Тitl

Миграция доорундагы үй-бүлөлүк жашоо: акча которуулар, инфраструктура жана транслокалдык мобилдүүлүк


Долбоордун жетекчиси:

Ибраимова Сайкал Сейтакуновна

Долбоорду алып чыккан факультет:

Эл аралык мамилелер факультети

Телефон номер:

0778028786

Буюртмачы:

Ибраимова Сайкал Сейтакуновна

Каржылоо булагы:

Ош мамлекеттик университети

Каржы-н башка булактары (эгер бар болсо):

Сметалык баасы:

540000

Долбоордун бардык чыгымдар менен баасы:

996000

Зарыл болгон инвестициянын суммасы:

996000

Долбоордун башталышы:

2024-08-25

Долбоордун аякталышы:

2025-08-20


Долбоордун сыпаттамасы


Изилдөөнүн кыскача аннотациясы (актуалдуулугу 200 сөздөн кем эмес): Бул изилдөө антропология, өзгөчө миграция таануу илимине салым кошот.Биз антропологиянын инфраструктура, кам көрүү жана транслокалдуулук сыяктуу бир нече тармактарын бириктиребиз. Биз жаңы концептуалдык терминдерди колдонобуз. Кыргызстандагы этностук топтордун ортосундагы туугандык системалардын өзгөрүшүнүн жана муундар аралык кызматташтыгынын бүтүндөй картинасын түзүүгө шарт түзүлөт. Антропологиялык адабияттын өсүп келе жаткан тармагына, тууганчылык теорияларына, транслокалдык изилдөөлөрдү жана инфраструктураларды жана мобилдүүлүктү изилдөөлөргө чоң салым кошот.

Акыркы 5 жыл ичинде аткарган долбоорлор боюнча маалымат: 1. Research/cooperation opportunity - fundamentalist Islam in Central Asia / Country Study Kyrgyzstan//. European Union Studies Association: PA, PA, US. (2022) 2. Research bundle on Central Asia: Islamist Politics Among Youth & Impact of Ukraine War on China-Central Asia relations.// Global Partners Governance.UK. (2022-2023) 3. Local Peace in Central Eurasia. Peacebuilding in Customary Law and Patronal Contexts. Institute for Peace Research and Security Policy at the University of Hamburg, Germany. (2023). 4. Early Childhood Development and Social Cohesion . Queens University Belfast. Belfast, Nothern Ireland. (2019-2023) 5. Cross-Border and Cross-Sector Dialoque for Tolerance and Peace in Central Asia (2020-2023)

Долбоорду изилдөөнүн максаты,милдети жана объектиси: Бул долбоордун максаты – муундар аралык кызматташууну жана транслокалдык үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнү, акча которууларды жана алардын инфраструктурага жана ажылык сапарларына жумшалышын кароо болуп эсептелинет.

Долбоордун идеясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана изилдөөнүн методу: ИЗИЛДӨӨ МЕТОДОЛОГИЯСЫ Биз байкоо, интервью жана фокус-топ сыяктуу изилдөө ыкмаларын колдонобуз.Ош шаары жана Ош облусундагы биздин изилдөөнөн максаты - муундар аралык кызматташуу, инфраструктура жана улгайган адамдардын транслокалдык мобилдүүлүгү боюнча эмпирикалык маалыматтарды алуу. Биз бир жылдын ичинде эки жамаатта жүргүзгөн изилдөөбүздүн борбордук бөлүгү жергиликтүү улгайган адамдардын стратегияларын түшүнүү үчүн антропологиялык жана тарыхый маалыматтарды чогултуу болот. Мында транслокалдык үй-бүлөлөрдү муундар аралык колдоо жана акча которуулардан кандай жеңилдиктер пайда болуп жаткандыгы (же жеңилдиктер жок экендигине), инфраструктураларга жана Меккеге ажылыкка барып келүүгө сарпталып жаткандыгына негизги көңүл бурулат. Үй-бүлөнүн улгайган мүчөлөрүнүн жашоосу тууганчылыктан көз карандыбы же жокпу, ошондой эле туугандык байланыштардагы миграциянын ролун изилдөө керек. Ош шаары жана Ош облусунда 3 ай аралыгында аларды салыштыруу боюнча антропологиялык изилдөө жүргүзүлөт. Тууганчылыктын логикасын жакшыраак түшүнүү жана транслокалдык аймактарда туугандык кызматташтыктын жана өз ара колдоонун социалдык, экономикалык маанилерин изилдөө үчүн маалымат чогултуунун этнографиялык методдоруна таянылат, башкача айтканда байкоо жүргүзүү жана респонденттерден ачык интервьюлар алууга басым жасалат. Биз кыргыз жана өзбек үй-бүлөлөрүнүн үйлөрүнө барып (мүмкүнчүлүк туулса алар менен чогу жашап), үй-бүлө мүчөлөрүнүн күнүмдүк жашоосуна жакын болуп, социалдык карым-катнаштарын, күнүмдүк жашоодо бири-бирин колдоосун, жашоо циклиндеги окуяларды, үй-бүлө жана үй-бүлөнүн курамындагы өзгөрүүлөрдү документтештирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Меккеге ажыга барган жашы улуу зыяратчылардын балдары үчүн ажы болуунун маанисине терең түшүнүп жетүүгө аракеттер болот.

Долбоордун башка өзгөчөлүктөрү: Бул долбоордун изилдөөчүлөрү ар кандай эл аралык изилдөөлөрдү жүргүзүшкон. Аталаган изилдөөгө Германиянын Лейбниц институтутунун изилдөөчүсү Аксана Исмаилбекова дагы катышып жатат. Исмаилбекованын изилдөөлөрүнүн натыйжасы катары Indiana Press, Routledge басмасында чыгарган китептери, Google Scholarда 40тан ашуун илимий эмгектери бар. Scopus базасында макалаларынын саны 20дан ашуун . Ошондой эле бул долбоордун жетекчиси жана изилдөөчүсү Ибраимова Сайкал ар кандай эл аралык илимий изилдөө долбоорлорунун катышуучусу жана координатору катары иштеген тажрыйбасы бар. Атаханов Шавкат ар кандай эл аралык долбоорлордун катышуучусу жана илимий эмгектрин көптөгөн журналдарда басмадан чыгарган.

Долбоордун темасы боюнча илимий иштердин байланышы: Бул изилдөөнү жүргүзүүдө долбоордун изилдөөчүлөрүнүн мурунку аткарган илимий иштеринин жана басмадан чыгарган эмгектеринин айкалышы жана тажырыйбалары аталган долбоордун темасына түздөн-түз байланышат.

Изилдөө долбоорунун натыйжасы: Бул долбоордун натыйжасында Scopus илимий метрикалык базасындагы журналдардан макала чыгаруу. Билим берүүгө илимий изилдөөнү интеграциялоо. Case-staudy катары Илимий изилдөөлөрдүн негизи жана методологиясы дисциплинасына айкалыштуруу.

Файлдын аталышы Көрүү
проект для ОшГУ_2024.docx