Тitl

“Табиятта сейрек кездешкен декоративдүү жана дарылык касиети бар айрым өсүмдүктөрдү интродукциялоо методдорун иштеп чыгуу”


Долбоордун жетекчиси:

Каримов Болотбек

Долбоорду алып чыккан факультет:

ТТАТФ

Телефон номер:

0550138815

Буюртмачы:

ОшМУ

Каржылоо булагы:

ОшМУ

Каржы-н башка булактары (эгер бар болсо):

Сметалык баасы:

1098043

Долбоордун бардык чыгымдар менен баасы:

1098043

Зарыл болгон инвестициянын суммасы:

1098043

Долбоордун башталышы:

2024-09-01

Долбоордун аякталышы:

2026-09-01


Долбоордун сыпаттамасы


Изилдөөнүн кыскача аннотациясы (актуалдуулугу 200 сөздөн кем эмес): Өсүмдүктөрдү интродукциялоо-эксперименталдык ботаниканын маанилүү бөлүгү эсептелип, жаңы илимий багыт болуп саналат. Бул багыт бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн изилдөө методологиясын иштеп чыгып, теориялык негизин түздү. Өсүмдүктөрдүн интродукциясы башка флоралардан маданий жана жапайы өсүмдүктөрдү максаттуу түрдө тартуу болуп, өлкөнүн экономикасы үчүн кеңири перспективаларды ачат. Негизинен салыштырмалуу жарды табигый флораны байытууда, тамак-аш жана фармацевтика өнөр жайлары үчүн өсүмдүк сырьесу менен камсыздоо көйгөйлөрүн чечүүдө, айлана-чөйрөнү жакшыртууда жана оптималдаштырууда колдонулат. Мындан сырткары токой чарбасында өсүмдүктөрдүн жаны түрлөрүн колдонууда жана мергенчилик жайларынын тоют запастарын толуктоодо эң перспективдүү багыт болуп саналат. Өсүмдүктөрдү интродукциялоодо өлкөнүн экономикалык жана социалдык максатына ылайыктуулугун, экологиялык жана биологиялык коопсуздукту эске алуу менен кылдат комплекстүү илимий мамиле жүргүзүү керек. Интродукция процессинин маанилүү жагы болуп, өсүмдүктөрдүн эң репрезентативдик генофондунун түзүлгөндүгү саналат. Өнүккөн өлкөлөрдө дүйнөлүк флоранын өсүмдүктөрүнүн генетикалык ресурстары ботаникалык бактарда топтолгон. Мисалы, Белоруссиянын Башкы ботаникалык багынын коллекциялык фондусу 10 миңден ашуун таксонду түзөт, анын ичинен: Беларустун флорасынын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрү – 111, гүлдүү жана декоративдик чөптөр – 4,8 миң, дарактар жана бадалдар – 2,4 миң, күнөскана түрлөрү – 2,5 миң, дарылык жана жыпар жыттуу. – 290, салттуу эмес мөмө-жемиш – 190, тоют жана биоэнергетика – 60. Генофонддун сандык курамы тынымсыз өзгөрүп турат, акыркы жылдары интродукцияланган өсүмдүктөрдүн орточо жылдык өсүшү 4-5%ды түзүүдө. Интродукцияланган өсүмдүктөрдүн коллекциялары: тажрыйбалар үчүн баштапкы материал, жаңы өсүмдүктөрдүн экономикалык пайдалуу касиеттерин изилдөө үчүн объект жана өлкөнүн маданий флорасын байытуу үчүн булак болуп саналат. Өсүмдүктөрдү интродукциялоо иштери маданий флоранын байышын камсыз кылып, жашыл курулуш, гүл чарбасы, дары-дармек жана жыпар жыттуу өсүмдүк өстүрүү сыяктуу тармактардын калыптанышына жана өнүгүшүнө салым кошот. Дары жана жыпар жыттуу өсүмдүктөрдү өстүрүү экономикалык жактан абдан натыйжалуу.

Акыркы 5 жыл ичинде аткарган долбоорлор боюнча маалымат: Долбоор жетекчиси Б.А.Каримов тарабынан акыркы 5 жыл аралыгында аткарылган долбоорлор: 1. «Кулун-Ата мамлекеттик коругунун флорасын изилдөө жана гербардык фондун түзүү» ГАООСЛХ КР каржылаган, 2018-жыл. 2. «Алай жана Чон-Алай райондорунун флора жана фаунасы аркылуу туризмди өнүктүрүү» Kyrgyzstan Programme Office Helvetas аркылуу каржыланган, 2019-жыл. 3. “ОшМУнун ботаникалык багында биогумус өндүрүү”. ОшМУ каржылаган. 2022-2023-жылдар.

