Азык-түлүк коопсуздугу
Долбоор жетекчиси тууралуу маалымат
Жетекчи:
Обдунов Элмурат Абдувапович
Долбоорду алып чыккан факультет,институт:
ОшМУ
Кызматы:
Главный научный сотрудник
Илимий даражасы:
география илимдеринин кандидаты
Илимий наамы:
доцент
Акыркы 5 жылда аткарган долбоорлору:
- 2024-ж. Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланып жаткан "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" долбоорун аткаруучу «Профит-Экспресс» ЖЧК нын эколог-консультанты катары Э.А.Обдунов иш алып барылган; - 2019-2021-ж.ж. БУУда Рим шаарында ФАОнун (дүйнөл
Акыркы 5 жылдагы публикациялардын саны:
SCOPUS: 2
WOS: 1
РИНЦ: 1
SCOPUS ID:
0
ORCID:
0009-0003-6593-9174
Электрондук почта:
obdunov@oshsu.kg
Телефон номер:
+996 500 550 640
Долбоор жонундо жалпы маалымат
Тема:
Азык-түлүк коопсуздугу
Тема англис тилинде:
Food security
Аннотация:
Долбоордун сыпаттамасы: Изилдөөнүн кыскача аннотациясы (актуалдуулугу 200 сөздөн кем эмес): Азык-түлүк коопсуздугунда негизги фактор болуп жер жана суу ресурстары эсептелет. Аны изилдөө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин статистикалык маалыматтарына таянат. Облустар боюнча кунарсыз жерлердин аянты Кыргызстанда 614 миң гектар жайыт жерлери бар. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Ведомстводон билдиришкендей, кунарсыз жерлерди өздөштүрүү жана пайдалануу өлкөнүн айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат. Мындан улам министрлик, райондордун агрардык өнүктүрүү башкармалыктары жана өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып барууга кызыкдар. Облустар боюнча кунарсыз жерлердин аянты: - Ош облусу боюнча 52,2 га, - Жалал-Абад облусу боюнча 92,8 га, - Ысык-Көл облусу боюнча 112,3 га, - Талас облусу боюнча 68,4 га, - Нарын облусу боюнча 136,3 га, - Баткен облусу боюнча 138,4 га, - Чүй облусу боюнча 13,6 га кунарсыз жерлер бар. Кыргызстан боюнча 614 миң га кунарсыз жерди өздөштүрүүдө суу ресурстарын, климаттык ѳзгѳчѳлүгүн, бийиктик алкактуулугун жана топурактын курамын аныктоо менен өсүмдүктөрдүн вегетациялык мезгили эске алынышы керек. Кыргыз Республикасында бүгүнкү күндѳ жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясатка жана талапка ылайык иштерге ошол чөлкөмдѳргө (районго, айылга) тиешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүү менен илимий жана экономикалык жактан аныктама берилет. Мисалы; Баткен областындагы кунарсыз жерлерге ысык температурага жана аз суу ичүүчү мөмөлүү дарактарды эгүү илимий изилдөөлөрдүн негизги обьектиси болуп саналат. Акыркы мезгилде климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен агрометеорологиялык шарттарды изилдеп чыгуу керек. Ал эми Ош областында 52,2 га топурактын составын жана климатын эске алуу менен кунарсыз жерлерди изилдеп, практика жүзүндө ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр бар (ОшМУнун ТТДТТжАТИ). Жалал-Абад областындагы 92,8 га кунарсыз төмөн жерлерди изилдөөдө Ош жана Баткен областарына караганда топурактын жана суу ресурстарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мезофиттүү (нымдуулук шартында жакшы ѳскѳн) өсүмдүктөрдүн санын көбөйтүү максаты колго алынат. Ошондой эле башка региондордон айырмаланып, Чүй областындагы 13,6 га аймактарда жер алдындагы суулардын жер кыртышына жакын жайгашуусу менен топурактын литологиялык составынын айырмачылыктарына байкоо жүргүзүлөт. Ал эми Нарын 136,3 га жана Ысык-Көл 112,3 га областындагы жер фондун аныктоодо калктын жыштыгы негизги роль ойнойт. Бул көйгөй бүгүнкү күндө актуалдуу болуп келет.
