Тitl

“Ландшафтык ферма”


Долбоордун жетекчиси:

улук окут. Алимбай Сатыбаев

Долбоорду алып чыккан факультет:

Табиятты тануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети

Телефон номер:

+996776803057

Буюртмачы:

ОшМУ

Каржылоо булагы:

ОшМУнун атайын эсебинен

Каржы-н башка булактары (эгер бар болсо):

-

Сметалык баасы:

973090

Долбоордун бардык чыгымдар менен баасы:

973090

Зарыл болгон инвестициянын суммасы:

973090

Долбоордун башталышы:

2022-10-01

Долбоордун аякталышы:

2024-10-01


Долбоордун сыпаттамасы


Изилдөөнүн кыскача аннотациясы (актуалдуулугу 200 сөздөн кем эмес): Изилдөөнүн кыскача аннотациясы: Ош мамлекеттик университетинин табият таануу, туризм жана агротехнологиялар факультетинде (ТТАТФ) «Агрономия», «Биология», «Химия» жана «Биология жана химия» багыттары боюнча студенттер негизги дисциплина катары гүл өстүрүү жана бакчачылыкты окушат. Долбоорунун алкагында ТТАТФнын ботаникалык багында бир жылдык жана көп жылдык гүлдөрдүн көчөттөрүн өстүрүү жана сатуу боюнча бизнес аянтчасы пайда болуп, илимий негизделген ландшафттык дизайн, гүлдөрдү өстүрүүнүн инновациялык ыкмалары боюнча келечектеги флорист ишкерлердин стартаптары үчүн борбор түзүлөт. Ош шаарынын көчөлөрүн көрктөндүрүү үчүн гүл уруктары, асма гүл идиштери, көчөттөр үчүн кутучалар жана чөйчөктөр Кытай өлкөсүнөн сатылып алынып, 7х12 м өлчөмүндөгү 3 күнөскана ОшМУнун ТТАТФнын ботаникалык багына орнотулат. Долбоорду аткаруу үчүн студенттер конкурстук негизде кабыл алынат. Гүл өстүрүү технологиясын жана бизнестин негиздерин үйрөнгөндөн кийин, алар жыл сайын стартаптар аркылуу гүл бизнеси менен жаңы стартап ишкерлери чыгарылат. Негизги керектөөчүлөр болуп Ош шаарынын тургундары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, билим берүү мекемелери, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана маданият мекемелери эсептелишет. Бүгүнкү күндө Ош шаарынын мэриясы тарабынан көчөттөрдү жана бир жылдык гүлдөрдү сатып алууга ири суммадагы каражат жумшалат. Ошондуктан, шаарды жашылдандыруу максатында алар биз өндүргөн сапаттуу көчөттөрдү, аймактын ландшафтын жана имараттардын фасаддарын гүлдөр менен кооздоо үчүн продукцияларыбызга буйрутма берүүгө даяр.

