Тitl

ВИЧ- инфекциясынын энеден балага жугуу жолун алдын алуу жана оорулуу аялдардан төрөлгөн балдардын ден-соолугунун калыптанышы


Долбоордун жетекчиси:

Бугубаева Махабат Миталиповна - медицина илимдеринин кандидаты, Улуттук аттестациялык комиссиянын доценти, клиникалык дисциплиналар 2 кафедрасынын башчысы

Долбоорду алып чыккан факультет:

Эл аралык медицина факультети

Телефон номер:

0555723311

Буюртмачы:

ОшМУ

Каржылоо булагы:

ОшМУнун атайын эсебинен

Каржы-н башка булактары (эгер бар болсо):

-

Сметалык баасы:

825000

Долбоордун бардык чыгымдар менен баасы:

825000

Зарыл болгон инвестициянын суммасы:

0

Долбоордун башталышы:

2024-10-02

Долбоордун аякталышы:

2026-12-31


Долбоордун сыпаттамасы


Изилдөөнүн кыскача аннотациясы (актуалдуулугу 200 сөздөн кем эмес): Кыргыз Республикасында ВИЧ-инфекциясын жуктурган адамдардын, анын ичинде репродуктивдүү курактагы жаш аялдарды каттоосунун жаңы учурлары көбөйүүшу бул ооруу менен аялдардын арасында кош бойлуутуктун, төрөттүн жана ВИЧ менен перинаталдык байланышта болгон балдардын түздөн-түз өсүшүнө алып келет. ВИЧ-инфекциясынын энеден балага жугушун алдын алуу боюнча эффективдүү, өз убагында жана адекваттуу иш-чаралардын жоктугу вертикалдуу жол менен жуккан ВИЧ-инфекциялуу балдардын санынын өсүшүнө да алып келет. Заманбап ВИЧ-инфекциясынын энеден балага жугушун алдын алуу ооруну өз убагында диагностикалоону жана кош бойлуу аялдарда ВИЧ-инфекциясынын жогорку тобокелдик факторлорун аныктоону, аялдарда жана балдарда ART (антиретровирустук терапия), кош бойлуулукту жана төрөттү алып баруу тактикасын, ошондой эле биринчи кезекте баланы байкоо жургузууну камтыйт. Адегенде Кыргыз Республикасында ВИЧ-инфекциял менен ооруган балдар ооруканаларында парентералдык (кан аркылуу) жол аркылуу жугуу менен катталган, ал эми акыркы жылдары - ВИЧ-инфекциясы менен орруган аялдардан вертикалдык жол аркылуу жугуу байкалып катталып келе жатат. ВИЧ-инфекциясынын энеден балага жугушун алдын алуу боюнча эффективдүү, өз убагында жана адекваттуу чаралардын болушу олкобуздо ВИЧ-инфекциясын вертикалдуу түрдө жуктуруп алган балдардын санынын түздөн-түз кыскарышына алып келет. ВИЧ-инфекция аныкталган энелерден торолгон балдардын көбү дени сак (таза) бойдон калууда, бирок ВИЧ менен перинаталдык байланыш баланын төрөлгөндөн кийинки өнүгүүсүнө олуттуу таасир этиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ВИЧ-инфекциясынын энеден балага жугушун алдын алуу боюнча көптөгөн клиникалык протоколдору бар жана алар мезгил-мезгили менен жаңыланып турат. Бирок, ВИЧ менен перинаталдык байланышта болгон балдардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн ден - соолукту өнүктүрүүнүн индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен андан кийинки медициналык-социалдык реабилитациялоо, байкоо жүргүзүү жана алдын алуу схемалары жетишээрлик деңгээлде иштелип чыга элек.

