Тitl

“Эл арасындагы чыгыш (чагатай, фарси, араб, түрк) тилдериндеги кол жазмаларын топтоо, ОшМУнун базасында чыгыш тилиндеги кол жазмалар фондун уюштуруу, кыргыз тилине которуу жана китеп кылып чыгаруу”. (Чыгыш таануу кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы сунуштаган долбоор).


Долбоордун жетекчиси:

Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, доцент Эркебаев Э.М. Долбоордун мүчөлөрү: 1. Бөтөнөев Ж.С., тарых илимдеринин кандидаты, доцент; 2. Абытов Б.К., тарых илимдеринин доктору, профессор; 3. Носиров Ш.И., улук окутуучу, чыгыш таануучу; 4. Ниёзов А.И., окутуучу, чыгыш таануучу

Долбоорду алып чыккан факультет:

Чыгыш таануу институту

Телефон номер:

0770484484

Буюртмачы:

ОшМУ

Каржылоо булагы:

ОшМУ

Каржы-н башка булактары (эгер бар болсо):

Сметалык баасы:

812500

Долбоордун бардык чыгымдар менен баасы:

812500

Зарыл болгон инвестициянын суммасы:

0

Долбоордун башталышы:

2023-10-01

Долбоордун аякталышы:

2023-10-01


Долбоордун сыпаттамасы


Изилдөөнүн кыскача аннотациясы (актуалдуулугу 200 сөздөн кем эмес): Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эл арасында чыгыш тилиндеги, тагыраак айтканда чагатай, фарси, араб жана түрк тилиндеги кол жазмалар абдан көп. Ал кол жазмалардын эскилиги жетип, сапаты абдан начарлап, айрылып жок болуу коркунучунда турат. Ал чыгыш тилиндеги кол жазмалардын бүгүнкү күндөгү ээлери же болбосо аларды сактап, бекитип, катып жүргөн жарандар ал кол жазмаларды окуй алышпайт, алар ал кол жазмаларды куран китеп, диний китеп катары гана билишет. Биздин маалыматтар боюнча ал кол жазмаларда чыгыш элдеринин, анын ичинде Кыргызстан тарыхына, кыргыз элинин тарыхына байланыштуу абдан баалуу тарыхый маалыматтар бар экендигинде шегибиз жок. Мына ошондуктан, жогоруда белгилеп өткөндөй эл арасындагы кол жазмаларды топтоп, кол жазмалар фондун уюштуруп, ал кол жазмаларды кыргыз тилине которуп китеп кылып чыгаруу менен кыргыз тарыхынын актай барактарын толтуруу биздин чыгыш таануу кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы үчүн эле эмес, баарыбыз үчүн актуалдуу маселе болушу керек деп эсептейбиз. Биздин чыгыш таануу кафедрабыздын негизги миссияларынын бири дагы, дал ушул чыгыш тилиндеги тарыхый булактарды кыргыз тилине которуп, келечек муундарга өткөрүп берүү.

Акыркы 5 жыл ичинде аткарган долбоорлор боюнча маалымат:

Долбоорду изилдөөнүн максаты,милдети жана объектиси: Биздин чыгыш таануу кафедрабыздын профессордук-окутуучулук курамы сунуштап жаткан долбоордун негизги максаты жогоруда белгилеп өткөндөй, эл арасындагы чыгыш тилиндеги, тагыраак айтканда чагатай, фарси, араб, түрк тилдериндеги кол жазмаларды топтоп, кол жазмалар фондун уюштуруп, аларды кыргыз тилине которуп, китеп кылып чыгарып, кыргыз тарыхынын актай барактарын толтурууга өз салымыбызды кошуу. Долбоордун милдеттери:  Эл арасындагы чыгыш тилиндеги кол жазмаларды топтоо;  ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун базасында чыгыш тилиндеги кол жазмалар фондун уюштуруу;  Чыгыш тилиндеги кол жазмаларды кыргыз тилине которуп, китеп кылып чыгаруу;

Долбоордун идеясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана изилдөөнүн методу:  Модернизация методу;  Архивдерде иштөө методу;  Талаа материалдарын топтоо методу.  Интервью методу;

Долбоордун башка өзгөчөлүктөрү: Бул долбоордун биринчи өзгөчөлүгү буга чейин Кыргызстанда бул темада бир да жолу атайын илимий изилдөө иштери жүргөн эмес. Экинчи өзгөчөлүгү, эгерде долбоор колдоого ээ боло турган болсо, анда алгачкы жолу Ош мамлекеттик университетинин базасында чыгыш тилдериндеги кол жазмалар фонду түзүлүп, иштеп баштамак эле.

Долбоордун темасы боюнча илимий иштердин байланышы: Биздин сунуштап жаткан долбоорубуздун темасы чыгыш таануу кафедрабыздын илимий изилдөө темасы менен түздүн түз байланыштуу. Кафедранын илимий изилдөө темасы “Кыргызстандагы чыгыш таануунун жана африка таануунун актуалдуу маселелери” деп аталат.

Изилдөө долбоорунун натыйжасы:  Эл арасындагы чыгыш тилдериндеги кол жазмалар чыгыш таануу кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан топтолот;  ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун базасында чыгыш кол жазмалар фонду уюштурулат;  Чыгыш тилдериндеги кол жазмалар кыргыз тилине которулуп, китеп болуп чыгат;  Кыргыз тарыхынын актай барактары толукталып жазылат.

Файлдын аталышы Көрүү
Изилдөө компоненттери Чыгыш таануу.docx