Тitl

Кыргыздардын Өзбекстан Республикасындагы таралуу ареалын изилдөө


Долбоордун жетекчиси:

Кадыров Турдумамат Дыйканбаевич, кошумча жетекчилер: Каратаев Олжобай Кубатбекович (Бишкек); Жураев Рузимат Тухтасинович (Наманган, Өзбекстан)

Долбоорду алып чыккан факультет:

Тарых жана социалдык иштер факультети

Телефон номер:

+996772151493

Буюртмачы:

Ош мамлекеттик университети

Каржылоо булагы:

Ош мамлекеттик университетинин ички гранты

Каржы-н башка булактары (эгер бар болсо):

жок

Сметалык баасы:

2500000

Долбоордун бардык чыгымдар менен баасы:

2500000

Зарыл болгон инвестициянын суммасы:

2500000

Долбоордун башталышы:

2023-09-01

Долбоордун аякталышы:

2026-05-30


Долбоордун сыпаттамасы


Изилдөөнүн кыскача аннотациясы (актуалдуулугу 200 сөздөн кем эмес): Кыргыздардын этникалык тарыхында, этногенезисинде, маданий тарыхында чийеленген татаал, изилденүүгө муктаж болгон илимий маселелер арбын. Бул маселелердин бири Кыргызстандан сырткары аймактарда жашаган кыргыздардын келип чыгышы, маданияты, локализациясы, социалдык-экономикалык абалын изилдөөлөргө байланышкан. Эң көп сандуу кыргыздар Өзбекстандын аймактарында эзелтеден компактуу жашап келишет. Алар этникалык өзүн-өзү таануусун, тилин, материалдык жана руханий маданиятынын үлгүлөрүн сактап келишет. Кыргыздар компактуу жашаган аймактарда кыргыз тилдүү мектептер, маданий очоктор (борборлор), теле-радио берүүлөр өз иштерин аткарып келишет. Өзбекстандык кыргыздардын көпчүлүгү тилдик, маданий, этнографиялык өзгөчөлүктөрүн, уруулук курамдарындагы бөлүнүүлөрүн, материалдык жана руханий маданияттагы баалуктарын сактап калышкан. Тилекке каршы, Өзбекстанда жашаган кыргыздардын этникалык тарыхы, маданияты, диалектилери (тили), каада-салты, үрп-адаты, жөрөлгөлөрү Россия империясынын доорунда, Совет мезгилинде, соңку учурларда адис-окумуштуулар тарабынан толук изилденбегендигин белгилөө шарт. Өзбекстандын тарыхынын эски жана жаңы басылыштарында жергиликтүү кыргыздар тууралуу маалыматтар статистикалык таризде гана эскерилет. Өзбекстандык илимпоздор К.Ш.Шаниязов, С.С.Губаева ж.б. өз изилдөөлөрүндө Фергана өрөөнүдөгү жашаган кыргыздар жана алардын уруулук курамы тууралуу учкай гана маалыматтарды беришет. Өзбекстандагы кыргыздар жөнүндө этнографиялык багыттагы жалгыз гана кандидаттык диссертация жарыяланган. ХХ к. 90-жж. Кыргызстандык жаш илимпоздор кыргыздар жашаган аймактарды изилдешип, айрым талаа материалдарын “Ленинчил жаш” газетасына жарыялашканы белгилүү. Демек, изилдөөлордүн жыйынтыктары эмпирикалык деңгээлден көтөрүлгөн эмес. Совет доорунда, эгемендүүлүк мезгилинде тиешелүү илимий мекемелер тарабынан Өзбекстанда жашаган кыргыздардын (расмий 360 миң, калктын 1,3 %) этномаданий тарыхына, этнографиясын изилдөөгө максаттуу иштер аткарылган эмес.

Акыркы 5 жыл ичинде аткарган долбоорлор боюнча маалымат: Долбоордун жетекчиси, кошумча жетекчилери, аткаруучулары жана кошумча аткаруучуларынын бул тармакта бир топ эмгектерди аткарышкан, этнографиянын өз алдынча түрдүү тармактары боюнча илимий экспедицияларга чыгышып, талаа материалдарын чогултуу, талдоо, жайылтуу тажрыйбаларына ээ. Мисалы Т.Кадыров Кыргыз урууларынын тарыхын изилдөө, Г.Чыныкеева Кыргызстандын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын миграциялык проблемалары боюнча республикалык илимий долбоорлорду жетектешкен.