Акыркы 5 жыл ичинде аткарган долбоорлор боюнча маалымат: -

Долбоорду изилдөөнүн максаты,милдети жана объектиси: 1. Кыргыз Республикасындагы кош бойлуу аялдардын ВИЧ-инфекциясынын абалынын өзгөчөлүктөрүн изилдөө; 2. 2005-2024-жылдарга Кыргыз Республикасындагы ВИЧ-инфекциясынын энеден балага жугушун алдын алуу боюнча иш-чаралардын этаптарына жана натыйжалуулугун ишке ашырылган улуттук клиникалык протоколдорго жана рекомендацияларга талдоо, ошондой эле перинаталдык ВИЧ инфекциясын жоюу (жок кылуу) мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо; 3. ВИЧ-инфекциясы бар аялдардан төрөлгөн балдардын ден соолугунун калыптанышын, баланын ВИЧ-статусунун вариантына жараша изилдөө; 4. ВИЧ инфекциясы бар энелер менен перинаталдык байланышта болгон, ВИЧ-инфекциясынын терс статусу бар балдардын физикалык жана психикалык өнүгүүсүн, ошондой эле иммунологиялык абалын (CD4, CD8, CD4/CD8, АЧЛ (лимфоциттердин абсолюттук саны)) изилдөө үчүн, алардын курактык ченемдерден четтөө даражасын аныктоо, ошондой эле байкоо жүргүзүү жана алдын алуу принциптерин оптималдаштыруу; Изилдөөнүн предмети: репродуктивдүү курактагы ВИЧ-позитивдүү аялдар, ВИЧ-инфекциясы бар кош бойлуу аялдар, ВИЧ-инфекциясы аныкталган жана ишке аныкталбаган аялдардан төрөлгөн балдар, ВИЧ-инфекциясы жок (таза) энелерден төрөлгөн балдар.

Долбоордун идеясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана изилдөөнүн методу: Пландалган илимий долбоор кан аркылуу таралган вирустук гепатиттерге жана ВИЧке каршы күрөшүү боюнча республикалык (РЦ КГВГиВИЧ) жана Ош облустук кан аркылуу таралган вирустук гепатиттерге жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусуна каршы күрөшүү борборлорунун (ООЦКГВГиВИЧ) ВИЧ-инфекцияга чалдыккан оорулуулардын учурлары катталган расмий статистикалык маалыматтары (Форма № 4а), (форма № 4), 1996-2024-жылдар үчүн ВИЧ-инфекциясы бар аялдарды жана перинаталдык ВИЧ-инфекциясы бар балдарды диспансердик байкоо карталары (форма № 4б) жана ВИЧ менен перинаталдык байланышта болгон балдардын жашаган жери боюнча амбулатордук карталары колдонулат. Мындан тышкары, ВИЧ-инфекциялуу энелер менен перинаталдык байланышта болбогон (ден соолугу чың) балдар кирет. Изилдөө картасын 3 топ боюнча иштеп чыгуу пландаштырылууда: Алардын өзгөчөлүктөрүн аныктоо үчүн ВИЧ менен перинаталдык байланышта болуп ВИЧ-инфекциясы жуккан (120 даана) жана жукпаган балдар (120 даана) жана ВИЧ-инфекциясы аныкталбаган энелерден төрөлгөн балдар үчүн (120 даана) физикалык жана психикалык өнүгүү жана иммунологиялык абалы (CD4, CD8, CD4/CD8, АЧЛ) изилденет. Физикалык өнүгүүнү баалоо бардык 3 топтогу 5 жашка чейинки балдардын антропометрикалык маалыматтарын Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун стандарттары менен (2006-ж.) салыштыруу жолу менен жүргүзүлөт, мисалы алсак “салмак/жаш”, “салмак/бой” жана “бой/жаш” сыяктуу индекстер стандарттык четтөөлөр (SD) диапазонундагы баланын жынысын эске алуу менен эсептелет. -2СО<↔>2СО - жетиштүү салмакка жана бойго жетип жаткан дени сак балдардын салмагы жана бою кирет. Ал эми, 5 жаштан жогорку балдардын антропометрикалык өлчөөлөрү боюн, салмагын, көкүрөктүн айланасын өлчөөнү камтыйт жана стандарттуу ченөө каражаттарын пайдалануу менен бирдиктүү методика боюнча жүргүзүлөт. ВИЧ-инфекциясынан улам перинаталдык контактта болгон жана жок балдардын нейропсихологиялык өнүгүшүнө баа берүү психикалык активдүүлүктүн калыптануу темпине баа берүүдөн, анын ичинде эмоционалдык жана сүйлөө өнүгүү ылдамдыгын жана кыймыл аракетинин калыптанышын (кыймылынын жана сүйлөө темпи) изилдөөдөн турат. Иммунологиялык изилдөө ыкмалары QIAGEN фирмасынын Bekman Coulter Inc аппаратынын (Австрияда өндүрүлгөн) жардамы менен лазер агымынын цитометриясын колдонуу менен популяциянын абсолюттук жана салыштырмалуу санын аныктоо менен лимфоциттердин-дифференциялоо кластерлеринин (CD) беттик маркерлерин аныктоо үчүн жүргүзүлөт. CD4 жана CD8 лимфоциттеринен алынган маалыматтардын негизинде иммундук жөнгө салуу индекси (CD4/CD8) жана АЧЛ эсептелет. Балдардын иммунологиялык статусунун деңгээлин өлчөө иммундук жетишсиздиктин тереңдигин аныктоого мүмкүндүк берет.

