Тitl

Кыргызстандык жергиликтүү телеканалдардын эл аралык жаңылыктарды чагылдыруусунун мүнөздөмөсү


Долбоордун жетекчиси:

Шербол Жапаралиев

Долбоорду алып чыккан факультет:

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети

Телефон номер:

0509124599

Буюртмачы:

Ош мамлекеттик университети

Каржылоо булагы:

Ош мамлекеттик университети

Каржы-н башка булактары (эгер бар болсо):

жок

Сметалык баасы:

878500

Долбоордун бардык чыгымдар менен баасы:

878500

Зарыл болгон инвестициянын суммасы:

878500

Долбоордун башталышы:

2024-10-01

Долбоордун аякталышы:

2026-12-31


Долбоордун сыпаттамасы


Изилдөөнүн кыскача аннотациясы (актуалдуулугу 200 сөздөн кем эмес): Кыргызстандык телеканалдардын эл аралык жаңылыктарды чагылдыруусун изилдөөнүн бир нече маанилүү аспектилери бар: 1. Медиа пейзажды түшүнүү: Кыргыз ЖМКларында кандай эл аралык жаңылыктар чагылдырылганын изилдөө өлкөдөгү медиа ландшафтты жакшыраак түшүнүүгө, ошондой эле жаңылыктарды тандоого жана чагылдырууга кандай факторлор таасир эте аларын жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берет. 2. Саясий контексттин таасири: Эл аралык окуялардын чагылдырылышын талдоо Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын маалымат саясатына, анын ичинде цензура жана өзүн өзү цензура сыяктуу саясий факторлор канчалык күчтүү таасир этээрин түшүнүүгө жардам берет. 3. Коомчулуктун кабылдоосу: Кыргыз аудиториясынын көңүлүн кайсы эл аралык жаңылыктар буруп жатканын изилдөө коомдун кызыкчылыктарын жана артыкчылыктарын, ошондой эле анын дүйнөлүк окуяларды кабыл алуусун түшүнүүгө жардам берет. 4. Башка өлкөлөр менен салыштыруу: Кыргызстандагы эл аралык жаңылыктарды башка өлкөлөр менен салыштыруу жалпы тенденцияларды же айырмачылыктарды ачып берет, бул аймактагы ЖМКнын жүрүм-турумун жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. 5. Медиа мейкиндикти өнүктүрүү: Изилдөөнүн натыйжалары кыргыз ЖМКларында эл аралык жаңылыктарды чагылдыруунун сапатын жана көп түрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн негиз боло алат, бул өз кезегинде өлкөнүн маалымат мейкиндигин өнүктүрүүгө жана аларга кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга өбөлгө түзөт. 6. Дүйнөлүк илим коомчулугунун кызыгуусун жаратуу: Биздин проектте сунушталган изилдөөнүн жыйынтыгы дүйнөлүк илим коомчулугу арасында да терең кызыгууну жаратат. Себеби, Кыргызстан менен бирге башка Борбор Азия өлкөлөрү эл аралык коомчулуктун көзүндө Россиянын экономикалык дагы, маданий дагы таасири астында деп эсептелинет. Бул жагынан алып караганда, кыргызстандык телеканалдардын эл аралык жаңылыктарды чагылдыруу практикаларынын изилдениши, Скопуста индекстелген Батыштын журналдарында да кызыгуу жаратат деп айтууга негиз бар. Ошентип, бул проект сунуштаган изилдөө Кыргызстандагы медиа ландшафтты түшүнүү үчүн да, жалпысынан өлкөнүн маалымат мейкиндигин өнүктүрүү үчүн да маанилүү боло алат. Ошондой эле, мындай изилдөө дүйнөлүк илим коомчулугунун да кызыгуусун өзүнө тарта алат.

