Тitl

Майыптуулукту изилдөө жана майыптуулугу бар жаштарды маалыматтык-консультациялык колдоо борборунун виртуалдык платформасын (сайты) түзүү жана Скопус журналга макала жарыялоо


Долбоордун жетекчиси:

Каримова К.У. Социология илимдеринин кандидаты, Тарых жана социалдык иштер факультетинин социалдык иштер кафедрасы. Долбоордун координатору: Ражапова Н.А Саяс.и.к., Эл аралык мамилелер факультети.

Долбоорду алып чыккан факультет:

Тарых жана социалдык иштер факультети, Эл аралык мамилелер факультети.

Телефон номер:

0770630709

Буюртмачы:

ОшМУ

Каржылоо булагы:

грант

Каржы-н башка булактары (эгер бар болсо):

Сметалык баасы:

1082000

Долбоордун бардык чыгымдар менен баасы:

0

Зарыл болгон инвестициянын суммасы:

0

Долбоордун башталышы:

2023-08-01

Долбоордун аякталышы:

2025-01-31


Долбоордун сыпаттамасы


Изилдөөнүн кыскача аннотациясы (актуалдуулугу 200 сөздөн кем эмес): Бул изилдөө майыптуулугу бар жаштардын билим алууга жана ишке орношууга болгон муктаждыктарын, маалыматка жеткиликтүүлүктүн жоктугуна, ошондой эле Кыргызстандын түштүгүндөгү окуу жана жумуш издөө процессине таасир этүүчү факторлорду изилдөөгө мүмкүндүк берет Кыргызстандын түштүгүндөгү майыптуулугу бар адамдар менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуу, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн билим алуусуна жана ишке орношуусуна жеткиликтүүлүк проблемаларын сандык жана сапаттык ыкмасы менен изилдөө болуп саналат Жыл сайын майыптуулугу бар адамдардын саны көбөйүүдө . 2020-жылы майыптуулугу бар адмдардын саны 196,443 адамды түзсө , 2022-жылы 205,556 адам 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдар 36288-жылы 2022 адамды түзөт. Эки жылдын ичинде 2801 бала көбөйдү. Бүгүнкү күндө алар мамлекеттик деңгээлде колдоого алынып, социалдык кызматтарга жетүү белгилүү деңгээлде орнотулган. Бирок, билим берүү жана ишке орноштуруу жаатында бир катар көйгөйлөр бар. Алардын бири маалыматтык-консультациялык жардам көрсөтүү болуп саналат. Изилдөөнүн натыйжасында майыптуулугу бар жана аз мобилдүү жаштарга билим берүүдө инклюзивдик билим берүү каражаттары жана коомдогу жеткиликтүү чөйрө түзүү БУУнун “Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын”, мамлекеттик социалдык жана өнүгүү программаларынын талаптарына ылайык болушу жана бул билим берүүгө заманбап гуманисттик мамилени калыптандыруу зарыл экендигин аныктоо. Ал студенттердин ар түрдүүлүгүнө позитивдүү мамиле жасоону жана адамдын жеке өзгөчөлүктөрүн көйгөй катары эмес, майыптуулугу бар адамдар менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды биргелешип, кошуп окутууну кенейтүү жана иш менен камсыз болуусуна мүмкүнчүлүгү катары кабыл алууну туюндурат, жана ушул изилдөөнүн негизинде Скопус журналга илимий макала даярдоо жана жарыялоо.

Акыркы 5 жыл ичинде аткарган долбоорлор боюнча маалымат: Изилдөөнүн натыйжасында майыптуулугу бар жана аз мобилдүү жаштарга билим берүүдө инклюзивдик билим берүү каражаттары жана коомдогу жеткиликтүү чөйрө түзүү БУУнун “Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын”, мамлекеттик социалдык жана өнүгүү программаларынын талаптарына ылайык болушу жана бул билим берүүгө заманбап гуманисттик мамилени калыптандыруу зарыл экендигин аныктоо. Ал студенттердин ар түрдүүлүгүнө позитивдүү мамиле жасоону жана адамдын жеке өзгөчөлүктөрүн көйгөй катары эмес, майыптуулугу бар адамдар менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды биргелешип, кошуп окутууну кенейтүү жана иш менен камсыз болуусуна мүмкүнчүлүгү катары кабыл алууну туюндурат, жана ушул изилдөөнүн негизинде Скопус журналга илимий макала даярдоо жана жарыялоо.

