Тitl

КЫРГЫЗДАРДЫН ОГУЗДАР МЕНЕН ТАРЫХЫЙ БАЙЛАНЫШТАРЫ


Долбоордун жетекчиси:

Абдимиталип уулу Нурсултан

Долбоорду алып чыккан факультет:

Эл аралык билим берүү программалары жогорку мектеби, ОшМУ

Телефон номер:

+996 772 195 822

Буюртмачы:

Ош мамлекеттик университети

Каржылоо булагы:

Ош мамлекеттик университети

Каржы-н башка булактары (эгер бар болсо):

-

Сметалык баасы:

2200000

Долбоордун бардык чыгымдар менен баасы:

2200000

Зарыл болгон инвестициянын суммасы:

2200000

Долбоордун башталышы:

2024-10-01

Долбоордун аякталышы:

2026-10-01


Долбоордун сыпаттамасы


Изилдөөнүн кыскача аннотациясы (актуалдуулугу 200 сөздөн кем эмес): Бүгүнкү Кыргызстан жана ага коңшулаш аймактар түрк тилдери, тарыхы, археологиясы, этнографиясы, адабияты, фольклору жагынан абдан бай географиялык аймак. Өтмүшү тарыхтын эң байыркы учурларына барып такалган бул аймакта коло, эрте темир доорлорунан бери түптүү түрк урууларынын отурукташкан жана көчмөн элдер менен жуурулушкан. Бул контекстте аталган аймак байыркы жана орто кылымдарда дүйнөлүк экономиканы калыптандырган Улуу Жибек Жолунун тогошкон жери болгондуктан ар түрдүү маданияттар, цивилизациялар, этникалык топтор жана уруулар бири-бири менен тыгыз карым-катнашта болгондугу байкалат. Ошондой эле бул чөлкөмдө ар кыл этникалык топтордун арасында чоң мааниге ээ болгон прототүрк же прото-огуз жана протокыргыздарга таандык делген көптөгөн тарыхый, археологиялык жана этнографиялык булактарды кучагына камтыйт. Демек, кийинки доорлордо Алтайдан жана Сибирдеги ар кайсы түрк уруулары менен жуурулушуп, аягында Тянь-Шань тоолорун жердеп, отурукташып калган кыргыздардын калыптанышына огуздардын жана огуз маданиятынын кошкон салымы чоң деп айтууга толугу менен негиз бар. Бул өңүттөн алып караганда огуздар менен кыргыздардын тарыхый жана маданий алакаларынын тамыры байыркы доорлорго барып такалат. Алсак, кыргыздардын сөөк көмүү салты огуздардыкы менен дал келерин тарыхый булактар жана кыргыз этнографиясынан көрүүгө болот. Прото-огуз (сак/скиф-усун) дооруна таандык күмбөздөрдөн табылган табылгалар (куймулчак, уча, далы, жамбаш ж.б. сыяктуу жаныбарлардын сөөктөрү), көк-түрк дооруна таандык күмбөздөрдөн жана башка археологиялык казуулардан табылган сүрөттөр, балбалдар, тыйындар жана аска бетине чегилген уруулардын тамгалары ж.б.у.с. археологиялык көркөмдүк баалуулугу жогору табылгалар боюнча көптөгөн илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бул табылгалар-булактардагы элементтер бүгүнкү күндө кыргыз элинин материалдык жана руханий маданиятында чагылдырылышы кыргыз элинин башка түрк элдери менен кылымдар бою уланып келе жаткан маданий байланышынын айныгыс далили болуп саналат. Жалпысынан бул тарыхый, этнографиялык жана археологиялык изилдөөлөр боюнча С.П.Толстов, Ф.Көпрүлү, В.В.Бартольд, С.М.Абрамзон, А.Н.Бернштам, Я.П.Винников, А.Инан, З.В.Тоган, Б.Өгел, А.Мокеев ж.б. сыяктуу окумуштуулардын эмгектерин айтууга болот. Айрыкча Я.П.Винников XX кылымдын башында Кыргызстандын түштүк аймактарында жүргүзгөн изилдөөлөрүндө кыргыз урууларынын жана алардын отурукташкан аймактарынын картасын түзгөн. Бул изилдөөнү улай С.М.Абрамзон ХХ кылымдын орто ченинде Кыргызстандагы кыргыз урууларынын отурукташкан аймактары, алардын тарыхы жана кыргыз урууларынын маданий карым-катнаштары боюнча көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ал эми кыргыз-огуз этникалык байланыштары жөнүндө биринчи жолу 1956-жылы кыргыз элинин келип чыгуусу тууралуу өткөн илимий жыйында белгилүү тарыхчы С.Г.Агажанов айткан. Бирок ошого карабастан бул багытта максаттуу изилдөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Ал эми кыргыз элинин келип чыгышы боюнча илимий көз караштарда басым негизинен енисейлик кыргыздардын тарыхына жасалып, азыркы жашап жаткан мамлекетибиздин аймагында байыркы доорлордон бери жашап келе жаткан уруу, элдердин таасири тууралуу жеткиликтүү маани берилбей келет. Мындай боштукту толтуруу үчүн тарыхка жаңыча метод-ыкмаларды пайдалануу, тарыхый булактарды жаңыча чечмелөө жана мурда пайдаланылбаган тарыхый булактарды пайдалануу зарыл.