Акыркы 5 жыл ичинде аткарган долбоорлор боюнча маалымат: Жок

Долбоорду изилдөөнүн максаты,милдети жана объектиси: Эл аралык жаңылыктарды чагылдыруу заманбап маалымат алмашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана дүйнөнүн ар кайсы аймактарында коомдук пикирди калыптандырууда, эл аралык мамилелерди өнүктүрүүдө жана жарандардын коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт. Эл аралык жаңылыктардын аудиторияда пайда кылган негизги өзгөчөлүктөрү катары төмөнкүлөрдү атаса болот: 1. Дүйнөлүк окуялардан кабардар болуу: Эл аралык жаңылыктар дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматка жетүүнү камсыз кылат. Бул адамдарга дүйнөлүк тенденциялардан, саясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдөн, маданий окуялардан, климаттын өзгөрүшү, терроризм ж.б. окуялардан кабардар болууга жардам берет. 2. Маданий карым-катнаш: Эл аралык жаңылыктар ар түрдүү өлкөлөрдүн маданиятынын, каада-салттарынын, искусствосунун жана коомдук турмушунун ар кандай аспектилери жөнүндө маалымат берүү менен маданий карым-катнашка көмөктөшөт. Бул ар түрдүү маданияттар ортосундагы сабырдуулукту жана түшүнүүнү өнүктүрүүгө жардам берет. 3. Коопсуздук: Эл аралык жаңылыктарды берүү дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө адамдардын коопсуздугуна таасир этиши мүмкүн болгон потенциалдуу коркунучтар, чыр-чатактар, кырсыктар жана башка окуялар жөнүндө маалымат берүү аркылуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. 4. Экономикалык мааниси: Эл аралык жаңылыктар бизнес жана экономика үчүн да маанилүү, дүйнөлүк экономикалык тенденциялар, рыноктун шарттары, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана дүйнөлүк экономикага жана бизнес чөйрөсүнө таасир этиши мүмкүн болгон башка аспектилер жөнүндө маалымат берет. Айтылган факторлор глобалдашкан XXI кылымда өзгөчө актуалдуу экенин унутпоо керек. Изилдөөнүн теориялык бөлүгүндө Noam Chomsky, Joseph Nye, Robert McChesney, Daya Kishan Thussu, James Curran, Peter Golding, Graham Murdock, Anne Nelson, Amy Goodman сыяктуу эл аралык жаңылыктардын саясатка, коомго жана маданиятка тийгизген таасирин түшүнүүгө олуттуу салым кошкон изилдөөчүлөр жана эксперттердин эмгектерине баш багылат. Noam Chomsky эл аралык жаңылыктардын коомдук пикир менен саясий пикирди калыптандыруудагы ордун өзүнүн көптөгөн эмгектеринде баса белгилейт. Анын Edward Herman менен биргеликте жазган эмгеги Manufacturing Consent: The Political Economy of the Mass Media (1988) бул жааттагы эң белгилүү эмгек болуп эсептелет. Joseph Nye болсо Soft Power: The Means To Success In World Politics (2004) аттуу эмгеги менен жаңылыктардын “жумшак күч” катары бааланып коомдук дипломатиянын куралы катары көрүлүүсүнө жол ачкан. Глобалдашкан XXI кылымда бир гана Батыштын өнүккөн өлкөлөрү эмес, Чыгыштын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрү да дүйнөлүк тилдерде жаңылык тартуулаган телеканалдарын түптөшүп, эл аралык аренада “жумшак күч” каражаттарын активдештирүүнүн аракетинде. Чыгыш өлкөлөрүнөн чыккан мындай телеканалдарга Al Jazeera, Russia Today, CGTN, TRT World, Al Arabiya, PressTV сыяктуу мисалдарды берсе болот. Daya Kishan Thussu бул жагдайды эске алып, Media on the Move: Global Flow and Contra-Flow (2006) аттуу эмгегинде глобалдык маалымат алмашуусунда “агым” жана “каршы агым” концепцияларын сунган. Thussuнун айтымында, телекоммуникация тармагында “Батыш айтат, Чыгыш угат” деген классикалык формула актуалдуулугун жоготуп, дүйнө чыныгы глобалдуу кырдаалга карай жылып баратат, Чыгыш өлкөлөрү болсо Батыштан келген “агымга” каршы өздөрүнүн “каршы агымдарын” сунуш кыла алышат. James Curran, Myung-Jin Park, Daya Kishan Thussu, Joseph Nye ж.б. изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, эл аралык коммуникациялар буга чейин өнүккөн Батыш өлкөлөрүнүн артыкчылыгы болуп келген. Бирок, акыркы жылдардагы окуялар, мисалы, Түштүк жана Чыгыш Азияда маалымат технологияларынын тез өнүгүшү, Болливуд киносунун, Түштүк Кореянын кинематографиясынын жана поп маданиятынын, япон анимациясынын жана компьютердик оюндарынын популярдуулугунун өсүшү, ошондой эле Латын Америкасынын теледрамалары жана Араб кабар каналдары салттуу (же эски) гегемондордун артыкчылык статусун жеңүүгө түртүүчү факторлор катары каралышы керек. Бул изилдөө таянган адабияттардын баарын бул жерде чагылдыруу мүмкүн эмес, ошон үчүн ушулар гана менен чектелүү туура болот. Кыскасын айтканда, Чыгыш өлкөлөрү жана негизинен Азия чөлкөмү мурунку дүйнөлүк гегемондорго каршы таасирин күчөтүп жатканда, Кыргызстан да ичинде болгон Борбор Азия региону бул тенденциялардан артта калып жатат. Алар бир жагынан, дүйнөлүк кабарларда “жоктугу” же “өтө аздыгы” менен көңүл бурса, экинчи жагынан өз өлкөлөрүндө эл аралык жаңылыктарды өтө жетишсиз деңгээлде чагылдыргандыгы менен белгилүү. Бул изилдөөнүн актуалдуулугу – дүйнөдө эл аралык коммуникация жаатындагы кескин өзгөрүүлөр терең изилденип жатканда, “Кыргызстанга окшогон өлкөлөрдүн бул тенденциялардан обочолонуп калышын кантип түшүнүү керек?” жана “Бул жагдайдын кандай кесепеттери болушу мүмкүн?” деген сыяктуу суроолордун изилденбегенинде. Үчүнчү дүйнө өлкөсү катары Кыргызстандын жергиликтүү телеканалдарынын эл аралык кабарлардан артта калуусу буга чейин изилденген эмес. Бул проекттин актуалдуулугу жана жаңылыгы ушунда жатат. Кыргызстанда жана ага окшогон өлкөлөрдө эл аралык жаңылыктарды чагылдыруудагы чабалдык бир нече факторлордон көз каранды болушу мүмкүн. Алгач, телеканалдар жергиликтүү элге (а) түздөн-түз таасир эткени үчүн улуттук жана жергиликтүү окуяларга артыкчылык беришет. Көп медиа уюмдар (б) ресурстарынын жетишпегендигине (анын ичинде каржылоо жана кызматкерлери) байланыштуу эл аралык окуяларды толук чагылдыруу мүмкүнчүлүгүнөн чектелиши мүмкүн. Кээ бир учурларда өкмөт же башка бийлик структуралары массалык маалымат каражаттарына эл аралык окуяларды (в) чагылдырууда чектөө же кысым көрсөтүшү мүмкүн, айрыкча алар кошуна мамлекеттер менен болгон мамилелерге байланыштуу болот. Эгерде аудитория эл аралык жаңылыктарга олуттуу (г) кызыгуу көрсөтпөсө, ЖМК ресурстарды көрүүчүлөр же окурмандар үчүн жагымдуураак болгон башка жергиликтүү темаларга жумшаганды жакшы көрүшү мүмкүн. Кээ бир учурларда эл аралык жаңылыктарга жетүү (д) тилдик же маданий тоскоолдуктардан улам чектелиши мүмкүн, бул өлкөнүн чегинен тышкары окуялар тууралуу маалымат алууну кыйындатат. Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулук менен болгон эки тараптуу мамилелерине кайрыла турган болсок, бул өлкөнүн дүйнөлүк тенденциялардан жана кабарлардан алыс турганын айта алабыз. Буга байланыштуу, бул изилдөөнүн максаты кыргызстандык жергиликтүү телеканалдардын эл аралык жаңылыктарды чагылдыруу практикаларынын мүнөздөмөсүн ачып көрсөтүү болуп эсептелет. Бул маселенин жообу аныкталса, Кыргызстандын медиа коомчулугун өнүктүрүүгө багытталган сунуш-пикир айтууга мүмкүнчүлүк пайда болмок.