Долбоорду изилдөөнүн максаты,милдети жана объектиси: Изилдөө максаты жана милдеттери: Максаты:Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдар үчүн жогорку билимдин жеткиликтүүлүгүндөгү жана жумушка орношуусундагы көйгөйлөрдү ачып берүү. Жогорку кесиптик билим берүүнүн жана жумушка орношуу маалыматтарына жеткиликтүүлүк деңгээлин объективдүү баалоо, ошондой эле майыптуулугу бар жаштар үчүн окуу жана жумуш издөө процесси үчүн төмөнкү маселелерди чечүү керек: 1) майыптуулугу бар жаштарды окутуу жана ишке орноштуруу процессинде маалыматка жетүүгө таасир этүүчү факторлорду талдоо, негизги себептерди аныктоо; 2) ЖОЖдорго тапшыруунун учурдагы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулуктун деңгээлин, ошондой эле майыптуулугу бар бүтүрүүчүлөрдүн окутуу жана ишке орноштуруу процесстериндеги маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнө канааттануусун баалоо ; 3) майыптуулугу бар жаштар үчүн ЖОЖдордун билим берүү процессинин маалыматтарынын жеткиликтүүлүк деңгээлин баалоо, жеткиликтүү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө тоскоол болгон кыйынчылыктарды аныктоо; 4) ЖОЖдордун студенттерди жана майыптуулугу бар жаштарды окутууга методикалык (иштелип чыккан атайын окуу пландарынын болушу, майыптуулугу бар студенттерди социалдык адаптациялоо боюнча иштерди жүргүзүү ж. б.) жана материалдык-техникалык даярдыгын баалоо; 5) майыптуулугу бар жаштарды/бүтүрүүчүлөрдү андан ары ишке орноштуруу боюнча ЖОЖдор тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун кароо; 6) изилдөөнүн негизинде Скопус Q1 же Q2 журналдарга илимий макала жазуу жана аны жарялоо; Изилдөөнүн обьекти – Майыптуулугу бар жаштардын ЖОЖдордогу окутуу жана ишке орноштуруу процесси жана алардын маалыматка жеткиликтүүлүгү.

Долбоордун идеясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана изилдөөнүн методу: Ататайын иштелип чыккан сурамжылоого(анкеталарга) офлайн (эгерде майыптуулугу бар адамдарда ынгайсыз шарттар жаралса, анда онлайн) Кыргызстандын түштүгүндөгү мамлекеттик университеттер, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар/ишканалар, мекемелер, өкмөттүк эмес уюмдар, ошондой эле майыптуулугу бар жаштар, ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр, университеттин окутуучулары тартылат. Изилдөө ыкмасы: Изилдөөдө негизинен майыптуулугу бар жаштарга ЖОЖдордо инклюзивдик аянтчаны жана жеткиликтүү чөйрөнү түзүү маселесинин майыптыгы бар жаштар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн көйгөйлөрү жөнүндө сандык жана сапаттык изилдөө ыкмасы менен социологиялык талдоого алынат. • Майыптуулугу бар жаштар үчүн жогорку билимдин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган чаралар боюнча мугалимдер, майыптуулугу бар адамдардын уюмдарынын өкүлдөрү жана ЖОЖдун администрациялары менен эксперттик интервьюлар (10-15 эксперт); • Майыптуулугу бар студенттердин/жаштардын кейси (8 адам) • Майыптуулугу бар жаштар үчүн жогорку окуу жайдын жеткиликтүүлүгү жана ишке орношуу көйгөйлөрү боюнча сурамжылоо (450 адам); • Майыптуулугу бар студенттердин ата-энелеринин (камкорчуларынын жана мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) майыптуулугу бар жаштар үчүн жогорку окуу жайларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелери боюнча сурамжылоо (450 адам);

Долбоордун башка өзгөчөлүктөрү: Виртуалдык платформа жана мультидисциплинардык борбор (веб-сайт, маалымат базасы, өнөктөштөрдүн чөйрөсү) түзүлүүдө жана аларды ишке орношууга, ошондой эле ар кандай курстар, стажировкалар жана майыптуулугу бар жаштарды ишке орноштуруу менен билим берүүгө көмөктөшөт. Кыргызстандын түштүгүндогү майыптуулугу бар жаштардын жашоо-ишмердүүлүк шарттарын жакшыртуу, жагымдуу шарттарды түзүү. Изилденген теманын алкагында Q1,Q2 даражасындагы Scopus базасында индекстелген журналдарында макаланын жарыялоо.