Долбоордун башка өзгөчөлүктөрү: ВИЧ-инфекциясы менен перинаталдык байланышта болгон балдардын ден-соолугун калыптандыруунун иштелип чыккан моделдери прогноздук мааниге ээ болот жана балдарды текшерүүнүн жана медициналык-социалдык реабилитациялоонун оптималдуу алгоритмин иштеп чыгуу үчүн негиз болот. Алынган маалыматтардын негизинде физикалык, нейропсихикалык, ошондой эле иммунологиялык көрсөткүчтөрдү талдоонун жыйынтыгыны экспертизанын негизинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан ВИЧ/СПИД боюнча протоколуна ВИЧ-инфекциясы бар энелерден төрөлгөн балдарды текшерүү алгоритмин оптималдаштыруу боюнча сунуштар киргизилет. ВИЧ-инфекциясын энеден балага жугуу жолун алдын алуунун эң эффективдүү антиретровирустук терапия (АРТ) режимин аныктоо практикалык мааниге ээ. Иштин натыйжалары медициналык жогорку окуу жайлардын студенттерин, үй-бүлөлүк дарыгерлерди, педиатрларды жана балдардын инфекционисттерин даярдоодо колдонулат.

Долбоордун темасы боюнча илимий иштердин байланышы: Биринчи жолу ВИЧ-инфекциясынын перинаталдык профилактикасынын сапатына социалдык факторлордун таасири жана төрөткө чейинки, интра- жана постнатальдык мезгилде инфекцияга көмөктөшүүчү факторлорго баа берүү менен ВИЧ-инфекциясынын энеден балага жугушун алдын алуу натыйжалуулугуна таасир этүүчү себептер аныкталат. Биринчи жолу ВИЧ-инфекция аныкталган энелерден төрөлгөн балдардын физикалык жана нейропсихикалык өнүгүүсү, иммундук системасы, ооруу жана ден соолугунун калыптанышы ВИЧ-инфекциясын энеден балага жугуу жолун алдын алуунун комплексинин көлөмүнө жараша изилденет.

Изилдөө долбоорунун натыйжасы: Алынган маалыматтар ВИЧ-инфекциялуу энелерден төрөлгөн балдарды текшерүүнүн жана медициналык-социалдык реабилитациялоонун оптималдуу алгоритмин иштеп чыгуу үчүн негиз боло алат. Scopusта индекстелген журналдар үчүн 2 макала жарыкка чыгат: 1. Кыргыз Республикасында ВИЧ-инфекциясынын энеден балага жугушун алдын алуунун натыйжалуулугун жана перинаталдык ВИЧ-инфекциясын жоюу мүмкүнчүлүгүн талдоо; 2. Кыргыз Республикасында ВИЧ инфекциясы менен перинаталдык байланышта болгон балдардын ден соолугун калыптандыруу;

Файлдын аталышы Көрүү
Project Rroposal_Bugubaeva_Mahakbat_Mitalipovna. IMF. OshSU.docx
Project Rroposal_Bugubaeva_Mahakbat_Mitalipovna. IMF. OshSU.docx