Акыркы 5 жыл ичинде аткарган долбоорлор боюнча маалымат:

Долбоорду изилдөөнүн максаты,милдети жана объектиси: Долбоордун негизги максаттарынын бири – огуздар менен кыргыздардын орток урууларынын келип чыгышы боюнча кеңири изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын огуздардын кыргыздарга же кыргыздардын огуз-түркмөндөрдүн курамына кантип жана кайсы доордо кошулгандыгы тууралуу маалыматтарды аныктоо. Бул өңүттөн алып караганда Тянь-Шань тоолорундагы аска бетинде тартылган аска-таш сүрөттөрдө кыргыз жана огуз урууларына таандык тамгалар кездешет. Огуз жана кыргыздардын орток тамгаларынын тамыры да эрте темир дооруна барып такалат. Огуздардын тамгалары Махмуд Кашгаринин «Дивану Лугат-ит-Түрк», Рашид ад-Диндин «Жами ат-Таварих» жана Абулгазинин Бахадур хандын «Түркмөн санжырасында» аттуу баалуу тарыхый эмгектерде чагылдырылган. Изилдөөнүн жүрүшүндө аска беттеринде тартылган сүрөттөрдө, археологиялык архитектуралык эмгектерде, балбал таштарда, байыркы түрк жазууларында, ыйык жайлардагы эстеликтерде, Тянь-Шань тоолорун жердеген сак, усун, хунн, көктүрк, түргөш ж.б. карлуктардан кыргыз мезгилине чейинки тыйын бетиндеги тамгалар документтештирилет. Булардын негизинде уруу тамга басуу салтынын Орто Азиядан Анадолунун эң четки аймактарына чейин таралышы боюнча салыштырма талдоо жүргүзүлүп, тамгалардын хронологиялык, кимдик жана аймактык таралышы классификацияланат. Бул долбоордун негизги милдеттеринен болуп саналат. Пландаштырылган изилдөөлөрдүн дагы бир максаты - Кыргызстандагы огуздарга тиешелүү жер-суу жана адам аттарын аныктоо. Булардын негизинде огуздарга таандык ономастикалык маалыматтардын базасын түзүү жана аны тарыхый салыштырма ыкмасы аркылуу статистикасын чыгаруу. Долбоордун жүрүшүндө, өзгөчө талаа изилдөөлөрүнүн (этнография) жыйынтыгында табылган табылгалардын баарын академиялык алкакта талдап, бирдиктүү отчетко айлантуу максаты коюлду. Ошону менен бирге темир доордон бери бир географиялык аймактагы жердеген кыргыздар менен огуздардын маданиятынын ортосундагы байланыштарды көрсөтүп берүүнү максат кылдык. Биздин изилдөө төмөнкүдөй суроолорду коет: 1. Байыркы кыргыздар менен огуздардын тарыхый байланышы болгонбу? Болсо канчалык деңгээлде? 2. Байыркы кыргыздар менен огуздар тууралуу кандай тарыхый булактар кездешет? 3. Азыркы кыргыз элинин курамында огуз урууларынын издери барбы? 4. Азыркы түрк, түркмөн жана азербайжан (огуздар) элдеринин уруулук курамында кыргыздардын издери барбы? 5. Азыркы кыргыз тили түрк тилдеринин кыпчак тили группасына киргендиктен, кыргыз тилинде огуз тилинин таасири барбы? 6. Азыркы Кыргызстандагы жер-суу аттарында огузча таасирлер барбы? Жогорудагы суроолор долбоордун алдын ала койгон маселелери. Бирок бул суроолор менен гана чектелбейт. Изилдөө суроолору кошулат. Долбоордун изилдөө объектиси болуп огуз уруулары жана алардын кыргыз эли менен болгон тарыхый байланыштары.

