Тitl

Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы этностук жамааттар арасындагы этнодемографиялык процесстерди изилдөө жана прогноз (божомол) жүргүзүү


Долбоордун жетекчиси:

Омурзакова Турсунай

Долбоорду алып чыккан факультет:

ОшМУнун гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институту

Телефон номер:

0557088065

Буюртмачы:

ОшМУ

Каржылоо булагы:

ОшМУ

Каржы-н башка булактары (эгер бар болсо):

-

Сметалык баасы:

2000000

Долбоордун бардык чыгымдар менен баасы:

2000000

Зарыл болгон инвестициянын суммасы:

2000000

Долбоордун башталышы:

2024-09-01

Долбоордун аякталышы:

2026-09-01


Долбоордун сыпаттамасы


Изилдөөнүн кыскача аннотациясы (актуалдуулугу 200 сөздөн кем эмес): Демографиялык процесстерди изилдөөэл каттоого таянат. Эл каттоо калктын саны, курамы жөнүндөгү жана экономикалык, социалдык маалыматтарды жыйнап, талдоону, т.а., кайсы улут жок болуу коркунучунун чегинде турат, жумушсуздар үчүн канча жумушчу орун керек, пенсионерлердин социалдык абалы боюнча ж.б. маалыматтар алынат.Экономиканы өнүктүрүү үчүн калк жөнүндө так статистикалык маалымат керек. Алсак, Түштүк аймакта эмгек рыногунун абалы кандай, адамдар жумуш издеп кайда кетип жатат.Жумушчу орун маселеси, ишканаларды куруу, кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүү көйгөлөрү социалдык проблема катары изилдөө зарылдыгын шарттайт. 1991-ж. 31-августта эгемен мамлекетибиздин жаңы коомдук-саясий турмушка ѳтүүсү экономикалык, социалдык жана саясий кризистер менен коштолгон. Базар экономикасындагы реформалардын чийкилиги мамлекеттик бюджеттин таңсыктыгына алып келди.Коомдук саясий турмуштагы өзгөрүү өлкөдө коррупциянын, экономикалык кризистин, жакырчылыктын, жумушсуздуктун күчөшүн пайда кылып, өткөөлмезгил коомдун бардык тармагына айрыкча аймактагы демографиялык процесстерге чоң таасирин тийгизген. Миграция процесси аталган үч облустагы олуттуу маселе. Анткени жумуш издеп кеткендердин көпчүлүгү негизинен түштүк облустардан18 – 45жаштагы жарандар. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда 192.000 үй-бүлөдөн72.000 бала туугандарга же интернатка калтырып кетишкен.Ата–энеден мээрим көрбөй чоңойгон балдарэртеңки жоголгон муун болуп калбасын десек,өспүрүмдөрдүн моралдык – психологиялык абалын терең жана ар тараптан изилдөөнүн актуалдуулугун жаратууда. Калктын саны менен бирге сапаты деген маселе абдан маанилүү. Миграцияга кеткен жаштар билимсиз, балдар ата-энесиз калууда.Өлкөбүздөгү калктын ички миграциялык агымын изилдөө да актуалдуу маселе. Улуттук проблемаларды чечүүдө миграциялык саясат, анын социалдык, саясий, экономикалык натыйжаларында изилдөө актуалдуу.

Акыркы 5 жыл ичинде аткарган долбоорлор боюнча маалымат: -2021-жылы GIZ долбоорунун “Аймактагы туруктуу туризмди өнүктүрүү” боюнча эксперттик иш алынып барылган; -2022-жылы «Интеграция тем энерго- и ресурсоэффективности, устойчивого производства и потребления в учебной программе ВУЗов» ПЭРЭТО долбоорунун ОшМУдагы окуу программасындагы предметтерге киргизүү боюнча иш жүргүзүлгөн; -2023-жылы «Усиление ЦДС приключенческого туризма в КР", реализуемого при поддержке программы ПРООН " аймакты өнүктүрүү боюнча эксперттик иш алынып барылган.