Долбоордун идеясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана изилдөөнүн методу: Бул изилдөөдө сандык жана сапаттык изилдөө методдору колдонулат. Бир жагынан, кыргызстандык телеканалдар туурасында статистикалык маалыматтарды издөө, табуу жана анализдөө үчүн маалымат чогултуунун жана анализдөөнүн сандык методдору керектелет. Изилдөөнүн ана бөлүгүндө болсо маалымат чогултуу үчүн сапаттык метод тандалып, ошого ылайык 10-15 эң көп көрүлгөн кыргызстандык телеканалдын эл аралык жаңылыктарга жооптуу бирден кызматкери менен жарым-жартылай структураланган жана тереңдетилген интервью жасалат. Сапаттык методдун тандалып алынгандыгынын себеби аз сандагы объектини изилдөөдө сапаттык методдордун ыңгайлуу келгендигинде. Суроолор мурунтан белгиленип, интервьюлар респондент менен жолугуп бетме-бет алынат. Интервьюлар диктофонго жазылат, андан кийинки этапта сүйлөшүүлөр транскрипттелет (жазуу жүзүнө өткөрүлөт). Ар бир интервью маанилүү темаларга ажыратылып коддоо баракчасында коддолот. Натыйжада, ар бир респонденттин жообу жалпы кыргызстандын образын түзүүдө иреттелип жайгаштырылат. Проекттин жыйынтыгында Скопуска илимий макала жазылып жатканда интервьюнун жыйынтыгы изилдөөнүн негизги бөлүгүн түзүп, басым андагы алынган жоопторго берилет.