Долбоордун идеясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана изилдөөнүн методу: Бүткүл Кыргызстанды камтыган тарыхый, археологиялык жана этнографиялык изилдөө жүргүзүлөт. Ошондой эле кыргыз-огуз этно-маданий мамилелеринин тарыхый өтмүштөгү тарыхый-маданий байланыштары боюнча илимий адабият булактарына таянган комплекстүү салыштырма изилдөө ыкмасы колдонулат. Кыргыз-огуз байланыштары боюнча бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү эске алуу менен кыргыз-огуз этно-маданий байланыштары боюнча алардын маданий өзгөчөлүктөрү жана маданий окшоштук структурасынын проекциясы көрсөтүлөт. Топтолуучу материалдык маалыматтар изилдөө тобу тарабынан классификация-анализге жана комплекстүү салыштырма-баалоо ыкмасына салынып, Борбордук Азиядан Анадолуга чейинки кыргыз-огуз маданий байланыштары темасын ачып берет. Кыргызстандагы аска сүрөттөрүндөгү тамгалар жеринде изилденип, жогорку сапаттагы фотосүрөттөр (масштаб боюнча) тартылып, сүрөттөрдү кагазга түшүрүүдө чегип алуу жана графикалык техника кеңири пайдаланылат. Аска беттериндеги түрдүү белгилер жана тамгалар тематикалык топко салынып, аналогиялар жасалат жана сүрөттөрдүн деталдуу чиймелери жасалат (Özgül 2021; 806). Аска беттериндеги түрдүү сүрөттөр менен тамгаларга аймактык контекстте аналогия жасоо менен алардын кыргыз жана огуз урууларынын тамга маданияты менен байланышы, алардын айырмачылыктар менен окшоштуктары түшүндүрүлөт. Бул аска бетиндеги сүрөттөрдөгү тамгалар кайсы мезгилден бери тартыла башталганын хронологиялык жактан ачып берүүгө аракет кылабыз (Ceylan, 2018, 93-100, Tabaldıyev ve Belek, 2008). Талаа изилдөөлөрдүн жүрүшүндө алынган кыргыздарга жана огуздарга тиешелүү бардык этнографиялык жана археологиялык материалдар классификацияланып, сүрөткө тартылат. Андан кийин, алынган маалыматтар менен башка ар кандай жерлерден табылган / алынган маалыматтар менен салыштыруу аркылуу кыргыз-огуз маданияттарынын материалдык жана руханий элементтери каралат.