Долбоорду изилдөөнүн максаты,милдети жана объектиси: Долбоордо Ош, Жалал–Абад жана Баткен облустарындагы, Ош шаарындагы калктын өсүү динамикасы, саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрү республикадагы демографиялык жана этнодемографиялык процесстерге кандай таасирин тийгизип жатканын изилдөө максаты коюлган. Кыргызстан көп улуттуу мамлекет. Тилекке каршы этностор ортосундагы мамилелер да абдан олуттуу маселе экендигин түштүктө болуп өткөн эки жолку кагылышуу көрсөттү.Мисалы 2009-ж. Ош шаарында калктын 49,0% өзбектер түзгөн, ал Өзгөн шаарында (90%) өзбектер болгон.1999-ж. Баткенде 14,4%, Жалал Абадда 31,1%, ал эми Ош облусунда 31,1% өзбек калкы жашаган. Учурдагы улуттар ортосундагы мамиленин өзгөрүү динамикасын (начарлады, жакшырды) тактоо зарыл, анткени биз каттаган жаран, өзүн Кыргызстандын жаранымын деп эсептейби деген маселе турат. Коңшу элдер менен болгон мамиле, чек ара маселелери (Тажикстан, Өзбекстан) эскирбеген, көз жаздымда калбоого тийиш болгон маселелер да биздин изилдөөнүн өзөгүн түзөт.Мамлекеттер ортосунда атаандаштык күчөдү, ресурстар үчүн күрөш күч алууда. Биздин изилдөөдө Ош, Жалал–Абад жана Баткен облустарындагы жашаган калктын этникалык жамааттар арасындагы этнодемографиялык процесстерди изилдөө, талдоо жүргүзүү жана изилденүүчү аймактагы калктын динамикасы, жалпы саны, этникалык жамааттардын төрөлүү, өсүү, өлүм, никелешүү, ажырашуу, миграция сыяктуу маанилүү демографиялык процесстер камтылат. Улуттук, диний, социалдык ж.б. иденттүүлүккө келгенде бир нече жылдардан кийин олуттуу проблема жаралышы мүмкүн. Долбоордогу максатка жетүү үчүн изилдөөгө төмөнкү милдеттер коюлду. Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына этнодемографиялык экспедициялар уюштурулуп, этностук жамааттар арасындагы маалыматтар чогултулат. Ошону менен катар Ош облусунун Алай, Өзгөн жана Араван райондору, Жалал-Абад облусунун Аксы, Базар-Коргон жана Сузак райондору, Баткен облусунун Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунда изилдөө иштери жүргүзүлөт. Изилдөө тарых жана география багытында билим алып жаткан магистрлер жана студенттер менен бирге иш алынып барылат. Долбоордун жыйынтыктоочу этабында индекстелген журнал СКОПСка макала жана илимий отчет жарыяланат. Долбоордун жыйынтыгы боюнча илимий изилдөөнүн презентация жасалат. Практикалык жумуштардын жыйынтыктарын Кыргызстандагы ЖОЖдорго тийиштүү илимий борборлорго жана Ош, Жалал-Абад Баткен облусунун жана Ош шаарынын Мэриясынын тийиштүү бөлүмдөрүнө сунуштар берилет. Ошону менен катар демографиялык процессти талдоодо этникалык жамааттардын социалдык-экономикалык, моралдык-психологиялык, адеп-ахлактык, саясий абалына жана өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө басым жасалат. Этнодемографиялык кырдаалды эсепке алуу, калктын санынын жана курамынын келечектеги өзгөрүүлөрүнүн божомолдору региондук, улуттук, демографиялык жана социалдык саясатты, алардын стратегияларын жана тактикасын иштеп чыгуууга басым жасалат. Калктын калыбына келүү жана миграция процесстериндеги терс кесепеттерди жоюу, учурдагы демографиялык кырдаалдын жагымсыз себептерин аныктоо менен улуттук маселелерге жигердүү жана илимий мамиле кылууда коом таануучулар, социологияны, демографияны, этнографияны жана башка илимдерди өнүктүрүүдө, түрдүү элдердин улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жаңы кадам жасалууга тийиш. Долбоордогу максатты ишке ашыруу үчүн этнодемографиялык кырдаалды түшүнүү жана демографиялык божомолдорду эске алуу менен өндүрүштү жайгаштырууда, турак-жай же социалдык объектилерди курууда, соода же тейлөө тармагын уюштурууда, адистерди даярдоодо, шайлоо жана жарнак өнөктүгүнүн тактикасын иштеп чыгууда, армияга чакырууда, ж.б. маселелерде калктын жаш-курактык жана жыныстык курамын эсепке алуунун негизинде, калкка мүнөздүү этникалык жаш өзгөчөлүгү, эмгек шык-жөндөмдөрү, каада-салттарына артыкчылыктарына демографиялык прогноздор жүргүзүүгө багытталат. Изилдөөнүн обьектиси:Ош облусунун Алай, Өзгөн жана Араван райондору, Жалал-Абад облусунун Аксы, Базар-Коргон жана Сузак райондору, Баткен облусунун Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондору жана андагы айылдар.

Долбоордун идеясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана изилдөөнүн методу: Демографиялык процессти талдоодо биз жогоруда белгилегендей, этникалык жамааттардын социалдык-экономикалык, моралдык-психологиялык, адеп-ахлактык, саясий абалы жана өзгөчөлүктөрдү изилдөөгө басым жасалат. Аймактагы этнодемографиялык процесстерди изилдөөдө жамааттар ортосундагы окшоштуктарды, айырмачылыктарды аныктоо үчүн салыштырып, сурамжылоо жүргүзүү менен талдоодо тарыхый-салыштырмалуулук жана экономикалык-географиялык ыкмалар колдонулат. Ошондой эле изилдөөдө төмөнкү ыкмалар колдонулат: – респонденттерди сурамжылоо; – статистикалык маалыматтарды талдоо; – жергиликтүү тургундар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликтеринин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр; – аймактарда талаа изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө калкка байкоо жүргүзүү; – массалык маалымат каражаттарынын материалдарын талдоо; – суралган материалдарга талдоо жүргүзүү; – эл каттоолордогу материалдарга талдоо жүргүзүү.