Долбоордун башка өзгөчөлүктөрү: ИЗИЛДӨӨ СУРОО(-лору) Проекттин изилдөө суроолору төмөнкүдөй: 1. Кыргызстанда эң көп көрүлгөн телеканалдар кайсылар? 2. Кыргызстандык телеканалдар канчалык жыштыкта эл аралык жаңылыктарды чагылдырат? 3. Кыргызстандык телеканалдарда эл аралык жаңылыктардын жергиликтүү жаңылыктарга карата катышы кандай? 4. Эл аралык жаңылыктарды чагылдырууда көбүнесе кандай темаларга, актерлорго жана кайсы региондорго басым жасалат? 5. Эл аралык жаңылыктарды даярдаган журналисттердин профили: жашы, жынысы, билими, эмгек стажы, билген чет тилдери, чет тилдерди билүү деңгээли? 6. Жооптуу журналисттердин Кыргызстанда эл аралык жаңылыктарды чагылдыруу туурасындагы пикири кандай? 7. Алар эл аралык жаңылыктарды чагылдырууну канчалык деңгээлде маанилүү жана керек деп эсептешет? 8. Кыргызстандык телеканалдар эл аралык жаңылыктарды даярдоодо кайсы булактарга кайрылат? 9. Ал булактар жергиликтүүбү же чет жерликпи? 10. Эмне үчүн бул булактар тандалып алынган? 11. Ал булактар кайсы өлкөлөрдөн жана кайсы медиа органдарынан? 12. Булактарды тандоодо жана колдонууда редакциялардын басма саясаты (көз караштары, дүйнө таанымы) эске алынабы? 13. Эл аралык булактарга кайрылууда коомдук (мамлекеттик) жана жеке менчик телеканалдар ортосунда кандай айырмалар бар? 14. Коомдук (мамлекеттик) жана жеке менчик телеканалдарда иштеген журналисттер коомчулукту маалымат менен камсыздоодо өздөрүнүн ролун кандай көрүшөт? 15. Кыргызстандык телеканалдарда эл аралык жаңылыктардын аз санда чагылдырылганын журналисттер эмне менен түшүндүрүшөт? Бул жагдай боюнча ойлору кандай? 16. Жооптуу журналисттер эл аралык аренада кандай жаңылыктарды чагылдыруудан качышат (кайсы темалар, региондор, өлкөлөр, конфликттер жб.) жана эмнеге?

