INSPINIA | Clients

Кыргыз коомчулугунда секуляризмди жана диний элементтерди кабылдоо проблемалары/ Problems of perception of secularism and religious elements in the Kyrgyz society/ Проблемы воспрятия секуляризма и религиозных элементов в кыргызском обществе.

Долбоор жетекчиси тууралуу маалымат

Жетекчи:

Козукулов Тимур Алимбекович

Долбоорду алып чыккан факультет,институт:

Теология факультети

Телефон номер :

+996 (705) 53-86-45

Долбоор жонундо жалпы маалымат

Тема:

Кыргыз коомчулугунда секуляризмди жана диний элементтерди кабылдоо проблемалары/ Problems of perception of secularism and religious elements in the Kyrgyz society/ Проблемы воспрятия секуляризма и религиозных элементов в кыргызском обществе.

Тема англис тилинде:

Аннотация:

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алгандан кийин демократиялык багытты тандап, светтикти негизги приоритет катары карманышып Конституцияга киргизилген. Конституциялык реформа жүргүзүлгөндө светтик түшүнүк жөнүндө талкуу жүрөт. Чындыгында светтик түшүнүк кайдан келген ага илимий анализ жасалбагандыгы белгилүү болууда. Ошондуктан светтик түшүнүктү ар ким өз позициясы жана оптикасы аркылуу карап, жоромолдошот. Мамлекеттик түзүлүш кандай болуш керек деген суроого, албетте светтик деп айтат ар бир жараан. Бирок мааниси эмне десең, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган деген 2010-жылдагы конституциялык кеңешмеде каралып ошол учурда киргизилгендиктен айтылып келүүдө. Чындыгында интеллегенция светтик түшүнүк тууралуу терминологиялык аныктамага ээ эмес. Бирдиктүү концепт болбогондуктан ар ким өзүнүн түшүнүгүнө жараша жоромолдой берет. Батыш өлкөлөрүндө, христиан дүйнөсүндө светтик түшүнүк 2-кылымдан бери илимий талдоого алынып, анализдер жасалып, теориялар пайда болгон (Peter L. Berger, “Secularism in Retreat”, National interest, Winter 1996/1997, 3-12). Кыргызстанда ошол изилдөөлөр да талдоого алынган эмес. Негизи светтик түшүнүк конституцияга киргизилгенден кийин ал сөзсүз илимий анализге алынышы керек. Светтик теориясы бар, аны мусулман өлкөлөрүндө кандай жагдайда экендигине илимий анализ жасалышы шарт (Peter L. Berger). Батышта текшерилген теорияны мусулмандар да кандай экендигин аныктоо керек.

Аннотация англис тилинде:

Ачкыч сөздөр:

Ачкыч сөздөр англис тилинде:

Буюртмачы:

Ош мамлекеттик университети /КРнын Билим берүү жана илим министрлиги

Каржылоо булагы:

Ош мамлекеттик университети

Каржы-н башка булактары (эгер бар болсо):

-

Сметалык баасы:

638000

Долбоордун башталышы:

01-10-2023

Долбоордун аякташы:

01-04-2025

Долбоорду сунуштоо

Акыркы 5 жыл ичинде аткарган долбоорлор боюнча маалымат : Ош мамлекеттик университетинде Санариптештирүү жана автоматташтыруу жаатында "Автоматташтырылган жана электрондоштурулган силлабус, журнал жана расписание" долбоору ишке ашырылып, учурда жасалган программа ОшМУда колдонулуп жатат. Ал долбоордо көрсөтүлгөн көлөмдөн да кеңейди.

Изилдөөнүн максаты : Светтик (Секуляризм, кыргызстандагы бул аныктамага анча туура келбейт. Бирок дагы бир термин Лаицизмге жакынраак деген божомол) теориясын жана талкуусун Кыргызстанда кандай түшүнөт ошону текшеребиз (сурамжылоо аркылуу аныктайбыз). Ал теорияны Кыргызстандагы изилдөө тастыктайбы деген суроого жооп издейбиз.

Изилдөө методу : Изилдөө бийлик, саясий чөйрө жана жарандык коомдун светтик жөнүндөгү көз караштарга сөзсүз таасирин тийгизет. Себеби саясий терминологиянын аныктамасы канчалык туура же туура эмес экендиги көрсөтүлөт. Ошондой эле батышта жасалган изилдөөнүн дизайын аркылуу Кыргызстанда изилдөө жүргүзүп теориялар текшерилет. Жыйынтыгында кол жазма (манискрюпт) Скопуста индекстелген журналдардын бирине жарыяланат. Биздин баамыбызды, бул багытта илимий натыйжасы бул тармакта изилдөө жүргүзүүчүлөрдүн көңүлүн бурат. Изилдөө методологиясы сандык жана сапаттык колдонулат. Сандык менен сапаттык методу башкача айтканда аралаш. Ошондой эле салыштырмалуу да колдонулат. Сандык методдо маалыматтар топтолот, бизге чейин болгон изилдөөлөр таралат, тактап айтканда Z-тест, корреляция, Хи квадратное, жана логистикалык регрессионные методтор колдонулат. Ал эми сапаттык методдо сурамжылоо-анкета жургүзүлөт. Ошондой эле эксперттерден интервью алынат. Сурамжылоо технологиясы менен кыргыз коомунун интеллегенциясына жүргүзүлөт.

Долбоордун башка өзгөчөлүктөрү : Алар тууралуу Изилдөө сунуштамасы тиркемесине жазылды.

Долбоордун темасы боюнча илимий иштердин байланышы : Сунушталган долбоор Ош мамлекеттик университети теология факультетинин "Дин таануу жана гуманитардык предметтер" кафедрасынын изилдөө темасына тиешелүү

Күтүлүүчү натыйжалар : Скопуста индекстелген батыш өлкөлөрүндө чыккан англис тилинде илимий журналга жарыялоо.

Файлдын аталышы Көрүү
Rroposal_Timur_Kozukulov.docx