Долбоордун темасы боюнча илимий иштердин байланышы: Долбоор Социалдык иштер кафедрасынын илимий изилдоо темасы менен тыгыз байланышта. Социалдык иштер кафедрасынын илимий темасы: «Дүйнөлүк жана улуттук деңгээлдеги социалдык иштердин перспективалары жана модернизациясы». Изилденген теманын алкагында Q1,Q2 даражасындагы Scopus базасында индекстелген журналдарында макаланын жарыяланышы. Социалдык иштер багытындагы магистратура жана бакалавр баскычтарында окуган студентттердин/магистранттардын магистрдик жана квалификациялык иштердин даярдалышы. Кафедранын илимий изилдоо темасынын мазмуну: Кыргыз Республикасынын коомунун социалдык бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Социалдык ишти өнүктүрүү үчүн заманбап контекст көп жагынан карама-каршы келет, байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым коомдо, кирешенин деңгээли менен ишке орношуу, социалдык коргоо, билим берүү, жана башкалар. Социалдык жыргалчылыкка тиешелүү заманбап, эл аралык маалыматтардын практикада туура колдонулбашы: муктаждыктар, коомдун өнүгүүсүнүн бардык деңгээлдериндеги өсүштүн мүнөздөмөлөрү. Негизги багыттары: - Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен тиешелүү түзүмдөрдү тартуу менен өлкөнүн региондорун өнүктүрүүнүн учурдагы абалына диагностика жүргүзүү жана артыкчылыктарды аныктоо. - Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн негизги факторлорунун таасири: социалдык-технологиялык модернизация, социалдык-экономикалык, социалдык-укуктук, социалдык-психологиялык, социалдык-медициналык, социалдык-педагогикалык мамиленин сапаты жана өсүү, алдыңкы чөйрөдөгү инновациялардын толкуну. дүйнө өлкөлөрү мамлекеттен болуп жаткан кардиналдуу өзгөрүүлөргө реакция жасоону жана оор турмуштук кырдаалга туш болгон адамдардын социалдык абалынын өнүгүү процессин кайра курууну талап кылууда. - Негизги мамлекеттик органдар – Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Юстиция министрлиги менен биргелешкен ишти түзүү жана чыңдоо. , жана башкалар. - Социалдык проблемаларды, аларды чечүү жолдорун илимий жана практикалык изилдөө, социалдык иштин ата мекендик жана эл аралык теориясы менен практикасын изилдөө. Азыркы өзгөрүп жаткан коомдо социалдык ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн оптималдуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу социалдык иштин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Максаты жана милдеттери: Эл аралык тажрыйбаны жана биздин коомдун өзгөчө өнүгүшүн эске алуу менен социалдык коргоону стандартташтыруу. Нагизги милдеттери: - турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын социалдык абалынын өзгөрүшүнүн жана өнүгүшүнүн негизги факторлорун аныктоо үчүн өлкөнүн региондорунун өнүгүү абалына диагностика жүргүзүү; - мамлекеттик органдар менен биргелешип изилдөө иштерин жүргүзүү; - азыркы өзгөрүп жаткан кыргыз коомунун социалдык көйгөйлөрүнө илимий практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү; - изилдөөнун жыйынтыгында отчетторду, окуу-усулдук колдонмолорду, окуу колдонмолорун жана китептерди чыгаруу. Күтүлүүчү натыйжалары: - жаңы шарттарда республикалык жергиликтүү деңгээлде социалдык ишти өнүктүрүү жана модернизациялоо корутундусунун илимий корутундулары; - калктын ар кандай топтору менен социалдык ишти модернизациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; - мекеме - уюмдарда, ЖОЖдордо социалдык иштердин келечеги боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; - социалдык иштер боюнча китептер үчүн илимий жана редакциялык колдонмолор иштелип чыгат жана анын натыйжалары студенттерге, окутуучуларга, социалдык кызматкерлерге жана башка кызыккан адамдарга сунушталат жана колдонулушу мүмкүн.

Изилдөө долбоорунун натыйжасы: 1. Sсopus журналдарына макала жарыяланат. 2. 1 магистрдик диссертация, 1 квалификациялык иш даярдалат. 3.Виртуалдык аянтча жана мультидисциплинардык борбор (веб-сайт, маалымат базасы, түзүлгөн өнөктөштөрдүн чөйрөсү), бул ишке орношууга жардам берди, ошондой эле ар кандай курстар, стажировкалар жана майыптуулугу бар жаштарды ишке орноштуруу менен билим берүү жагынан колдоо көрсөтүү. 4. Майыптуулугу бар жаштарды өз алдынча жумуш издөө жана ийгиликтүү ишке орноштуруу көндүмдөрүнө үйрөнүшөт. 5. Майыптуулугу бар студенттер менен билим берүү иштеринде окутуучулардын квалификациясын жогорулатат. 6.Университеттердин окуудан өткөн административдик кызматкерлери. 7. Кыргызстандын түштүк аймагында долбоордун натыйжаларын жана тажрыйбаларын бөлүшүү боюнча долбоорлор.

Файлдын аталышы Көрүү
project_proposal_Updated2.docx