Тitl

“Өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу менен жабыркаган оорулуулардын (ӨӨБО) кандагы кабылдоо маркерлерин (маркеры воспаления) изилдөө”


Долбоордун жетекчиси:

ОшМУнун 4 курс аспиранты Ажимаматова Р. М.

Долбоорду алып чыккан факультет:

Эл аралык медицина

Телефон номер:

+996559394923

Буюртмачы:

Каржылоо булагы:

ОшМУ

Каржы-н башка булактары (эгер бар болсо):

башка каржы булак жок

Сметалык баасы:

1322000

Долбоордун бардык чыгымдар менен баасы:

1322000

Зарыл болгон инвестициянын суммасы:

1322000

Долбоордун башталышы:

2023-07-23

Долбоордун аякталышы:

2025-01-23


Долбоордун сыпаттамасы


Изилдөөнүн кыскача аннотациясы (актуалдуулугу 200 сөздөн кем эмес): Өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу (ӨӨБО) өлүмдүн себеби боюнча дүйнө жүзүндө үчүнчү орунга чыкты. Дуйно жүзүндөгүдөй эле, Кыргызстанда дагы оорулуулардын саны акыркы жылдары кескин көбөйүүдө. Эмне үчүн ӨӨБО актуалдуу? Кыргызстандыктарды аталган ооруга дуушар кылуучу төмөнкү факторлорду айтсак болот.  Аталган оорунун кесепетинен өлгөндөрдүн 90% кедей жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө туш келет. Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарын толуктайт.  Тоолуу аймакта жашагандарда, деңиз деңгээлинен төмөн жашагандарга караганда өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу көбүрөөк таралган. Кыргызстандын калкынын көпчүлүгү деңиз деңгээлинен 2400 м бийик жайгашкан аймактарда жашайт.  Аталган оору - системалык оору. Акыркы изилдөөлөр боюнча, бул оору дээрлик бардык органдарды жана системаларды жабыркатат. Учурда диагноз коюда жана дарылоо учурунда дем алуу системасына гана басым жасалууда жана оорунун системалуулугуна конул бурулбай келет. Нейтрофил/лимфоцит катышы, эозинфил, фибриноген жана прокальцитонин кандагы кабылдама маркерлорунун арасынан жеткиликтүү жана информативдүү болуп эсептелет. Акыркы учурда ӨӨБОнун системалуугун тастыктаган изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Кандагы кабылдама маркерлер ӨӨБОнун белгилери пайда боло электе кооптуу фактору бар адамдарда жогору экендиги аныкталган. Тамеки тарткан адамдарда кандагы кабылдама көрсөткүч катары фибриноген изилденген жана аларда тамеки тартпагандарга караганда фибриногендин деңгээли жогору болгондугу табылган. Кандагы сезгенуу маркерлорун аныктоонун артыкчылыктары:  эң жөнөкөй ыкма колдонулат  татаал процедура талап кылынбайт  каршы крсөтмөлөр салыштырмалуу жок  оорулуунун жалпы абалын аныктоого жакшы маалыматты бере алат Андыктан, өпкөнүн функционалдык абалын жана оорулуунун жашоо сапатынын көрсөткүчтөрүн чагылдыруучу кандагы кабылдама маркерлорду изилдөө учурдун талабы. Кыргызстанда бул оору боюнча кан анализдерине багытталган изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Бул доолбордун негизинде илимий макала да жазылат жана Скопус базасындагы журналдардын биринде жарыяланат. Ошондуктан бул долбоор теориялык жана практикалык жактан да абдан маанилүү.

Акыркы 5 жыл ичинде аткарган долбоорлор боюнча маалымат: 1. Министрлик жана ERASMUS тарабынан уюштурулган “Скопус базасындагы журналдарга макала жарыялоо” проекттин катышуучусу (2023) 2. Эл аралык BERNICA проектинин Нутрициология боюнча катышуучусу (2023) 3. Англис тилин жакшыртуу боюнча ERASMUS проектинин катышуучусу (2020)

Долбоорду изилдөөнүн максаты,милдети жана объектиси: Долбоордун максаты: ӨӨБОнун системалуулугун чагылдыруучу кандагы кабылдама маркерлерди изилдөө жана илимий макала Скопус журналда жарыялоо. Долбоорду аткаруудагы объекти: ӨӨБО менен жабыркаган оорулууларуулар. Оорунун системалуулугуна багытталган кан анализдериндеги кабылдама маркерлер (фибриноген, СРБ, нейтрофил/лимфоцит катышы, прокальцитонин ж. б) жана алардын өпкө функцияларына байланышы. Оорулуунун жалпы абалын чагылдыруучу көрсөткүчтөр. (кычкылтек сатурациясы, дем кысылуу, физикалык кыймылдын чектелиши )

Долбоордун идеясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана изилдөөнүн методу: Долбоор ОшМУнун клинкасында жана ОМОКБ базаларында жүргүзүү пландаштырылууда. ОшМУнун клиникасынын базасы долбоорду ишке ашырууда мүмкүнчүлүктү кеңейтет. ОМОКБнын базасында оорулуунун саны көп болгондуктан жетиштүү сандагы материалды жыйноого мүмкүнчүлүк берет. ӨӨБО менен жабыркаган 200 оорулуунун канындагы кабылдама биомаркерлер изилденет. Оорунун стадиялары GOLD рекомендациясына жараша стадиясы аныкталат. Логистикалык регрессия анализинин жардамында кабылдама маркерлор (нейтрофил/лимфоцит катышы, фибриоген) жана оорунун стадиясынын көрсөткүчтөрү (кычкылтек сатурациясы, дем кыстыгуу жана физикалык активдүүлүктүн чектелиши) изилденет. Ал эми чогултулган берилмелерди (данные) анализдөөдө Статистикалык алдыңкы методдор колдонуат, мисалы корреляция, Хи квадратное, жана логистикалык регрессионные методтор колдонулат.

