттик жаны түрлөрү,тамчылатып сугаруу, органикалык жер семирткичтер) колдонулат; - Питомникте өндүрүлгөн продукция рынокко чыгарылып, ОшМУ үчүн жаңы киреше булагын пайда кылат; - Илим изилдөөчүлөрдүн (студенттердин, магистранттардын, аспиранттардын, окумуштуу-адистердин) иштерине шарттарды түзүү жана алардын эмгектерин конкурстарда, конференцияларда презентациялоого жана басмадан чыгарууга колдоо көрсөтүлөт.

Изилдөө методу: - теориялык жана камералдык изилдөө - салыштырма-аналитикалык - токой изилдөөчүлүк - бакма токой түзүүнун негиздери

Иш планы (тапшырмалар): 1.Питомник түзүлүүчү жердин иш-кагаздарын тариздөө. 2. Меморандум жана келишимдин алкагында иш-аракеттердин алгачкы этабына старт берүү. 3. Жерди иштетүү ж.б. муктаждыктар үчүн транспорт,техникалык шаймандар менен камсыз кылуу. 4. Питомник түптөө учун жерлерди даярдоо, дарактар менен бадалдардын ж.б. өсүмдүктөрдүн көчөттөрүнүн, уруктарынын зарыл болгон ассортиментин аныктоо, аларды сатып алуу жана жайгаштыруу. 5. Сезондук жумуштарды аткарууга кызматкерлерди тартуу маселесин чечүү. 6. Туруктуу илимий мониторинг жана практикалык тажрыйбаларды жүргүзүү, жыйынтыктоочу илимий отчеттер менен макалаларды даярдап чыгаруу.

Толук мезгил үчүн 1 жыл
SCOPUS 1 1
WOS 1 1
РИНЦ 2 2
Файлдын аталышы Көрүү
Долбоордун сметасы Инновациялык питомник.docx