Долбоордун темасы боюнча илимий иштердин байланышы: Изилдөөнүн теориялык бөлүгүндө Noam Chomsky, Joseph Nye, Robert McChesney, Daya Kishan Thussu, James Curran, Peter Golding, Graham Murdock, Anne Nelson, Amy Goodman сыяктуу эл аралык жаңылыктардын саясатка, коомго жана маданиятка тийгизген таасирин түшүнүүгө олуттуу салым кошкон изилдөөчүлөр жана эксперттердин эмгектерине баш багылат. Noam Chomsky эл аралык жаңылыктардын коомдук пикир менен саясий пикирди калыптандыруудагы ордун өзүнүн көптөгөн эмгектеринде баса белгилейт. Анын Edward Herman менен биргеликте жазган эмгеги Manufacturing Consent: The Political Economy of the Mass Media (1988) бул жааттагы эң белгилүү эмгек болуп эсептелет. Joseph Nye болсо Soft Power: The Means To Success In World Politics (2004) аттуу эмгеги менен жаңылыктардын “жумшак күч” катары бааланып коомдук дипломатиянын куралы катары көрүлүүсүнө жол ачкан. Глобалдашкан XXI кылымда бир гана Батыштын өнүккөн өлкөлөрү эмес, Чыгыштын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрү да дүйнөлүк тилдерде жаңылык тартуулаган телеканалдарын түптөшүп, эл аралык аренада “жумшак күч” каражаттарын активдештирүүнүн аракетинде. Чыгыш өлкөлөрүнөн чыккан мындай телеканалдарга Al Jazeera, Russia Today, CGTN, TRT World, Al Arabiya, PressTV сыяктуу мисалдарды берсе болот. Daya Kishan Thussu бул жагдайды эске алып, Media on the Move: Global Flow and Contra-Flow (2006) аттуу эмгегинде глобалдык маалымат алмашуусунда “агым” жана “каршы агым” концепцияларын сунган. Thussuнун айтымында, телекоммуникация тармагында “Батыш айтат, Чыгыш угат” деген классикалык формула актуалдуулугун жоготуп, дүйнө чыныгы глобалдуу кырдаалга карай жылып баратат, Чыгыш өлкөлөрү болсо Батыштан келген “агымга” каршы өздөрүнүн “каршы агымдарын” сунуш кыла алышат. James Curran, Myung-Jin Park, Daya Kishan Thussu, Joseph Nye ж.б. изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, эл аралык коммуникациялар буга чейин өнүккөн Батыш өлкөлөрүнүн артыкчылыгы болуп келген. Бирок, акыркы жылдардагы окуялар, мисалы, Түштүк жана Чыгыш Азияда маалымат технологияларынын тез өнүгүшү, Болливуд киносунун, Түштүк Кореянын кинематографиясынын жана поп маданиятынын, япон анимациясынын жана компьютердик оюндарынын популярдуулугунун өсүшү, ошондой эле Латын Америкасынын теледрамалары жана Араб кабар каналдары салттуу (же эски) гегемондордун артыкчылык статусун жеңүүгө түртүүчү факторлор катары каралышы керек. Бул изилдөө таянган адабияттардын баарын бул жерде чагылдыруу мүмкүн эмес, ошон үчүн ушулар гана менен чектелүү туура болот. Кыскасын айтканда, Чыгыш өлкөлөрү жана негизинен Азия чөлкөмү мурунку дүйнөлүк гегемондорго каршы таасирин күчөтүп жатканда, Кыргызстан да ичинде болгон Борбор Азия региону бул тенденциялардан артта калып жатат. Алар бир жагынан, дүйнөлүк кабарларда “жоктугу” же “өтө аздыгы” менен көңүл бурса, экинчи жагынан өз өлкөлөрүндө эл аралык жаңылыктарды өтө жетишсиз деңгээлде чагылдыргандыгы менен белгилүү. Бул изилдөөнүн актуалдуулугу – дүйнөдө эл аралык коммуникация жаатындагы кескин өзгөрүүлөр терең изилденип жатканда, “Кыргызстанга окшогон өлкөлөрдүн бул тенденциялардан обочолонуп калышын кантип түшүнүү керек?” жана “Бул жагдайдын кандай кесепеттери болушу мүмкүн?” деген сыяктуу суроолордун изилденбегенинде. Үчүнчү дүйнө өлкөсү катары Кыргызстандын жергиликтүү телеканалдарынын эл аралык кабарлардан артта калуусу буга чейин изилденген эмес. Бул проекттин актуалдуулугу жана жаңылыгы ушунда жатат. Кыргызстанда жана ага окшогон өлкөлөрдө эл аралык жаңылыктарды чагылдыруудагы чабалдык бир нече факторлордон көз каранды болушу мүмкүн. Алгач, телеканалдар жергиликтүү элге (а) түздөн-түз таасир эткени үчүн улуттук жана жергиликтүү окуяларга артыкчылык беришет. Көп медиа уюмдар (б) ресурстарынын жетишпегендигине (анын ичинде каржылоо жана кызматкерлери) байланыштуу эл аралык окуяларды толук чагылдыруу мүмкүнчүлүгүнөн чектелиши мүмкүн. Кээ бир учурларда өкмөт же башка бийлик структуралары массалык маалымат каражаттарына эл аралык окуяларды (в) чагылдырууда чектөө же кысым көрсөтүшү мүмкүн, айрыкча алар кошуна мамлекеттер менен болгон мамилелерге байланыштуу болот. Эгерде аудитория эл аралык жаңылыктарга олуттуу (г) кызыгуу көрсөтпөсө, ЖМК ресурстарды көрүүчүлөр же окурмандар үчүн жагымдуураак болгон башка жергиликтүү темаларга жумшаганды жакшы көрүшү мүмкүн. Кээ бир учурларда эл аралык жаңылыктарга жетүү (д) тилдик же маданий тоскоолдуктардан улам чектелиши мүмкүн, бул өлкөнүн чегинен тышкары окуялар тууралуу маалымат алууну кыйындатат. Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулук менен болгон эки тараптуу мамилелерине кайрыла турган болсок, бул өлкөнүн дүйнөлүк тенденциялардан жана кабарлардан алыс турганын айта алабыз. Буга байланыштуу, бул изилдөөнүн максаты кыргызстандык жергиликтүү телеканалдардын эл аралык жаңылыктарды чагылдыруу практикаларынын мүнөздөмөсүн ачып көрсөтүү болуп эсептелет. Бул маселенин жообу аныкталса, Кыргызстандын медиа коомчулугун өнүктүрүүгө багытталган сунуш-пикир айтууга мүмкүнчүлүк пайда болмок. БИБЛИОГРАФИЯ/ АДАБИЯТТАР 1. Adams, W. C. (1982). Covering the world in ten minutes. In W. C. Adams, Television coverage of international affairs. Norwood, NJ: Ablex Publishing Corporation. 2. Ahern, T. J. (1984). Determinants of foreign coverage in U.S. newspapers. In R. L. Stevenson, & D. L. Shaw, Foreign news and the new world information order (pp. 217-236). Ames: Iowa State University Press. 3. Auerbach, Y., & Bloch-Elkon, Y. (2005). Media framing and foreign policy: The elite press vis-a-vis US policy in Bosnia, 1992-95. Journal of Peace Research, 42 (1), 83-99. 4. Beaudoin, C. E., & Thorson, E. (2001). LA Times offered as model for foreign news coverage. Newspaper Research Journal, 22 (1), 80-93. 5. Berelson, B. (1952). Content analysis in communications research. Glencoe: The Free Press. 6. Bessaiso, E.Y. (2005). Al Jazeera and the War in Afghanistan: A Delivery System or a Mouthpiece? In The Al Jazeera Phenomenon: Critical Perspectives on New Arab Media (pp. 153-170), (Ed.) M. Zayani. London: Pluto Press. 7. Best, S. J., Chmielewski, B., & Krueger, B. S. (2005). Selective exposure to online foreign news during the conflict with Iraq. The Harvard International Journal of Press/Politics, 10 (4), 52-70. 8. Brosius, H. B., & Kepplinger, H. M. (1990). The agenda setting function of television news: static and dynamic views. Communication Research, 17, 183-211. 9. Chang, T. (1998). All countries not created equal to be news: World system and international communication. Communication Research, 25, 528-566. 10. Chang, T. K., Shoemaker, P., & Brendlinger, N. (1987). Determinants of international news coverage in the U.S. media. Communication Research, 14, 396-414. 11. Christie, T. B. (2006). Framing rationale for the Iraq war. The International Communication Gazette, 68 (5-6), 519-532. 12. Cohen, B. (1963). The press and foreign policy. Princeton, NJ: Princeton University Press. 13. Curran, James, and Park, Myung-Jin, (Ed.), (2005). De-Westernizing Media Studies. Taylor & Francis e-Library. 14. Emery, M. (1989). An endangered species: The international news hole. Freedom Forum Media Studies Journal, 3, 151-164. 15. Fiest, S. (2001). Facing down the global village: The media impact. In R. Kugler, & E. Frost, The global century (pp. 709-725). Washington, DC: National Defense University Press. 16. Friedman, T. L. (2005). The world is flat: A brief history of the twenty-first century. Farrar, Straus and Giroux. 17. Gatlung, J., & Ruge, M. H. (1965). The structure of foreign news. Journal of Peace Research, 2, 64-91. 18. Ghanem, S. (1997). Filling in the tapestry: The second level agenda-setting. In M. McCombs, D. L. Shaw, & D. Weaver, Communication and democracy: Exploring the intellectual frontiers in agenda-setting theory (pp. 3-14). Mahwah, NJ: Lawrence Eribaum Association. 19. Gilboa, E. (2005). The CNN effect: The search for a communication theory of international relations. Political Communication, 27-44. 20. Golan, G. J., Kiousis, S. K., & McDaniel, M. L. (2007). Second-level agenda setting and political advertising. Journalism Studies, 8 (3), 432-442. 21. Gowing, N. (1996). Real-time TV coverage from war. In J. Gow, R. Paterson, & A. Preston, Bosnia by Television. London: British Film Institute. 22. Gunther, A. C. (1998). The persuasive press inference: Effects of mass media on perceived public opinion. Communication Research, 25 (5), 486-504. 23. Gurevitch, M., & Blumler, J. G. (1990). Comparative research: The extending frontier. In D. L. Swanson, & D. Nimmo, New directions in political communication: A resource book (pp. 305-325). Newbury Park, CA: Sage. 24. Hallin, D., & Mancini, P. (2004). Comparing Media Systems: Three Models of Media and Politics. Cambridge University Press. 25. Hatchen, W. A., & Scotton, J. F. (2007). The world news prism: Global information in a Satellite Age. Blackwell Publishing. 26. Hester, A. (1971). An analysis of news from developed and developing nations. Gazette, 7, 30-40. 27. Hopkins, T. K., & Wallerstein, I. (1996). The age of transition: Trajectory of the world-system, 1945-2025. Atlantic Highlands, NJ: Zed Books. 28. Katz, E., & Lazarsfeld, P. F. (1955). Personal influence: The part played by people in the flow of mass communications. Free Press. 