Долбоордун башка өзгөчөлүктөрү: Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз-огуз мамилелери боюнча өтө аз изилдөөлөр жасалган. Бирок бул темада эч кандай комплекстүү иш, илимий долбоорлор жүргүзүлгөн эмес. Бул жагдайда кыргыз-огуз мамилелери боюнча илимий басылма, китеп жана изилдөөлөр (тамгалар) чыгаруу зарыл. Аткарылчу илимий долбоор кыргыз-огуз мамилелеринин илимдеги изилденбеген мүчүлүштүктөрүн толтурууга аракет кылып, талаа иштери менен илимий адабияттагы маалыматтарды салыштырып изилдөө аркылуу жаңы дисциплинанын түптөлүшүнө да салым кошот. Долбоордун жыйынтыгында алынган маалыматтар тарых, этнография, археология, искусство тарыхы, маданий антропология жана тарыхый география сыяктуу тармактарга салым кошот, ошондой эле кыргыз-огуз мамилелеринин тарыхый байланыштарына жаңы көз караштарды сунуштайт. Долбоордун натыйжалары бул дисциплиналар аралык изилдөөлөр тармагында иштеген илимпоздор үчүн маалымат булагы катары кызмат кылат. Бүгүнкү күнгө чейин жүргүзгөн алдын ала изилдөөлөрүбүздүн негизинде төмөнкү гипотезалар долбоордун мазмунун түзөт: 1. Огуздардын кайы уруусу жана башка бир нече уруулардын тамыры прототүрк дооруна чейин барат. 2. Кайы уруусунун аттары хунн, сяньби, аварлардын доорунда кытайдын тарыхый булактарында ар кандай аталыштар менен жазылып калганы белгилүү жана кайы уруусу Көк-түрк мамлекетинин түзүлүшүнүн алгачкы этаптарында огуздардын маанилүү уруусу катары белгиленген. 3. Кайылар тарыхый булактарда ку-мо-си (татаби, татар, кимак, йимек, кыпчак, ябаку) деген аталыштар менен кездешип, кийинки доорлордо көптөгөн түрк уруулары пайда болушуна себеп болгон. 4. Түркстанда Он-Ок Будун же Түргөш мамлекети кыйрап, карлуктар пайда болгондо кайы уруусу өздөрүнүн байыркы жылан тамгаларынан баш тартып, түргөштөрдүн династиялык тамгаларын кабыл алышканы байкалып турат. 5. Кайы уруусунун маанилүү бутагы Х. кылымда Түркстандан Ооганстанга, Иранга жана Жакынкы Чыгышка көчүп кеткен. 6. Кийинчерээк кайы уруусунун көчү Анадолу аймактарына багытталганы байкалат. 7. Анадолудагы кайы уруусу XIV кылымда башка огуз уруулары менен бирге Осмон империясынын пайдубалын түптөгөн. 8. Кайы элинин Ыраакы Чыгышта жана Монголияда калган бөлүктөрү кидандар, кийинчерээк татар деген ат менен монгол уруулары менен биригип, Моңгол империясынын түзүлүшүндө чоң роль ойногону байкалып турат. 9. Түргөш жана карлук доорунда калган Түркстандагы кайы жана айрым огуз уруулары Тянь-Шань тоолорун жердеген кыргыздарга сиңип, азыркы кыргыздардын калыптанышында чоң роль ойногон. 10. Немис окумуштуусу Й.Маркварт менен түрк окумуштуусу Ф.Көпрүлүнүн чыгыштагы жана батыштагы кайы уруусунун Осмон империясынын түптөлүшүндөгү ролу тууралуу илимий көз караштары туура эмес экени аныкталды.

Долбоордун темасы боюнча илимий иштердин байланышы: Мокеев, А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. Бишкек: КТМУ, 2010. K.BELEK. (2019). TÜRKİSTAN’DAKİ ORTAÇAĞLARA AİT TÜRK-İSLAM KİTABELERİNDEKİ YESEVİLİK / YASAWIYYA ON THE TURKIC-ISLAMIC INSCRIPTIONS BELONGING TO MIDDLE AGES IN TURKESTAN. Türük Uluslararası Dil, Edebiyat ve Halkbilimi Araştırmaları Dergisi;, 1(16), 135-144. https://doi.org/10.12992/TURUK623. K.BELEK. (2019). OĞUZ BOYLARININ TANRI DAĞLARINDAKİ İZLERİ. Genel Türk Tarihi Araştırmaları Dergisi, 1(2), 165 - 176. https://dergipark.org.tr/tr/pub/gttad/issue/47158/572989. Абдимиталип уулу Нурсултан. (2023). “Словарь Махмуда Кашгари “Диван Лугат ат-Түрк” как историко-этнографический источник по культурогенезу кыргызского народа”. Диссертация.

Изилдөө долбоорунун натыйжасы: Долбоордун жыйынтыгында 2 скопус макала, кыргыз жана орус тилдеринде илимий монография жазуу каралат.

Файлдын аталышы Көрүү
Абдимиталип уулу Н. Огуз-кыргыз байланыштары долбоору..docx
Абдимиталип уулу Н. Огуз-кыргыз байланыштары долбоору..docx