Аннотация англис тилинде:
Project Description: Brief abstract of the study (relevance not less than 200 words): Land and water resources are the main factors in food security. The study is based on statistical data from the Ministry of Water Resources, Agriculture and Processing I
Ачкыч сөздөр:
Кунарсыз жер, топурак, кайракы жер, бийиктик алкуктуулук, климат, суу ресурсу, жер фонду, өсүмдүктөр.
Ачкыч сөздөр англис тилинде:
Barren land, soil, barren land, altitude, climate, water resources, land fund, vegetation.
Буюртмачы:
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Каржылоо булагы:
ОшМУ
Каржы-н башка булактары (бар болсо):
ОшМУнун ТТДТТжАТИнун ботаникалык багы, дыйкан чарба
Сметалык баасы:
500811
Долбоордун башталышы:
09.01.2025
Долбоордун аякташы:
31.12.2026
Долбоорду сунуштоо
Актуалдуулугу: Бүгүнкү азык-түлүк коопсуздугу дүйнөдө жана Кыргызстандагы актуалдуу маселелердин бири.
Изилдөөнүн учурдагы абалы: Мамлекет тарабынан кунарсыз жерлер аныкталган так маалыматтар болгондуктан, ага илимий-практикалык баа берүү мезгилдин талабы.
Изилдөөнүн максаты: Кунарсыз жерлерди дыйкан жана фермерлерге иштетүүгө багыт берүү.
Күтүлүүчү натыйжалар: Изилдөө долбоорунун натыйжасы: Долбоордун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Министрлер кабинетине илимий багыттагы сунуштарды берүү, сапаттуу азык-түлүктѳрдү ѳндүрүү менен ички жана сырткы рынокко айыл-чарба продукцияларын сапаттуу ѳндүрүүнүнүн ыкмаларын сунуштоо. Иликтөөдөгү материалдар олуттуулугуна карап, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сунушталат. Айыл-ѳкмѳттѳрдѳ, райондордо жана жеке фермерлерге атайын семинарлар өткөрүлѳт. Семинарларда көйгөйлөр талкууланат жана тажрыйбалар аймактарга жайылтылат. Ошондой эле долбоордун материалдары илимий изилдөөлөрдө, окуу китептерин, илимий-популярдуу эмгектерди жазууда, мамлекеттин жана элдин жашоо шартын жакшыртуу боюнча окуу курстарында жана калктын социалдык абалын изилдөөдө колдонууга багытталат. Изилдөө материалдарын талкууга техника, география, экономика, айыл-чарба жана социология багытындагы илимпоздор жана бул темада изилдөө жүргүзүп жаткан окумуштуулар менен биргеликте илимий (республикалык, аймактык, университеттик, институттук деңгээлде) семинарлар өткөрүлөт. Кунарсыз жерлерде өстүрүүгө боло турган өсүмдүктөрдүн тизмеси толукталат. Долбоордун жыйынтыктоочу этабында изилдөөнүн натыйжалары индекстелген илимий журналга СКОПУСта макала жана отчет жарыяланат. ОшМУга киреше кирет жана долбоорго берилген акча кайтарым менен кайтарылат.
Изилдөө методу: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Суу чарба жана мелиорация департаменти, райондук департаменттер, Мамлекеттик каттоо, Калкты жерге жайгаштыруу кадастрга карап, Мамлекеттик жерди изилдѳѳ иштери институту (гипрозем), Суу проблемалары жана гидроэнергетика институттары менен биргеликте изилдөөнү жүргүзүп, азык-түлүк коопсуздугунун кѳйгѳйлѳрүн чечүүнү аныктай алабыз.
Иш планы (тапшырмалар): Кунарсыз жерлердин деңиз деңгээлинен бийиктигин, вегетациялык мезгилин, климатын, топурактын составын, жер астындагы суулардын жер кыртышында кездешүүсүн, аймактарга ыңгайлуу өсүмдүктүн түрлөрүн, керектөөчүлөрдү таабууну аткарабыз.
| Толук мезгил үчүн | 1 жыл | |
|---|---|---|
| SCOPUS | 2 | 2 | 
| WOS | 2 | 2 | 
| РИНЦ | 2 | 2 | 
| Файлдын аталышы | Көрүү | 
|---|---|
| Тариф.список — 2025.docx |