Долбоордун башка өзгөчөлүктөрү:

Долбоордун темасы боюнча илимий иштердин байланышы: Бул темада эл аралык журналдарга жазылган адабиятка кыскача сереп сала турган болсок, төмөндөгүдөй жыйынтыкка келсек болот. Дароо белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстанда бул темада жазылан илимий макалалар жокко эсе. Изилдөөлөрго таянсак, ӨӨБО стадиясынын жогорулашы менен фибриногендин денгээлинин түздөн-түз байланышы бар экендигин көрсөттү. (Singh et al., 2021). Белгилүү болгондой, тамеки тартуу ӨӨБО пайда болушунун эң негизги себеби эсептелет. Дени сак адам менен тамеки тарткан адамдардын канындагы фибриногенди салыштырган убакта, экинчи группадагы адамдарда фибриноген (Фб) бийигирээк экени байкалган (Van Dijk et al., 2013). Башка изилдөөдө катышуучуларды фибриноген 3,5төн төмөн жана жогору болгонуна карап эки группага бөлуп, кайсы группадагы адамдарда өлүм көп катталгандыгын салыштырган. Жыйынтыгында фибриогендин деңгээли 3,5 тен жогору болгон группада өлгөндөрдүн саны көп болгондугу тастыкталган (Singh et al., 2021) . ФБ жогорулашы менен келээрки 12 айдын ичинде оорулуунун ооруканада дарылануусунун зарылчылыгы жогорулайт (Mannino et al., 2014). Фб дин деңгээли төмөн болгон учурда 12 айдын ичинде 70% оорулуу госпитализацияга муктаж болгон, ал эми жогорку денгээлде болсо 75% ооруканада дарылануусу кажет болгон (Mannino et al., 2014). ӨӨБОсу менен жабыркагандар КОВИД илдети менен ооруган убакта башка маркерлер менен катар ФБ оорулуунун абалын аныктоочу негизги потенциалдуу параметр болгон. (Mim et al., 2023) Булактар: 1. Mannino, D., Tal-Singer, R., Lomas, D., Vestbo, J., Barr, G., Tetzlaff, K., Lowings, M., Rennard, S., Snyder, J., Goldman, M., Martin, U., Merrill, D., Martin, A., Simeone, J., Fahrbach, K., Murphy, B., Leidy, N., & Miller, B. (2014). Plasma Fibrinogen as a Biomarker for Mortality and Hospitalized Exacerbations in People with COPD. Chronic Obstructive Pulmonary Diseases: Journal of the COPD Foundation, 2(1), 23–34. https://doi.org/10.15326/jcopdf.2.1.2014. 2. Mim, F., Reza, S., Khalil, I., Karim, N., Shahjalal, H., Hossain, I., & Hossain, S. (2023). Assessment of Serum Electrolytes , Biochemical , and Inflammatory Markers in Predicting COVID-19 Severity in COPD Patients. 792–806. 3. Singh, D., Criner, G. J., Dransfield, M. T., Halpin, D. M. G., Han, M. L. K., Lange, P., Lettis, S., Lipson, D. A., Mannino, D., Martin, N., Martinez, F. J., Miller, B. E., Wise, R., Zhu, C. Q., & Lomas, D. (2021). InforMing the PAthway of COPD Treatment (IMPACT) trial: fibrinogen levels predict risk of moderate or severe exacerbations. Respiratory Research, 22(1), 1–14. https://doi.org/10.1186/s12931-021-01706-y 4. Sooronbaev, T. M., Uchkempirova, B. K., Shabykeeva, S. B., Myrzaakhmatova, A. K., Кadyraliev, J. K., & Мirrakchimov, M. M. (2008). Prevalence of chronic obstructive pulmonary disease and its major risk factors among the inhabitants of high. Pulmonologiya, 1, 51–56. https://doi.org/10.18093/0869-0189-2008-0-1-51-5 5. Van Dijk, W. D., Akkermans, R., Heijdra, Y., Weel, C. Van, Schermer, T. R., Scheepers, P. T., & Lenders, J. W. (2013). The acute effect of cigarette smoking on the high-sensitivity CRP and fibrinogen biomarkers in chronic obstructive pulmonary disease patients. Biomarkers in Medicine, 7(2), 211–219. https://doi.org/10.2217/bmm.12.112

Изилдөө долбоорунун натыйжасы: Жогоруда белгиленгендей, өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу өлүмдүн себеби боюнча алдынкы орунда турат. Оорулуулардын саны тездик менен көбөйүүдө. Канчалык диагноз коюуда оорулууга системалуу баа берилсе жана дарылоодо системалуу аракет жасалса, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактайбыз. Ошондой эле төмөндө көрсөтүлгөндөй , бул ооруга байланышкан бир нече көйгөйлөрдү чечебиз жана бир канча жетишкедиктерди багындырабыз: Биринчиден, диагноз коюда системалык параметрлер эске алынса, оорулуунун жалпы абалы так аныкталат. Экинчиден, оорунун терс кесепеттерин алдын алууга эффективдүү дарылоо планынын иштелип чыгышына шарт тузулот. Алынган жыйынтыкты Скопус базасындагы журналга макала даярдоого мүмкүнчүлүк болот

Файлдын аталышы Көрүү
сайтка проект.docx