Акыркы 5 жыл ичинде аткарган долбоорлор боюнча маалымат: -

Долбоорду изилдөөнүн максаты,милдети жана объектиси: Ош мамлекеттик университети Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын арасында флагман жана Борбордук Азиядагы билим берүү жана илимий борбор болуп саналат. Учурда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да ири жана кичи бизнес жогорку темп менен өнүгүп жатат. Заманбап экономикалык мамилелерди чакан бизнессиз - жаңы бизнес орундарын ачуусуз жана жумушчу орундарды түзбөй элестетүү кыйын. 3-муундагы университет илимди бизнес менен байланыштырууга жана студенттик коомчулуктан жаш ишкерлерди чыгаруу үчүн стартаптарга ээ болууга милдеттендирет. Гүл өстүрүү күнүмдүк турмушта абдан кеңири таралган, дээрлик ар бир адам аларды сатып алып өстүрүүнү жактырат. Акыркы мезгилде имараттардын фасаддарын гүлдөр менен кооздоо тенденцияга айланып, шаардын аймактарын ландшафттык дизайнга жана көрктөндүрүүгө көп көңүл бурулууда. ЖОЖдордо студенттер гүл өстүрүү боюнча билимге жана тажрыйбага ээ болушат, ал эми бизнести уюштуруу бүтүрүүчүнүн жеке демилгеси бойдон калууда. Гүл өстүрүүнүн далилдүү жана инновациялык ыкмаларынын элементтерин колдонуу менен практикага багытталган окутууну уюштуруу, ошондой эле жаш гүл өстүрүүчүлөрдү даярдоо үчүн стартаптарды уюштуруу бүгүнкү күндүн актуалдуу маселеси болуп саналат. Долбоордун максаты: ОшМУнун ТТАТ факультетинин Ботаникалык багынын базасында гүлдөрдүн көчөттөрүн өстүрүү, имараттардын фасаддарын түрдүү дизайндагы гүлдөр менен кооздоо, ландшафттык аймактарды жаратуучу «Ландшафт фермасы» окуу-илимий лабораториясын түзүү. Долбоордун милдеттери: - Поликарбонат менен жабылган 3 күнөскана сатып алуу жана орнотуу (анын ичинде 1 күнөскана жаңыдан баштагандар үчүн) жана бул предметтер боюнча практикалык көндүмдөрү өтүү; - Кытай өлкөсүнөн үрөндөрдүн сортторун, гүлдөрдүн көчөттөрүн жана идиштерди сатып алып, бир жылдык жана көп жылдык гүлдөрдү өстүрүү жана Ош шаарынын калкына, мекемелерине жана мэриясына сатуу (шаардын көчөлөрүн, дубалдарын, имараттын фасаддарын жасалгалоо ж.б.); - Гүлдөр рыногунда өз ордун ээлеген маркетингдик иш-чараларды уюштуруу; - Гүлдөрдүн жаңы сортторун өстүрүүнүн илимий негизделген жана инновациялык ыкмаларын киргизүү (басылмалар, усулдук колдонмолор жана гүлдөрдү инновациялык ыкмалар менен өстүрүү боюнча нускамаларды жазуу); - Студенттердин арасынан гүл өстүрүүчү ишкерлерди даярдоо; - ТТАТФнын студенттери үчүн окуу практикасын уюштуруу; - Башка университеттер жана колледждер арасында тажрыйба жайылтуу; - ТТАТ факультеттин киреше булагын түзүү. Бизнес-долбоордун изилдөө объектиси болуп бир жылдык жана көп жылдык гүлдөр менен жашылдандырууга тийиш болгон Ош шаарынын жана Ош областынын аймагы, ошондой эле асма идиштеги гүлдөр менен кооздолгон имараттардын фасаддары жана аймактардын ландшафттык дизайны саналат.

Долбоордун идеясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана изилдөөнүн методу: «Ландшафтык чарба» окуу-илимий лабораториясынын долбоору практикалык максатты карайт. Натыйжада бир жылдык жана көп жылдык гүлдөрдүн көчөттөрүн өстүрүү жана сатуу бизнеси, гүл өстүрүүнүн илимий негизделген инновациялык ыкмалары жана ландшафт дизайнына багытталган гүл бизнесинде маркетинг иш-аракеттери менен байланышкан.

Долбоордун башка өзгөчөлүктөрү: Долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү болуп төмөнкүлөр саналат: Гүлдөрдүн жаңы сортторун өстүрүүнүн илимий негизделген жана инновациялык ыкмаларын киргизүү (басылмалар, усулдук колдонмолор жана гүлдөрдү инновациялык ыкмалар менен өстүрүү боюнча нускамалар). Студенттердин арасынан гүл өстүрүүчү ишкерлерди даярдоо жана факультеттин киреше булагын түзүү.

Долбоордун темасы боюнча илимий иштердин байланышы: ТТАТ факультетинин кафедралары тарабынан жүргүзүлүп жаткан илим-изилдөө темалары менен шайкеш келет.

Изилдөө долбоорунун натыйжасы: 1. Ботаникалык бак заманбап үч күнөскана менен камсыз болот. 2. Студенттерге ишкердиктин жана гүл өстүрүүчүлүктүн негиздерин үйрөтүүчү жана практикага багыттаган илимий изилдөөчү база түзүлөт. 3. Студенттер үчүн жумуш орундары түзүлөт. 4. ТТАТФ студенттеринин окуу практикасы үчүн туруктуу база уюштурулат. 5. Ландшафттык дизайн, имараттардын фасаддарын гүлдөр менен кооздоо жана жашылдандыруу аркылуу Ош шаарынын эстетикалык жана экологиялык абалы жакшыртылат.

Файлдын аталышы Көрүү