Долбоордун башка өзгөчөлүктөрү: Кыргызстандын түштүк аймагындагы чек арага жакын аймактардагы калтын жана этностордун ортосундагы маселелер да кеңири иликтөө жүргүзүүгө аракеттер жасалат жана изилдөөнүн натыйжасында пайда болгон материалдардын негизинде калкка жана андагы этностордогу этнодемографиялык жагдайларына прогноз жана маселелерди чечүү боюнча сунуштар берилет. Мисалга алсак: чек аралардын инфраструктурасын жакшыртуу, иш менен камсыз кылуу, жумушсуздукту жоюу, өндүрүштүк ишканаларды куруу, улуттар аралык келишпестикти алдын-алуу боюнча иш чараларды уюштуруу жана атайын кызматтарга сунуш берүү, үй-бүлөө куруу жана анын туруктуулугун сактоо, калкты жайгаштыруудагы маселелерди чечүүдөгү рационалдуу багыттарды сунуштоо, Кыргызстандын тарыхын, географиясын, этнодемографиясы жана кыргыз тилине болгон аң-сезимин жана идеяларын жакшыртуу менен мекенди коргоого болгон жоопкерчиликти жогорулатуу сунуштарын камтыйт.

Долбоордун темасы боюнча илимий иштердин байланышы: 1. Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. Фрунзе: Кыргызстан, 1990. — 480 с. 2. Алайчиев Э.К. Кыргызстандын түштүк аймагындагы демографиялык маселелер. Ош- 2011. 2. Асанканрв А.А. Социально-культурное развитие современного сельского населевия Киргизии. Ф.,1989; 3. Асанканов А.А. Кыргызы: рост национального самосозвания. Б., 1997. 4. Асанканов А.А. История Кыргызстана (с древнейших времен до наших дней). Учебник для вузов. - Бишкек, 2009. 5. Бромлей Ю.В. Этнос и этнография. М., 1973. 6. Омурзакова Т.Т.КурманжанДатка: эпоха, личность, деятия : : автореферат дис. ... кандидата исторических наук : 07.00.02Бишкек. 1996 7. Осмонова, С.К. Традиционные свадебные обряды кыргызов юго-запада Ферганской долины (конец XIX- начало XXвв). – Ош, 2015. – С.208. 8. Жоробеков Ж.Этнодемографические процессы и вопросы этнополитики Кыргызской Республикитема диссертации и автореферата по 23.00.02, доктор политических наук 1998 9. Губаева С.С. Основные направления этнических процессов в Ферганской долине в конце XIX - начале ХХ в. (К проблеме поздних этапов этнической истории Средней Азии): автореферат дис. ... доктора исторических наук : 07.00.07. - Москва, 1992. - 32 с.: ил. 10. https://www.stat.kg/ru. Национальный статистический комитет Кыргызской Республики 11. https://caspian-eurasia.com/yurta-2023-naczionalnaya-politika-kyrgyzstana-edinstvo-naroda-i-mezhetnicheskih-otnoshenij/«Юрта»-2023: Национальная политика Кыргызстана – единство народа и межэтнических отношений

Изилдөө долбоорунун натыйжасы: Долбоордун жыйынтыгы боюнча КРнын демографиялык саясат боюнча концепциясына сунуштарды берүү; Стратегиялык пландоо функциясын аткарууга тийиш болгон “Демографиялык абалды анализдөө, прогноздоо институтун”ачуу зарылдыгы жөнүндө сунуш берүү. Иликтөөдөгү материалдаролуттуулугуна карап, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздукмамлекеттик комитетине сунушталат. Аталган облустардагы айыл аймактарынын жана шаар мэрлеринин социалдык иштер боюнча бөлүмдөрүндөатайын семинарлар өткөрүлүп талкууланат, жыйынтык боюнча маалыматтар берилет. КРгы ЖОЖдордун окуу программаларында, этнодемография, социология, тарых жана демография курсун иштеп чыгууда колдонууга сунушталат. Ошондой эле долбоордун материалдары илимий изилдөөлөрдө, окуу китептерин, илимий-популярдуу эмгектерди жазууда, тарых, этнография, демография, социология боюнча окуу курстарында жана Кыргызстан элдеринин демографиялык курамын изилдөөдө колдонууга багытталат. Изилдөө материалдарын талкууга тарых, география жана социология багытындагы илимпоздор жана бул темада изилдөө жүргүзүп жаткан окумуштуулар менен биргеликте Эл аралык конференция өткөрүлөт. Долбоордун жыйынтыктоочу этабында индекстелген илимий журналга СКОПУСта отчет жана макала жарыяланат.

Файлдын аталышы Көрүү
Самара Заявка на учас проекта 1 (6).docx