29. Khanna, Parag, (2019). The Future is Asian. Simon and Schuster. 30. Korzenny, F., del Toro, W., & Gaudino, J. (1987). International news media exposure, knowledge and attitudes. Journal of Broadcasting and Electronic Media, 31, 73-87. 31. Lacy, S., Riffe, D., Staci, S., Hugh, M., & Chang, K. (2001). Sample size for newspaper content analysis in multi-year studies. Journalism & Mass Communication Quarterly, 78 (4), 836-845. 32. Larson, J. F., & Hardy, A. (1977). International affairs coverage on network television news: A study of news flow. Gazette, 23, 215-241. 33. Lippmann, W. (1922). Public Opinion. Mineola, NY: Dover Publications. 34. MacKuen, M. B., & Coombs, S. L. (1981). More than news: Media power in public affairs. Beverly Hills, CA: Sage. 35. Malek, A. (1996). New York Times editorial position and US foreign policy: The case of Iran revisited. In A. Malek, News media and foreign relations: A multifaceted perspective (pp. 224-245). Norwood, NJ: Ablex. 36. McCombs, M. E., & Shaw, D. L. (1972). The agenda-setting function of the mass media. Public Opinion Quarterly, 36, 176-185. 37. McCombs, M. (2004). Setting the agenda: The mass media and public opinion. Malden, MA: Blackwell Publishing Inc. 38. McNelly, J. T., & Izcaray, F. (1986). International news exposure and images of nations. Journalism Quarterly, 63 (3), 546-553. 39. Merrill, J. C. (1995). Global Journalism. New York: Longman. 40. Page, B. (1996). Who deliberates? Mass media in modern democracy. Chicago: University of Chicago Press. 41. Peterson, S. (1981). International news selection by the elite press: A case study. Public Opinion Quarterly , 45, 143-163. 42. Pierre, H. (1982). The Times (London): News as literature. In M. Rice, Reporting U.S.-European Relations. Pergamon Press. 43. Reilly, J. (1979). American public opinion and U.S. foreign policy. Chicago: Chicago Council on Foreign Relations. 44. Riffe, D., & Budianto, A. (2001). The shrinking world of network news. International Communication Bulletin, 36, 12-35. 45. Salwen, M. B., & Matera, F. R. (1992). Public salience of foreign nations. Journalism Quarterly, 69 (3), 623-632. 46. Schramm, W. (1959). One day in the world's press. Stanford, Ca: Stanford University Press. 47. Schramm, W., & Atwood, L. E. (1981). Circulation of news in the third world: A study of Asia. Hong Kong: The Chinese University of Hong Kong Press. 48. Semetko, H. A., Brzinski, J. B., Weaver, D., & Willnat, L. (1992). TV news and U.S. public opinion and foreign countries: The impact of exposure and attention. International Journal of Public Opinion Research, 4 (1), 18-36. 49. Severin, W., & Tankard, J. (1988). Communication theories: Origins, methods, uses. New York: Longman. 50. Soroka, S. N. (2003). Media, public opinion, and foreign policy. Press/Politics, 8 (1), 27-48. 51. Takeshita, T. (1993). Agenda-setting effects of the press in a Japanese local election. Studies of Broadcasting, 29, 193-216. 52. Thussu, Daya Kishan, (2000). International Communication: Continuity and Change. London: Arnold. 53. Thussu, Daya Kishan, (2009). Why internationalize media studies and how? In Internationalizing Media Studies, (Ed.) Daya Kishan Thussu. Routledge. 54. Thussu, Daya Kishan, (2015). Reinventing “Many Voices”: MacBride and a Digital New World Information and Communication Order. Javnost-The Public, 22(3), 252-263. 55. Turk, J. V. (1986). Public relations' influence on the news. Newspaper Research Journal, 7, 15-27. 56. Wanta, W., & Hu, Y. (1993). The agenda-setting effects of international news coverage: An examination of differing news frames. International Journal of Public Opinion Research, 5, 250-264. 57. Wanta, W., Golan, G., & Lee, C. (2004). Agenda setting and international news: Media influence on public perceptions of foreign nations. Journalism & Mass Communication Quarterly, 81 (2), 364-377. 58. Wimmer, R. D., & Dominick, J. R. (1987). Mass media research: An introduction (5th Edition ed.). CA: Wadsworth, Inc. 59. Wu, H. D. (1998). Investigating the determinants of international news flow: A meta-analysis. The International Journal for Communication Studies, 60, 493-512. 60. Wu, H. D. (2000). Systemic determinants of international news coverage: A comparison of 38 countries. Journal of Communication, 50 (2), 110-130. 61. Zipf, G. (1946). Some determinants of circulation of information. American Journal of Psychology, 401-421.

Изилдөө долбоорунун натыйжасы: Изилдөө долбоорунун натыйжасында бир Скопус макала жарыяланат.

Файлдын аталышы Көрүү
Research Proposal. Шербол Жапаралиев.docx
Research Proposal. Шербол Жапаралиев.docx