Тitl

Кыргызстандын түштүк аймактарындагы этнографиялык изилдөөлөр (Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы экспедициялардын негизинде)


Долбоордун жетекчиси:

Асанканов Абылабек

Долбоорду алып чыккан факультет:

Тарых факультети

Телефон номер:

0772721537

Буюртмачы:

ОшМУ

Каржылоо булагы:

ОшМУ

Каржы-н башка булактары (эгер бар болсо):

ЖОК

Сметалык баасы:

600000

Долбоордун бардык чыгымдар менен баасы:

600000

Зарыл болгон инвестициянын суммасы:

0

Долбоордун башталышы:

2022-10-01

Долбоордун аякталышы:

2023-10-01


Долбоордун сыпаттамасы


Изилдөөнүн кыскача аннотациясы (актуалдуулугу 200 сөздөн кем эмес): Кылымдар бою топтолгон баалуу материалдык жана материалдык эмес (руханий) маданий мурастарды изилдөө, чогултуу, сактоо жана калыбына келтирүү, аны натыйжалуу пайдалануу, улуттук маданиятты өнүктүрүүдө жана келечек муунга, урпактарга өткөрүп берүү өзгөчө актуалдуу маселе болуп саналат. Биринчиден, салттуу турак-жай, кийим-кече, идиш-аяк, тамак-ашы, устачылык, уз-чеберчилик, токуучулук, өрмөкчүлүк, элдик медицина, элдик педагогика, сөз чеберчилиги,каада-салт, үрп-адат, ырым-жырым, прикладдык практиканын айрым түрлөрү,көркөм кол өнөрчүлүктүн кадимки технологиялары жок болуп кетиши мүмкүн экенин моюнга алуу керек. Андыктан, ааламдашуу жана техникалык прогресс доорунда өз элиңдин элдик өнөрүн, тилин, маданий салттарын жоготпоо абдан маанилүү. Уруулардын, улуттардын жана элдердин келип чыгышын жана отурукташкандыгын, алардын маданиятынын жана турмуш-тиричилигинин спецификалык өзгөчөлүктөрүнүн калыптанышын, тарыхый жана маданий-тиричилик мамилелерин жана өз ара байланыштарын изилдөө бүгүнкү күндө актуалдуу маселелерден болуп саналат. Андыктан, Кыргызстандын түштүк облустарынын тоолуу жана жарым тоолуу субрегиондорунда үч багытта (Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына) этнографиялык экспедициялар уюштурулуп, салттуу кыргыз этнографиясынын маалыматтары чогултулуусу зарыл. Тактап айтканда, Ош облусунун Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондору, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Чаткал райондору, Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондоруна багытталуусу талапка ылайык. Изилдөө мектеп окуучуларынын, чыгармачыл жаштардын жана чоңдордун көркөм кол өнөрчүлүгүнүн маанилүү түрлөрүнүн бирине болгон кызыгуусун жандандырууга, кол өнөрчүлүктү жандандырууга, баалуу ырым-жырымдарын, салттарын сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган. Долбоор кызыктуу болот, алсак, алар мастер-класстарга катышат, автордук буюм жасашат. Долбоордун жыйынтыктоочу этабында көргөзмө-сатуу уюштурулат, анда бардык катышуучулар өздөрүнүн автордук презентацияларын жасашат жана практикалык сунуштарын беришет.

Акыркы 5 жыл ичинде аткарган долбоорлор боюнча маалымат:

Долбоорду изилдөөнүн максаты,милдети жана объектиси: Максаты: кыргыз элинин маданиятын сактоо, өнүктүрүү, жайылтуу боюнча илимий этнографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана улуттук элдик оозеки чыгармачылыкты, каада-салтты, үрп-адаттарды, улуттук оюндарды, көркөм кол өнөрчүлүк, уз-чеберчилик, улуттук кийим-кечелер, салттуу тамак-аштар жана прикладдык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана этнографиялык изилдөө борборун негиздөө. Милдети: - түштүк аймактарынын элдин арасындагы салттуу маданияттын ар кандай түрлөрүн жана формаларын чогултуу, сактоо, талдоо боюнча этнографиялык изилдөө борборун түзүү; - көркөм кол өнөрчүлүгүнүн алып жүрүүчүлөрдүн, уз-чеберлердин, санжырачылардын чыгармачылык демилгелерин, таланттарын колдоо; - элдик фольклорго жана сөз чеберчилигине кызыккан жаштарды тарбиялоодо салттуу маданиятты баалоо жана жайылтуу үчүн шарттарды түзүү; - Улуу муундардан түзүлгөн атайын салтуу билимдерге ээ болгон топтордун ыктыярдуу түрдө жаштарга өз тажрыйбаларын (элдик медицина, каада-салттар, элдик календарь, тарбия жана этикет нормаларын) үйрөтүүгө демилгелөө. - Элдин арасынан топтолгон маалыматтардын негизинде атайын методикалык колдонмолор жана жыйнактарды чыгарыруу. Обьектиси: Кыргызстандын түштүк аймактары, тактап айтканда, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондору жана айылдары

Долбоордун идеясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана изилдөөнүн методу: Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түштүк аймактарындагы сакталып калган жана жоголуп бара жаткан салттуу материалдык жана материалдык эмес мурастар тоолуу жана алыскы аймактардагы субрегиондордо сакталгандыгына байланыштуу, аларды жандандыруу жана жайылтуу максатында этнографиялык табылгаларды изилдөө мүмкүнчүлүктөрү бар. Изилдөөнүн методу: Салтуу маданиятты изилдөөдө теориялык жана эмпирикалык методдорду колдонуу менен аймактарда талаа изилдөөлөрү жүргүзүлөт: - стационардык байкоо жүргүзүү; - маалымат берүүчүлөрдү оозеки сурамжылоо; - визуалдык ыкма; - аналитикалык талдоо; - тарыхы-салыштырмалуулук; - статистикалык маалыматтарды талдоо;

Долбоордун башка өзгөчөлүктөрү: . Кыргыздар башка көчмөн уруулар жана элдер менен (алтай, хакас, тува, телеут, башкыр, бурят, татар, кумандин, казак, кара калпак ж.б.) этногенетикалык жана этномаданий байланышта болгондуктан, изилдөө иштерине кызыккан чет элдик изилдөөчүлөрдү тартууга жана эл аралык деңгээлде экспедицияларды уюштурууга болот.

Долбоордун темасы боюнча илимий иштердин байланышы:

Изилдөө долбоорунун натыйжасы: Салттуу маданиятты жайылтуу боюнча этнографиялык изилдөө борборун түзүү жана анда илимий иштерди жүргүзүлөт; Изилдөөлөрдүн натыйжасында илимий публикациялар жарыкка чыгарылат, фотокөргөзмө, презентациялар, мастер-класстар уюштурулат, жарнамалык буклеттер чыгарылып, коомчулукка таратылат. Кыргыздын нукура, экологиялык жактан таза, салттуу тамак-ашы, кийим-кечеси даярдалат, кол өнөрчүлүгүнүн буюмдары иштеп чыгарылып, аларды жергиликтүү элге жана чет элдиктерге сатуу жарманкелерин уюштурулат.

Файлдын аталышы Көрүү