Долбоорду изилдөөнүн максаты,милдети жана объектиси: Долбоордун негизги максаты- декоративдүү жана айрым дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү интродукциялоо методдорун иштеп чыгуу менен ОшМУнун ботаникалык багын окуу-илимий аянтчага айлантуу болуп саналат. Биз тандаган объект – Ош областынын Алай райундагы Гүлчө (Куршаб) дарыясынын алабынын табигый экосистемаларында таркалган декоративдүү жана айрым дарылык касиети бар өсүмдүктөрү саналышат. Бул аймакта соңку мезгилде кышын-жайын адамдардын эс алуусу үчүн атайын эс алуучу аянчалар (“Чыйырчык”, “Жылуу-суу”, “Сары-Ой”, “Аюу-Тапан”, “Үч-чат”, “Көлдүк көлү”, “Кежиге көлү”, “Талдык” ж.б.) ачылып, элге кызмат көрсөтүп жатат. Мындан сырткары жергиликтүү элдин баары мына ушул аймактарга жайлоого чыгып, мал багып келишет. Натыйжада антропогендик факторлордун бардыгы аймактын флорасына жана фаунасына терс таасирин тийгизип, табийгый шартта кездешкен эндемикалык өсүмдүктөрдүн азайып барышына - табиятыбыз үчүн олуттуу коркунучтуу жагдайларды жаратууда. Гүлчө (Куршаб) дарыясынын алабынын табигый экосистемаларынын трансформациялануусунун натыйжасында өсүмдүктөрдүн кээ бир түрлөрү жок болуп, айрымдары сейректенип, көбү деградацияга кабылууда. Ошондуктан, өсүмдүктөрдү табигый чөйрөсүндө сактоонун эң ишенимдүү ыкмаларынын бири – бул ОшМУнун ботаникалык багында эндемикалык, реликттик жана сейрек кездешүүчү түрлөрдү өстүрүү болуп саналат. Натыйжада өсүмдүктөрдү мурдагы өскөн аймактарына кайтаруу үчүн резервдик фонд түзүлүп жана чарбалык баалуу түрлөрдү пайдаланууга мүмкүнчүлүк жаралат. Жыйынтыктап айтканда, Алай райундагы Гүлчө (Куршаб) дарыясынын алабынын табигый экосистемаларында кездешкен декоративдүү жана дарылык касиети бар айрым өсүмдүктөрдү интродукциялоо методдорун иштеп чыгуу зарыл. Ал үчүн:  Алай райундагы Гүлчө (Куршаб) дарыясынын алабынын табигый экосистемаларынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн абалын баалоо;  өсүмдүктөрдү мурдагы өскөн жерлерине кайтаруу үчүн резервдик фондду түзүү, жоголуп бара жаткан декоративдүү жана дарылык касиети бар өсүмдүктөр боюнча маалыматтарды топтоо;  ботаникалык бакта жоголуп бара жаткан декоративдүү жана дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн түрлөрүн өстүрүүнүн методдорун иштеп чыгуу;  сейрек кездешүүчү түрлөрдү өстүрүү, декоративдүү өсүмдүктөрдү көбөйтүп, сатууга чыгаруу;  интродукцияланган декоративдүү жана дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн атласын чыгаруу;  илимий изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча макалаларды Скопус, РИНЦ базаларында жарыялоо жана конференцияларда баяндама жасоо керек.

Долбоордун идеясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана изилдөөнүн методу: Байкоо жана салыштыруу изилдөөнүн негизги ыкмалары болуп саналышат. Эки ыкма тең экспедиция учурунда колдонулат, анткени ал жерде эксперимент жасоого мүмкүн болбогондуктан өсүмдүктөрдүн табигый өсүшүнүн негизинде интродукция шартына салыштыруу жүргүзүлөт. Интродукцияланган түрлөрдү изилдөө методдорунун негизгиси эксперимент эсептелет. Анын жардамы менен контролдонуучу жана башкарылуучу шарттагы процесстер, интродукцияланган түрлөрдүн уруктарынын сапаты лабораториялык шарттарда изилденет. Синтез методу изилденип жаткан өсүмдүктөрдүн акклиматизация процессинин өзгөчөлүктөрүн жалпылоону камтыйт, интродукцияланган түрлөрдүн өсүп-өрчүү шарттарын аныктайт. Гүлдүү жана декоративдүү өсүмдүктөрдү изилдөө үчүн: фенологиялык байкоолор; интродукциянын натыйжалуулугуна жана туруктуулугуна баа берүү; өсүмдүктөрдүн кооздугуна баа берүү; үрөндүн көрсөткүчтөрүн (өнүү, жашоо жөндөмдүүлүгү ж.б.) изилдөө.

Долбоордун башка өзгөчөлүктөрү: - Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого көмөкчү болот; - Туруктуу өнүгүүгө жетишүүгө салым кошот; -ОшМУнун “Жашыл университет” аталышына кадам болот; - Сейрек кездешүүчү түрлөрдү өстүрүү, декоративдүү өсүмдүктөрдү көбөйтүп, сатууга чыгат.

Долбоордун темасы боюнча илимий иштердин байланышы: Өзбекстан Илимдер академиясынын ботаникалык институту; Казакстандын Улуттук Илимдер академиясынын ботаникалык багы, Сары-Челек биосфералык коругу, Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыштык паркы, Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыштык паркы

Изилдөө долбоорунун натыйжасы: Алай райундагы Гүлчө (Куршаб) дарыясынын алабынын табигый экосистемаларынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн абалынын жакшырышына, жалпысынан Кыргызстандын флорасынын байышына шарт түзөт. - Сейрек кездешүүчү декоративдүү жана дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү ботаникалык бактарда өстүрүү методу иштелип чыгат; - Алай райундагы Гүлчө (Куршаб) дарыясынын алабынын табигый экосистемаларында кездешкен өсүмдүктөр флорасы инвентаризацияланат; - Интродукцияланган өсүмдүктөрдүн атласы жарык көрөт; - Иштелип чыккан интродукциялоо методдору боюнча макалалар Scopus жана Web of Science базаларында жарыяланат;

Файлдын аталышы Көрүү
Заявка Проект Б.А.Каримов.doc
Заявка Проект Б.А.Каримов.doc