Долбоорду изилдөөнүн максаты,милдети жана объектиси: Изилдөөнүн максаты: Кошуналар менен түзүлгөн бүгүнкү жагымдуу шарттарда жогоруда аталган аймактардагы ЖОЖдор, бийлик органдары, ж.б. мекемелер менен биргеликте (мүмкүн, эки тараптуу биргелешкен иликтөөлөрдүн) кыргыздардын этнографиясы (каада-салты, үрп-адаты, жөрөлгөлөрү), материалдык маданияты (кол өнөрчүлүгү, уузчулук өнөрү ж.б.), руханий маданияты (оозеки чыгармалары, санжырасы ж.б.), диалектилери (тили), уруулук курамдары жана ага байланышуу санжыралык, фольклордук маалыматарды жыйноо, анын жыйынтыгында монографияларды, илимий жыйнактарды, тегерек үстөл, илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды уюштуруу максатка ылайык болот. Илимий жыйындарга, изилдөөлөргө кошуна өлкөнүн тиешелүү багыттагы илимпоздорун тартуу да эки тараптуу мамилелерге жооп берери бышык. Милдети: - Өзбек Республикасынын Анжиян, Фергана, Наманган вилаеттери; Ташкент вилайетинин Бөкө, Пушкин райондору (тумандары), Жиззак вилайетинин Бахмал, Заамин райондору; Сыр-Дарыя вилайетинде жашаган кыргыздардын этникалык тарыхын, этногенезин, маданиятын иликтөө: - өзбекстандык кыргыздардын этникалык тарыхына, этногенезине байланышкан тарыхый жазма ж.б. маалыматтарды жыйноо; - кыргыздардын локализация болгон чөлкөмдөргө тийешелүү архивдик маалыматтарды изилдөө жана илимге киргизүү; - кыргыздардын уруулук курамы жана жайгашуусу, этнонимдер; - кыргыз санжыралары, фольклордук маалыматтарды жыйноо; - кыргыздардын оозеки чыгармалырынын үлгүлөрүн жыйноо жана изилдөө; - кыргыздардын үрп-адаттары, каада-салттары, жөрөлгөлөрү жана алардын трансформация болуусун сыпаттоо; - кыргыздар жашаган аймактардын социалдык-экономикалык, гуманитардык өнүгүүсүн изилдөө; - кыргыз-өзбек маданий жана достук алакаларын изилдөө; - кыргыз-өзбек ж.б. элдер менен этногенетикалык жана этномаданий алакаларын иликтөө ж.б. Обьектиси: Өзбек Республикасынын Анжиян, Фергана, Наманган вилаеттери; Ташкент вилайетинин Бөкө, Пушкин райондору (тумандары), Жиззак вилайетинин Бахмал, Заамин райондору; Сыр-Дарыя вилайетинде жашаган кыргыздар.

Долбоордун идеясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана изилдөөнүн методу: Өзбек Республикасынын белгиленген аймактарына илимий экспедициялар уюштурулат, тиешелүү материалдар жыйналат. Өзбек Республикасынын Мамлекеттик Башкы архивинде, Өзбек Республикасынын Мамлекеттик китепканасында этникалык кыргыздар жана алардын тарыхына, маданиятына, тилине тийешелүү болгон маалыматтар жыйналып, иргелип алынат жана изилдөө иштерине пайдаланылат. Изилдөөнүн методдору: - стационардык байкоо жүргүзүү; - маалымат берүүчүлөрдү оозеки сурамжылоо; - визуалдык ыкма; - аналитикалык талдоо; - тарыхый-салыштырмалуулук;

Долбоордун башка өзгөчөлүктөрү: Алгачкы жолу Өзбекстан Республикасындагы этникалык кыргыздардын тарыхы, этнографиясы комплекстүү изилдөөгө алынат. Мындан сырткары Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик университетинин тарыхчы, илимпоздору да долбоорго катышышат.

Долбоордун темасы боюнча илимий иштердин байланышы: Аталган долбоордун темасы ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетиндеги "Жалпы тарых жана ТОУ", "Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология" кафедраларынын илимий темалары менен дал келет.

Изилдөө долбоорунун натыйжасы: Изилдөө иштеринин жыйынтыктары боюнча төмөнкү иш-чаралар турмушка ашырылат: - илимий – практикалык конференциялар, тегерек үстөлдөр уюштурулат; - Эл аралык симпозиум уюштуруу (болжолдуу темасы: “Фергана өрөөнү жана ага чектеш аймактардагы жашаган кыргыздар: өткөн доор, бүгүнкү күн, келечеги”); - изилдөө иштеринин жүрүшү тууралу массалык-маалымат (медиа-масса) каражаттарына (интернет ж.б. булактар) жарыялап туруу; - изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча илимий макалалар (3 макала Scopus жана Web of Science боюнча), монографиялар, макалалардын жыйнактары жарыкка чыгат, кыргыздардын тарыхын, маданиятын изилдөө иштери боюнча конструктивдүү сунуштар айтылат; - изилдөө иштерине ОшМУнун магистрлери, аспиранттары, жаш окумуштуулары катышат; - изилдөөнүн жыйынтыктары менен төмөнкү монографиялар, жыйнактар жарыкка чыгат: 1. Монография: Өзбекстандын аймагында жашаган кыргыздардын этникалык жана маданий тарыхы; 2. Монография: Өзбекстандык кыргыздардын уруулук курамы, санжырасы. Этнонимдер. 3. Монография: Өзбекстандык кыргыздардын социалдык-экономикалык абалы. 4. Конференциялардын, Симпозиумдун жыйынтыктары боюнча окулган илимий докладдардын жыйнактарын жарыялоо: 5. Көргөзмө: тарыхый-этнографиялык экспедициянын жыйынтыктарын, архивдик маалыматтарды изилдөөнүн жыйынтыктарын чагылдырга көчмө көргөзмөлөрдү уюштуруу (ОшМУ, Ош шаары, Бишкек, Жалал-Абад ж.б.); 6. Альбом: Өзбекстандык кыргыздардын ичиндеги тарыхый-этнографиялык экспедициянын жана архивдик материалдарды камтыган түстүү альбомду жарыялоо ж.б. 7. Илимий изилдөөнүн натыйжасында эки илимий диссертация корголот.

Файлдын аталышы Көрүү
Долбоор Кадыров Т.Д.pdf